Памирлик боордоштордун улуу мекендеги түгөнбөс көйгөйлөрү качанга чейин созулат

Памирлик боордоштордун улуу мекендеги түгөнбөс көйгөйлөрү качанга чейин созулат

Дүйнөнүн төрт бурчуна барба кыргызды табасың, кыргыз кырк урууга бөлүнөт деген кепке аргасыз ынанасың. Айтайын дегеним биз кыргыздар көчмөн элбиз. Көчүп конуп жүрүп Улуу Памир тоосун дагы жердеп калган бир ууч кыргыз боордошторубуз бар. Алар тээ илгерки атам замандан бери жашап Памир тоолорунун арасында.

 

Аларды Ооган кыргыздары деп дагы атайбыз. Бул жердин аба ырайы абадан оор, климаты катаал аймак, шарты жок, суук, деңиз денгеелинен 4500 метрден биийк жайгашкан. Ушул оор климаттуу жерде мал чарбачылык менен алек болуп, өзүнүн салтын, тилин , динин чанбай, жоготпой күн кечирип келишет биздин оогандык кыргыздар.

 

Кыргыз мамлекети аларга тамак-аш, кийим кече жана башка материялдык жардам көргөзүп келген. 2016 жылы А.Атамбаевтин президенттик учурунда Памирлик кыргыздардан турган үй бүлөнү Кыргыз мамлекетинин Нарын шаарына көчүрүп келишип отурукташтырып баштаган.

 

Кече жакында ошол памирлик үй бүлөнүн бири Нарын шаарында үйсүз калып жардам сурап кайрылуу жасаган. Памирден келип Нарын шаарында жашап жаткан бул үй бүлө батирде турушкан, алардын батирин, светин шаардык мерия каржылап турган батир ээси үйүн сатканын айтып алардын үйдөн чыгуусун талап кылат, видеодо кайрылган Рамазан аттуу 25 жаштагы бала тогуз бир туугандын улуусу, апасы майып тилден калып сүйлөй албайт, кичүү иниси дагы майып, калган ини карындаштары интернатта билим алууда. Оор жумушта иштеп тамак ашка акча табып үй бүлөнүн чыгымын каржылаган жалгыз Рамазан мырза. Анын айтуусу боюнча 2018 жылы 10 үй бүлө Памирден көчүрүлүп келинген, аларды ар кайсы айылга, шаарга жайгаштырган. Бул үй бүлө Нарын шаарына туш келген.

 

pamirlik-boordoshtordun-uluu-mekendegi 2 pamirlik-boordoshtordun-uluu-mekendegi 3

 

Оогандык кыргыздарга бир эле өкүмөт жардам бербестен ар бир кыргыз колдоо көргөзүүгө милдеттүү, алардын бөтөн жерде тилин, салтын жоготпой, кыргыз экенин далилдеп жашаганы бул чоң байлык болуш керек кыргыздар үчүн. Ал эми аларды ыссык ордун суутуп алып келип алган соң, колдон келген жардамыбызды аябашыбыз керек, башка деле нерселерге 100 миңдеп, миллиондоп спонсор болуп жатпайбызбы анан ушул өзүбүздүн боордошторубузга кантип колдоо көргөзбөйлү.

 

Кыргызмын патриотмун деген көкүрөк каккан жарандар биздин чыныгы Памир нукура кыргыздарын гүлдөй кылып батырып алсак, жардам көргөзсөк башка өлкөгөда үлгү болмокбуз, башка жердеги кыргыздарын да жүрөгүндө оту жанмак. “Жат жарытпайт, өз өлтүрбөйт”- демекчи алар өзүбүздүн кыргыздар.

 

P.S Материал даярланып жатканда акыркы маалымат болду, ушул үй-бүлөөгө Кара-Балтадан үй белек кылышып көчүрүп келүүдө деген...

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены