Памир кыргыздарынын маданияттык өзгөчөлүктөрү

Памир кыргыздарынын маданияттык өзгөчөлүктөрү

Памир географиялык жактан дүйнөнүн ээн кылкаларынын бири болгонуна карабай, анда олтурукташкан улут жана уруулар маданияттык өзгөчөлүк, кан тиби, улуттук курамы жана уруулук түзүлүшү жагынан аралашмалуу болуп, жеке эле бир түрдүү маданиятка же элге таандык эмес. Бул жерде салынган чоң шаар жок, кеңири кеткен эгинчилик аянттары жана соода базары жок. Тек кана абасы жетишсиз, күн нуру эң аз тийе турган, жашоо шарты абдан катаал болгон бир чөйрө. Деңиз деңгээлинен жалпы беткей 3000 метрден бийик бул чөйрөдө илимий тыянак боюнча адам жашаганга мүмкүн эмес болгонуна карабай, анан кантип түрдүү түс, түрдүү тил, түрдүү уруктагы элдердин өкүлдөрү

 

 

Памирге олтуракташып калган деген суроого жөнөкөй эле бир ооз сөз менен жооп берүүгө болбос.

 

Жалпы эле “Көчмөндөр маданияты” деп аталган типке кире турган элдердин маданияттык өзгөчөлүгүн калптандырган“камыртуручтун” кайсы экендиги жөнүндө азырга чейин талаштуу пикирлер сакталууда. Мында үч түрдүү караштын тиреши бар. Алар Искит назариясы, Инди – Герман назариясы жана Алтай назариясы. Искит назариясын жактоочулар“аттуу көчмөндөр”деген түшүнүккө негиз кара деңиздин айланасындагы Искит чөлкөмү жылкы жана мал-чарба күтүлгөн жайыттар болуп, маданияттын бул тиби ошол жердеги элден Эвразияга таралган деп эсептешет. Инди – герман назариясын ортого салгандар Инди – Европалыктар байкал көлүнө чейин конуштанган дегенди шылтоо кылышат. Бул караш батышта кең таралган“Ариянизм”дин таасиринин уландысы катары кабылданган. Бул айтымдын жүйөөсү Инди – Европалыктардын өзү алгачында көчмөн эл болгон жана жылкыны эң башта көндүргөн экен. Алтай назариясын жактоочулар В. Шмит, О. Менгин, В. Кропперс, Ф. Флор сыяктуу“Виена өкүлдөрү”болуп, алар жайлоо маданиятын алтай талааларында жашаган түрктөрдүн ата– бабалары түзгөн деген карашты жакташкан. Алар үч түрдүү маданияттык доор (Кемик маданияты, мал чарбаны колдоо багуу маданияты, жылкы жетиштирүү маданияты) барышында“аттуу чабандар”маданияты калптанган, бул жайлоо маданиятынын түрк тилдүү элдердин ата– бабалары үчүн мүнөздөмө боло алатурган эң улуу белги деп караган①. Ушул караш боюнча жайлоо маданиятынын калптанган доору б з ч-2500 жылдан Б. З .Ч.-1700жылдар аралыгы болгон болсо керек деп божомолдоого болот. Жогорку караштар жылкыны ким көндүргөн деген түйүндүн тегерегинен чыгып кете албаган. Анткени, жылкы өз доорунда тездиктин символу болуп, жылкыны көндүрүп, жортуул жана сапарга минген кишилердин гана ташы өргө томологон. Жылкы байыркы инсандарга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берген. Кең маанидеги Алтай ушул колго көндүрүлгөн жылкылардын мекени болгон. Айрым тарыхчылар Сибир талааларында багылган куландар Аляска кысыгы аркылуу Америкага чейин жеткен деп жазышат. Бүгүнкү күндө түрк тилдүү элдердин кыйласында жылкы жана башка мал чарба багуунун салты сакталып калган. Эми биз ушул жакынкы жылдарга чейин сакталып келген салттын- күндөлүк турмуш адаттары, той – торопо, өлүм – житим узатуу, элдик адабият жанрлары жана мал – чарбага байланышкан атоолордун мүнөзүнөн бүгүнкү Кыргыздар, анын ичинде Памир ыргыздары маданият жактан кайсы таасирлерди кабыл кылган деген суроого жооп издейбиз.

 

Памир Кыргыз маданиятын калптандырган негизги себептерди атап көрсөтүүдө төмөнкүдөй бир канча караш ортого койулууда.

 

Биринчиси

Кыргыз тилин эки диалектке бөлүп, ошол өзгөчөлүктөр калптандырган маданияттык айырмачылык- тарды атап көрсөткөн тилчилер тобу. Жуңго кыргыз тилчилери Жуңго кыргыздарынын тилин эки чөлкөмгө бөлүп, аны кыргыз тилинин күнгөй жана тескей диалекти деп аташты.“тескей диалект”деген сөз Памир кыргыз- дарынын жашаган жери Памирдин тескей бетине туура келгендигинен улам чыккан. Ушул идеяны эң алгач кимдин ортого салгандыгын биз азыр так айтып бере албайбыз. Балким бул караш Кыргызстандык тилчилердин Кыргыз тилин түндүк жана түштүк диалект деп экиге бөлүшүнөн улам уланып келе жаткандыр.-20 кылымдын баштарында Кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабай Кыргыз тили боюнча жаңы окуулук жана алиппени түзгөндөн бери карай арадан кылымга тете убакыт өттү. Ошондон бери Кыргызстанда Болот Юнусалиев, Хусеин Карасай, Юдахин баштаган жүздөгөн тил адистери, элибизде Абдыкадыр Токторов, Ху Жинхуа, Нооруз Үсөнаалы, Жума Үмөт, Макелек Өмүрбай сыяктуу тил изилдөөчүлөр кыргыз тилинин диалекттерге жана говорлорго бөлүнүү абалдары боюнча көп жумуштарды иштеп, бирдикке келген ушул карашты – кыргыз тилинин эки диалектке бөлүнүү тыянагын чыгарышты. Тил жактагы мындай өзгөчөлүктөр табигый түрдө салт – санаа, тиричилик адаттары, элдик адабият жана маданиятта чагылып турат. Памир кыргыздарынын тилдик өзгөчөлүгүнөн жана лексикасында купуя катылып жаткан тил байлыктарынан албан суроолорго жооп табууга болот. Кыргызстанда түштүк кыргыздардын тили боюнча жазылган илимий эмгектер жана кыдырып текшерүү материалдары өтө арбын. Элибизде Памир кыргыздарынын тил өзгөчөлүгүнө арналган бир топ макалалар менен бирге «Жуңго кыргыз тилинин түштүк диалекти» деген темада бир барча докторлук эмгеги жазылды.

 

Экинчиси

Кыргыз маданиятынын Алтайдан түз эле Памирге туташуу барышынан калптанган маданияттык өзгөчөлүк деген караш. Буга С. Абрамзондун жоромолдору өкүлдүк кылат. Ал Түштүк чыгыш Тубалыктарда сакталып калган, үй жанбарлардын жашын билдирген атоолордун Түштүк кыргызстанда жана Шинжаң кыргыздарынын арасында жолукканын атайын эскертет:«Тубалыктарда, айрыкча түштүк – чыгыш Тубалыктарда (чооду, кыргыз, соян жана иркит урууларында) үй жаныбарларынын үчтөн беш жашка чейинки аттары тишине карап атоочу моңгол терминдери менен окшош аталат. Азыркы күнгө чейин илимде кыргыздарда баардык түрк тилинде сүйлөгөн элдердей эле үй жанбарларын жашына карап атоодо саноо системасы колдонулат деп келинген. Мындай түшүнүккө өзгөртүү кийирүү керек болуп калды. Анткени,-1947жылы түштүк Кыргызстанда жүргүзүлгөн экспедиция маалында мен Кытай эл республикасынын Шинжаң уйгур автоном районунун түштүк бөлүгүнөн келген адамдардан айрым аталыштарды жазып алгам. Үй жанбарларынын башка аталыштарынын арасында эки жашар койду эки тиштүү, үч жашарын төрт тиштүү, төрт жаштагы буураны бир кыркты, беш жашарын эки кыркты, алты жашарын тегерек тиш аташарын жазыпмын. Бул аталыштардын бардыгында башкы маани тиштин санына(же түзүлүшүнө) берилет экен».

Изилдөөчү Памир менен тиги Сибирдеги элдердин тилиндеги бирдейликти мал чарбачылык маданиятынын орток белгилери катары атап жатканы жөн жерден эмес. Ал Теңиртоо кыргыздарынын тилиндеги“сейнек”(эки жаштагы эчки) атоосу менен тубалардагы“сейнек” тин дал келишин, моңголчо аталыштар менен генетикалык байланышы бар айрым колдо багылчуу малдын аталыштарынын Памир кыргыздары арасында жолугушун (мисалы, кыргызча дөлөн, дөлөн кой менен моңголча дөлөн мерин, дөлөн ухер, дөлөн хон) , ал тургай Теңиртоо кыргыздарында эрте төл берген чебичти жусак деп аташса, Кашкарлык кыргыздар менен моңголдор бирдей эле эки жашаар койду“жусак”жана“зусах хон” деп атайтурганына чейин мисал келтирген. Ушул байкоолор негизинде изилдөөчү Памир кыргыздарынын негизги курамын түзгөн кыпчак, найман, кесек урууларынын Памирге жеткен кадамына мындай баа берет:«Кыпчак деген кыргыз уруусу жөнүндө да ушунун эле өзүн айтса болот, бул урууну Орто азияга азыркы Казакстандын байтак талааларынан келген башка кыпчак топтору менен байланыштыруу өтө кыйын. Чындыгында Түштүк Кыргызстан менен Шинжаңдын кыпчактары бул жерге кыпчактардын адепки жашап турган жергесинен кыйыр жолдор менен эмес, түз эле түштүккө, Жуңгария аркылуу көчүп – конуп жүрүп келген уруулар бирлигинин бирөө болсо керек деп болжолдоого болот;Мүмкүн, алар түштүк тарапка Кара кытайлардын жүрүшү менен кошо сүрүлүп келсе керек. Шинжаңдын кыпчактарынын арасында Кыргызстандын түштүгүндө топтошуп жашаган кыпчактардын ичинде жок болгон кээ бир бөлүүчүлөрдү (мисалы, тогуз кыпчак, тобур кыпчак, кара кыпчак) жолуктуруп олтурабыз. Бул болсо биздин көз карашыбызда, алардын Шинжаң чөлкөмүндө узак мезгилдер бою жашап турганын жана алардын жердик этникалык чөйрө менен тыгыз байланышта болгондугун далилдейт... кыргыз уруусу наймандар жөнүндө болсо, алар батыш моңголдук найман уруусунун тукумдары болуп саналаарын ишенимдүүлүк менен айтууга болот, булардын бир бөлүгү Моңголиядан Чыңгыз тарабынан сүрүлүп, 13- кылымдын башы ченде Жетисуу менен Шинжаң чөлкөмүнө Күчлүктүн башчылыгы менен келип жайгашып калышкан»④. Абрамзондун ушул карашы чоң изилдөөлөр- дү талап кылатурган тема болуп, ал Памир кыпчактарын Ногой-кыпчак, Өзбек-кыпчак менен түздөн-түз байланыштырбастан, аларды кыпчактардын байыркы журту болгон Саян – Алтай жергеси менен байланыштыр- ганы адамды ойго салат.

 

Үчүнчү

Памир кыргыздарына иран тилдүү элдердин маданият жактан таасир көрсөтүшү менен калптанган өзгөчөлүктөр. Муну түштүк кыргыздардын тили, эл ооз адабияты, салт – санаасы боюнча жыйноо жумуштарын жүргүзгөн этнограф жана фольклорчулардан Ж. Мукамбаев, А. Токомбаева, С. Абрамзондун байланыштуу эмгектеринде айтылган ойлордон байкоого болот. Кыргыздар Памир жергесине келгенден кийин айланасындагы элдердин таасиринен оолак болгон эмес. Памир кыргыздарынын тилинде мал чарба күтүүнүн фарс – тажик атоолору жана өзбек, уйгур салттары да кеңири жолугат. С. Абрамзон муну четке каккан эмес. Кайра ушундай маданияттык аралашуунун болгонун конкреттүү мисалдар менен атап көрсөткөн.

 

Төртүнчү

Казак – кыргыз маданиятынын өз ара аралашуусунан келип чыккан өзгөчөлүк. Эл ооз адабиятын изилдегендер казак эли менен кыргыздардын маданият жана адабият жактагы байланышы жөнүндө өтө арбын бирдейликти табышууда. Бирок, бул изилдөөлөрдө эки эл маданиятындагы жалпы ортоктуктар жөнүндө орчундуу сөз айтылып, алардын Памир кыргыз маданияты менен кандай бирдейлиги барлыгы көз жаздымда калгандай таасир калтырат. Чынында, казак менен Памир кыргыздарынын арасындагы үндөштүк Теңиртоо кыргыздарына караганда таң каларлуу даражада жакын. Жүйөө боюнча айтканда, казактар менен төтөлөй чектешкен аймактар кыргыздардын түндүгү болуп, Кыргызстанда Ысыккөл, Талас областтарында, элибизде Текес, Моңгулкүрө оодандарында коңшулашуу жана аралашуу бар. Памир – Алай чөлкөмү болсо бүгүнкү казак жеринен өтө эле алыста. Анан эмнеге Теңиртоо кыргыздарында жок ортоктуктар казак менен Памир кыргыздарында бирдей сакталып калган? Бул бир сырлуу түйүн. Мисал алып көрөлү: кыпчак, найман, коңурат.... уруулары казактар менен Памир кыргыздарынын арасында гана бар. «өлөң» деген ыр жанры да ошондой. Теңиртоо кыргыздарында «өлөң» деген түшүнүк негизинен жок. Памир кыргыздарында айтылып жүргөн «жар- жар» лар менен казак элинин «жар-жар» лары мейли мазмундук жактан, мейли ырдык түзүлүш жагынан болсун өтө бирдей.

С. В. Иванов:«Кыргыз көркөм өнөрүнүн мүнөзүн аныктоочу негизги комплексти “кыпчак комплекси”деп атаган»⑤. Кыргыз маданиятында өзгөчө мааниге ээ болгон “кыпчак курамы”нын кошулуу барышы башка мисалдар көрсөтүп тургандай бир багыттуу болгон эмес. Ал алтайлыктар менен, казактар менен, огуз – кыпчак, ногой – кыпчак, түркмөн – кыпчак, өзбек – кыпчак деп аталган этникалык топтордун маданияты менен аралашуу барышында көп кырдуу өңүттөн кыргыз – кыпчак маданияттык эрекчеликтерин калыптандырган татаал барыштын натыжасы.

 

Башкасын коюп, «Манас» эпосун алып айтканда деле Чокан Валиханов, В. Радлов жана С. Абрамзондордун пикири боюнча аталган эпосто Сибир - Алтай, Иран – Фарс мотивдеринен тартып , Инди – Европа элдерине тең тараган сюжеттерге чейин, Шаманизим, Буддизим, Манизим, Ислам көз караштарына чейин сиңип отурганы тастыкталат. Сибир талааларынан чыгыш Европага чейин таралган «Эр төштүк» жомогу Теңиртоо кыргыздары арасындагыдай чылк ыр менен өнүккөн болбосо да, Памир жергесинде байыркы нугу боюнча сакталып, азырга чейин Памирлик кыргыздардын төл чыгармасы катары ооздон оозго өтүп келүүдө. Ушул «Эр төштүк» жомогунда баяндалган тышкы дүйнө, жаратылыштык, коомдук байланыштардан кыргыздардын көп кырдуу дүйнө таанымдарын билүүгө болот.

 

Жалпысынан алганда, Памир кыргыздарынын маданияты көп катмардуу болгон. Муну элдик адабияттан, салт – санаадан, турмуш адаттарынан көрүүгө болуп эле калбай, жогорку далилдерден, андан башка уруу, жер аттарынан да билүү мүмкүн. Түштүк кыргыздардын арасында баргы, коңурат, кодогочун, керей сыяктуу теги түрк–моңголго таандык уруу топтору байкалгандан сырт, Бостоннур, Бостонтерек, Орхунур, Меркит деген сыяктуу жер аттары да жолугуп, 11–12-кылымдардагы тарыхый барыштардын издерин чагылдырат. Бул Кыргыз маданияты жана тарыхынын Моңголдор менен, анын ичинде Ойроттор менен да бир кыйла жакын байланышы бар экендигин билдирет.

 

Кортундулап айтканда, Абрамзондун төмөнкү тыянагы сөзүбүзгө күбө болот. Ал кыргыздардын этногенетикалык жана тарыхый, маданий байланышын мындай алты багытка жыйынтыктап көрсөткөн:

 

1 Байыркы түрк багыты
2 Орто азиялык багыт (түрк, азыраак иран элементтери)
3 Кыпчак – алтай жана туба багыты,
4 Моңгол – тибет багыты,
5 Уйгур багыты,)
6 Кыпчак (ногой жана казак) багыты.

 

Бул жөн жеринен айтылган пикир эмес. Окурман кур дегенде 4-багыттын Тибетке байланышкан мазмунуна күмөнсүрөй карашы мүмкүн. Абрамзон түштүк кыргыздары арасында таралган «бадик» ырындагы «Көкөноордун көлүнө көч, Какшаалдын чөлүнө көч» деген саптарга суроо салып, Тибеттеги көл менен кыргыздардын кандай байланышы барлыгын атайын изилдөөгө алып, түрдүү тарыхый даректер негизинде Ладак аймагында (түндүк батыш Тибет)кыргыз калкынын топтору бар экендигин ырастайт. Изилдөөчү жалаң бир гана мисалга сөөнүп калбастан, топоз өстүрүүнүн Тибеттик түрүнүн Түштүк кыргыздарда сакталып калышы жана тотемдик уламыштардын кыргыз менен тибеттерде белгилүү ортоктука ээ экендиги сыяктуу факттарга кайрылган. Ушундай бир катар салыштыруулардын натыжасында С. Абрамзон Кыргыз материалдык маданиятын үч комплекске– түндүк, түндүк батыш жана түштүк деп бөлүүгө болотургандыгын ортого салган.

 

(Автордун «Кыргыз эл ооз адабиятынын памир мектеби» деген китебинен алынды.)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены