Памирдеги ичкилик уруулары

Памирдеги ичкилик уруулары

Полковник В.Н.Зайцев «Памир өлкөсү — Туркистандын борбору» аттуу эмгегинде Памирдеги ичкилик тобун төмөндөгүдөй аймактарда жайгаштырат:

 

Мургаб аймагында дурбаиль (дүрбөөл), науруз (нооруз), текрен, чапкынды, чал-тейит, кыпчак, кара-тейит, Ак-Таш аймагында алапа-ичкилик, шаим, кучкар, утумчи, бука, кизилъбаш, найман, кисак (кесек), кутан,

Ранг-Көл аймагында саратаит (сары тейит - Н.Т.), чегетыр, бустан (бостон - Н.Т.), чечарак, найман-кыпчак,

Аличур аймагында айжеке, олжоке, жапанчы, итурчак, кыпчак, кизыл аяк жана казыке.

Мындай уруулардын аттарын атоо менен бирге алардын канча түтүн, канчасы эркек жана аял, жылкы, төө, кой жана эшектеринин санын таблица аркылуу көрсөтөт.

 

Демек, жогоруда аталган уруу жана уруктардын аталышынын негизинде Памир болуштугунда ошол убакта ичкиликтин кесек, кыпчак, найман, тейит, төөлөс уруулары жашап турушкан.

 

Чыгыш таануучу, Памирди изилдөөчү, орустун генерал-майору А.Г.Серебренников «Памирлик кыргыздар негизинен төмөндөгүдөй төрт урууга тиешелүү: тейит, хыдырша, найман жана кыпчак, алардын биринчи экөөсү Памирдин батыш жана түштүк-батышында, калгандары түндүк-чыгышында көчүп-конуп жүрүшөт». Ошондой эле ал Памирдин чыгыш бөлүгүндө жашаган кыргыздардын саны 2221, алардын ичинен 1118 эркек жана 1033 аял деп белгилейт.

 

1891-жылкы Памир-Алай экспедициясынын катышуучусу врач К.К.Казанский «Памирдин жанында» аттуу эмгегинде «Алайда кыргыздын үч уруусуна тиешелүү болгон 17 ОООге жа-кын боз үйлүү кыргыздар көчүп-конуп жүрүшөт. Бул жердин жогорку жана чыгыш бөлүгуү Баш-Алай деп аталып, мында монгуш менен адигине, ал эми батыш бөлүгүн ичкилик уруулары ээлешет. Алар сан жагынан монгуш менен адигине урууларын кошкондо үч эсе көп».

 

Швед окумуштуусу Свен Гедин 1893-1897-жылдары Азияга болгон экспедициянын натыйжасында «Азиянын жүрөгүндө. Памир-Тибет-Чыгыш Түркстан» аттуу эмгегин жаратат. Аталган эмгекте этникалык жактан Алайдын калкын төмөндөгүчө жайгаштырат:

 

Дараут-Коргондо, Туз-Дарада жана Алтын-Дарада -тейит уруусу,

Кашка-Сууда - тейит жана чал тейит,

Көк-Сууда - найман,

Каратегинде - кыпчак, найман жана кара тейит уруулары жашайт.

 

Ошондой эле Кытай Памиринде Кичи Кара-Көлдүн түштүгүндө 300 (60 түгүн) тейит уруусунун өкүлдөрү,

 

Контой өрөөнүндө кара тейит уруусу,

Мустаг-Ата тоосунун жанындагы Торген-Булак деген жерде жана Мужи жайлоосунда 60 үйлүү найман уруусу жайлашарын белгилейт.

Мындан сырткары Памирде жашаган ичкилик урууларынын каада-салтын, социалдык турмушун, үй-тиричилигин, тамак-ашын, үйлөнүү үлпөтүн жана өлүк көмүүсүн өз эмгегинде чеберчилик менен чагылдырган.

 

XIX кылымдын аягында Памирге келген англис саякатчысы Лорд Дунмор Памирде жашаган кыргыздарды төрт бөлүккө бөлөт: найман, кыпчак, тейит жана кесек.

Найман өзүнчө төрт урукка бөлүнөт: кон (кон), босторгой, мырза, кийик.

Кыпчак уруусу үч урукка: сарт, кыргыз кыпчак, калта байтал.

Тейиттер эки урукка: кара тейит жана сары тейит.

Кесектер үч кичине урукка: бостон, кидиршах (кыдырша - Н.Т.), кхандех (канды - Н.Т.).

Лорд Дунмор кыпчактардагы кара байтал деген уруусун калта байтал деп алмаштырып, туура эмес жазат, бул урук негизинен Кытайда жашайт.

 

Италиялык саякатчы Феликс Рокка «Алайдан Амур дарыясына чейин» деген китебинде Памир жана Алай кыргыздары жөнүндө төмөндөгүдөй эскерүүлөрдү калтырган: «Бул тоолуу аймактарды ээлешкен көчмөн кыргыз калкы кара кыргыздар деп аталат. Аларды негизинен мунгуш, адигине жана ичкилик деген үч уруу түзөт.

Мунгуш, адигине уруулары Ош жана Анжиян уезддеринде отурукташса, ичкилик уруусу Маргалан уезди менен Кичи Алай тоолорунда жайгашкан. Бардыгы биригип 75 миңге жакын калкы бар. Чоң Алайда жашаган элдер көбү-несе алачыктардан куралган кыштоолордо турушат. Найман болуштугуна кирген 500 үй-бүлөнүн эки жарым миңге жакын эли бар. Чыгыш тарабынан Кызыл-Ишим, батыш тарабынан Кызыл-Суудан Дараут-Коргонго чейин созулган аймактын ар кайсыл жерлеринде кичинекей кыргыз айылдары жайгашкан. Жайкысын тоолуу аймактагы эл кыштоону калтырып жайлоого көчөт...».

 

Америкалык этнограф М.Н.Шахрани өзүнүн эмгегинде ал афган-памирлик кыргыздарды тейит, кесек, кыпчак жана найман деген төрт урууга бөлүп, алардын уруктук курамын схема түрүндө көрсөтөт. Схемада бостон жана кыдырша уруулары кесек уруусунун курамында көрсөтүлгөн, балким алар Памирде аз санда болгондуктан, алар кесек уруусунун курамына киришкендир. М.Н.Шахрани өзүнүн Афган Памириндеги изилдөөлөрүн жүргүзгөн убакта түтүнүнүн саны боюнча тейит уруусу биринчи болуп, андан кийин кесек, найман, кыпчак уруулары турган.

 

Француз окумуштуусу Р.Дордун ою боюнча Памирге алгач кыргыздын тейит уруусу XVIII кылымда Кызыларт ашуусу аркылуу Алайдан келишкен. Кийин XIX кылымда кокон ханы Мадалинин кысымы астында каратегиндик кесектер Дарваз жана Шугнан тоо кыркалары аркылуу Памирге келишет. XIX кылымдын аягында кесек уруулары Чоң Памирди мекендеш-кен. Алар Кызыл-Рабаттын тегерегинде көчүп жүрүшкөн, ал эми кыштоосу Ак-Суу дарыясынын боюндагы Кош-Агыл болгон. Памирде жашаган кыргыздардын айтымы боюнча Р.Дор ал жердеги жашаган кыргыздарды төрт урууга бөлөт: тейит, кесек, найман жана кыпчак. Өз кезегинде бул уруулардын урукка бөлүнүшүн көргөзөт.

 

А.Сапарбаев, К.Темиркуловдун «Памир кыргыздары» аттуу китебинде тейит, кесек, найман жана кыпчак ичкилик урууларын аташып, аларды «оң» менен «солго» бөлүшөт жана урук-тук курамын беришет. Бул уруктук курамдарга бостон, төөлөс уруулары жана кыдырша уругу да кирип кетет.

 

Е.Г.Грумм-Гржимайлонун Петербург шаарындагы «Орус географтарынын коомунун» архивинен алынган кол жазмаларында төмөндөгүдөй маалыматтар кездешет: «Памир тоо кыркалары 50 000 чакырымды түзөт, ушундай чоң аянтта 565 «боз үй»; кара-кыргыздардын төмөнкү уруулары:

Аличурда - дуль-бар (дүрбөөл - Н.Т.) норус (нооруз - Н. Т.),

Мустагда - сары тейит, кара тейит,

Чечектиде - кыдырша,

Кударада - кыпчактар,

Мужу капчыгайында жана Кичи Кара-Көлдө - наймандар,

ал эми Кызыл аяк, утунчу, кочкара, бустон (бостон - Н.Т.) жана кара саадак баардыгы жогорку Данги-Даранын Сары-Койунда жашашат».

Демек, Г.Е.Грумм-Гржимайлонун жазганы боюнча Памирде бостон, кесек, кыпчак, найман, тейит, төөлөс уруулары көчүп-конуп жүрүшкөн.

 

Профессор Б.М.Жумабаев1 эмгегинде Памирде жашаган ичкилик тобун төмөндөгүдөй бөлүктөргө бөлүп - тейит, кесек, найман, кыпчак, алардын уруктук курамын берет.

«Памирдеги кесек уруусунун Каратегиндеги жана Фергана өрөөнүндөгү уруулаштары менен уруктук параллелдер болгону менен өз алдынча айырмачылыктарга ээ. Памирлик кесек уруусунун курамынан Ферганалык кесек уруусунун курамында кездешпеген аргын, жана таз уруктарын кездештиребиз» - деп белгилейт. Памирдеги кесек уруусунун курамында төөлөс уруусу көрсөтүлгөн.

 

Н.А.Аристов кыргыздын кесек уруусун аргын уруусунан келип чыккандыгы тууралуу өз пикирин айткан. «Ичкиликтер кара-кыргыздардан башка кыпчак, найман жана аргын (кесек уруусу) урууларынан келип чыккандыгы тууралуу» далилдерин көргөзөт.

 

Памирлик кесектердин курамында «аргын», «кара кесек» деген уруулардын кездешүүсү жана казактардын Орто Жүзүн-дөгү аргын уруусу жана анын курамында «кара кесек» уруусунун болуусу бул кокустук эмес. Хакастардын курамындагы «аргын» сөөгү кесектер менен аргындардын енисей кыргыздары менен түз байланышын аныктары шексиз. Монгол династиясынын чыгыш тарыхын чагылдырган кытай булагы «Юань-ши-нин» негизинде Н.А.Аристов аргындарды XI-XII кылымдарда наймандардын батышында, кыпчактардын чыгыш жагында же Иртыштан батышыраак жакты мекендешкен деп белгилесе, профессор О.Каратаев аргындарды кыргыздардын курамына VII—XII кылымдардан кеч эмес кирген деп жыйынтыктайт.

 

Нурбек Туран

"КЕСЕК" - 2012

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены