Райондун төрагасынын Ыраң-Көл жамаатына болгон расмий иш сапары

Райондун төрагасынын Ыраң-Көл жамаатына болгон расмий иш сапары

05-июль 2017-ж. Райондун төрагасы, Тажикстан Республикасынын Оли Мажилисинин Улуттар Жыйынын мүчөсү М. А. Жоошбаев Ыраң-Көл жамаатында расмий иш сапарында болду.

 

Бул иш сапардын негизги максаты аталган жамааттын жашоочулары менен жолугушуп, элдин жашоо-турмушунан кабар алуу менен июль айындагы Ыраң-Көл жамамаатында өткөрүлүүчү “Аксакалдардын слетуна”, өлкө эгемендүүлүгүнүн жылдарындагы “Мал чарбачылыгынын 1-слетуна” жана “Жаштар жылына” карата өткөрүлүүчү жаштардын волейбол оюну боюнча спорт мелдешине карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таашышуу жана көзөмөлдөө болду.

 

Төраганын бул жолугушуусуна жамаат активдери, комиссиялардын жетекчилери, көчө комитеттеринин өкүлдөрү жана АСТЕД уюмунун менеджери С, Таджидинов, райондук Өкүмөттүн экономика бөлүмүнүн башчысы А. Козубековдор катышты. Райондун төрагасы адегенде жамааттын төрагасы К. Раимжановдун негизги билдирүүлөрүн угуп, андан кийин жамаат активдеринен, көчө комитеттеринен иш чаралардын ар бир жагдайы боюнча кеңири маалыматтарды алды жана тиешелүү көрсөтмө-тапшырмаларды, сунуштарды берди. Жыйындын катышуучуларынын суроо-талаптарын угуп, ар бирине тиешелүү жоопторун берүү менен, суроо-талаптарды көзөмөлгө алуу боюнча иш чараларды белгиледи.

 

Райондун төрагасы жолугушуунун жүрүшүндө Улут ажосу, урматтуу Президентибиздин, Тажикистан өкмөтүнүн Мургаб районуна көрүп жаткан камкордугуна, райондогу түрдүү эко- номикалык өсүштөргө кеңири токтолду. Жолугушуунун аягында жамаатагы уюм-мекемелердин жетекчилерин, активдерин жана жалпы Ыраң-Көлдүктөрдүн алдында турган иш чараларды жакшы өткөрүп алууларына тилектештигин билдирип, ошону менен катаркоюлган милдеттерди абийирдүүлүк, чоң жоопкерчилик менен аткарууга чакырды жана буга ишеничин билдирди. Андан соң жарандарды жеке кабыл алып, кайрылууларын укту. Райондун төрагасы М. А. Жоошбаев жолугушуудан кийин жамааттагы килем согуу цехинде болуп, анын чебери Айсалкын Назировалар менен килем согуу, бул кичи ишкананын ишин өнүктүрүү, даярдалган килемдердин сапаты, аларды сатуу жана кардарларды тейлөө, жаңы жумушчу орундарды уюштуруу маселелери боюнча ой бөлүштү.

 

Ниязбеков Г. С.

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены