Памирде тойдо сөзсүз казан каттама коюлушу керек (видео/фото)

Памирде тойдо сөзсүз казан каттама коюлушу керек (видео/фото)

Ооганстандан Нарын шаарына келип жашап жаткан Ширинбү Абдулваид кызы Памирдеги улуттук тамактардын бири болгон казан каттаманын кандай жасаларын аймактык кабарчыга көрсөтүп берди.

 

Ширинбүнүн айтымында, казан каттама ар бир тойдо дасторкон үстүнө сөзсүз жасалып коюлат.

 

«Бизде улуттук тамактар көп эле. Ал эми бул казан каттаманы баарыбыз жакшы көрөбүз. Тойлордо дагы сөзсүз жасап, дасторконго коёбуз. Үйгө мейман келгенде да жасап беребиз. Даамы дагы жакшы болот. Каттаманын дагы бир түрү бар. Ал каймактан жана башка кошулмалардан жасалат. Бизде казан каттаманы илгертен баалап жешет. Каттаманы бул жактан темир табакка бышырып жатабыз. Негизи Памирде казанга эле жасайбыз», - деди ал.

 

Ширинбү Абдулваид кызы: «Казан каттаманын жасалышы:

 

- Алгач унга татымына жараша туз кошуп, жылымык сууга эле жууруп алабыз;

- Камыр тыныгып өзүнө келип калганда кайра бир ийлейбиз;

- Андан кийин камырды жука кылып жаябыз;

- Жайылган камырды ичке кесип, май менен бетин майлайбыз;

- Майланган камырды ороп, кайра өтө жука эмес кылып жайып коебуз;

- Казанды жакшы майлап, ага даяр камырды салып, жай отко бышырабыз.

Памирде бул казан каттама дасторкондун көркүн ачат», - деди.

 

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены