Памирдеги (Ооганстан) этникалык кыргыздардан дагы 30 үй-бүлөнү алып келүү маселеси каралат

Памирдеги (Ооганстан) этникалык кыргыздардан дагы 30 үй-бүлөнү алып келүү маселеси каралат

Кыргызстанда жашап жаткан памирлик кыргыздардын өкүлү Молдо Абдул Хак Памирдеги кыргыздардын атынан Чоң жана Кичи Памирдеги (Ооганстан) этникалык кыргыздардан дагы 30 үй-бүлөнү кабыл алууну суранды. Мындай суранычын бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев жана миграция маселелери боюнча адистердин катышуусундагы жолугушууда айтты. Бул жолугушууга памир кыргыздарынын өкүлү Памир Абдул Вахид да келгенин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

«Жолугушууда Б.Ибраимжанов өкмөттүн "Кайрылман" программасын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар, Кыргызстанга көчүп келип жаткан этникалык кыргыздарга карата мамлекеттик кепилдиктер, анын ичинде 2017-жылы Кичи Памирден келген 10 үй-бүлөгө көрсөтүлгөн жардамдар, алардын Нарын облусунун аймагына жайгаштырылганы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кайрылмандардын укуктук макамын аныктоо процесси жүрүп жатат.

 

pamirdegi-ooganstan-etnikalyk-kyrgyzdardan-dagy-30 2 pamirdegi-ooganstan-etnikalyk-kyrgyzdardan-dagy-30 3

 

Болот Ибраимжанов Кыргызстан памирлик боордоштор үчүн дайыма ачык экенин белгилеп, бирок Тышкы иштер министрлиги аркылуу Ооганстандын расмий бийлиги менен бул маселени сүйлөшүү керектигин билдирди.

 

pamirdegi-ooganstan-etnikalyk-kyrgyzdardan-dagy-30 4Көтөрүлгөн маселени жыйынтыктаган депутат Аида Исмаилова этникалык кыргыздар кабылып жаткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мындай талкуулардын маанисине токтолуп, Памирдеги (Ооганстан) этникалык кыргыздардын дагы 30 үй-бүлөсүн кабыл алып, легалдаштыруу маселеси Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинде карала турганын, анын жыйынтыгы менен өкмөткө тиешелүү тапшырма бериле турганын белгиледи», - деп айтылат билдирүүдө.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены