Памирде тун уулунан ажыраган Кимия Нарындагы кош бойлуу энелер мектебинде окуп, ымыркайын күтүп жатат

Памирде тун уулунан ажыраган Кимия Нарындагы кош бойлуу энелер мектебинде окуп, ымыркайын күтүп жатат

Ооганстандын Улуу Памиринен Нарын шаарына келип жашап жаткан Жайчибек жана анын жубайы Кимия Гафар кызы жакында балалуу болушат. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

 

Жубайлардын айтымында, мындан 5 жыл мурун өздөрүнүн салты менен баш кошуп, биринчи баласы Памирде оорукана жана дарыгердин жоктугунан төрөлгөндөн көп узабай чарчап калган. Учурда алар экинчи баласынын аман-эсен төрөлүшүн тиленип жатышат.

 

«Биз жубайым экөөбүз мындан 5 жыл мурун өзүбүздүн Памирдеги салтыбыз менен баш кошконбуз. Тун уулубуз 2017-жылы биз Кыргызстанга келерде оорукана жана дарыгер жок болгондуктан чарчап калган. Бул жакта баары бар экен. Дарыгерлер жубайымды тез-тез карап турушат. Өкмөткө дагы рахмат айтабыз. Азыркы балабызды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», - деди Жайчибек.

 

Ал эми жубайы Кимия учурда кош бойлуу энелердин мектебинде окуп жатат.

 

«Менин ден соолугум жакшы. Дарыгерлер өз убагында чакырып, карап текшерип турушат. Биринчи баламды Памирден төрөгөм. Ал төрөлгөндө эле чарчап калган. Анткени, бул жактагыдай ооруканада төрөбөйбүз, төрөткөн дарыгерлер дагы жок. Балалуу эжелер, апалар эле төрөтөт. Өзүм дагы күн суук болуп калганда төрөп калдым. Эми азыр 7-8 айлык боюмда бар. Буюрса жакында төрөйм. Бул жакта боюнда барларды окутат экен. Ошол жакка барып жатам. Төрөгөнгө, баланы бакканга даярдайт турбайбы. Бул окуу кызыктуу экен. Эми балабыздын аман-эсен төрөлүшүн тилек кылып жатабыз», - деди ал.

 

Жубайлар мындан 5 жыл мурун, тактап айтканда 2013-жылы баш кошушкан. Анда Жайчибек 24 жашта болсо, жубайы Кимия 18 жашта болгон.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены