Нооруз майрамы жамааттарда (сүрөт)

Нооруз майрамы жамааттарда (сүрөт)

КЫЗЫЛ-РАБАТ ЖАМААТЫ

21-март күнү Кызыл-Рабат жамаатынын борбору Токтомуш айылында Нооруз майрамы жогорку деңгээлдеги даярдыктар менен өткөрүлүп, аталган жамааттын атайын уюштуруу комитети тарабынан түзүлгөн иш чаранын негизинде жамааттын тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартуулоо максатында Нооруз майрамына арналган атайын салтанат, концерттик программа, улуттук оюн зооктор, кол өнөрчүлүк көрзгөзмөлөрү уюштурулуп жана беш боз үй тигилген. Майрамга катышуу максатында райондун төрагасынын буйругуна ылайык областтык депутат, мамлекттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын экономика жана соода өндүрүү секторунун башчысы Козубеков Абылкасым Аматович, ТЭДПнын райондук комитетинин төрагасы Акжаров Жаркынбай, Мургаб райондук прокуратурасынын кызматкери Тажалиев Мамрасул, “Сарыкол” газетасынын редактору Исраилов Нүсрат, Мургаб райондук жаштар жана спорт секторунун жетекчиси Камчыбеков Жамболот, АКТЕД уюмунун кординатору Тажидинов Сүйүнтбек, Мургаб райондук өзгөчө кырдаал жана жарандык коргонуунун жетекчиси Жусупов Бекен атайын чакыруу менен барышып, майрамга күбө болушту. Салтанатта Козубеков Абылкасым жамааттын тургундарын Нооруз майрамы менен чын дилинен куттуктап, каалоо тилектерин каалады. Андан кийин сөз кезеги Кызыл-Рабат жамаатынын төрагасы Осмонбаев Эрдөөлатка узатылып, төрага өз сөзүндө жалпы жамаат тургундарын жана келген меймандарды Нооруз майрамдары менен куттуктап, баарына чың ден соолук, элибизге токчулук, молчулук, ынтымак, тынчтык каалап, келген меймандарга терең ыраазычылыгын билдирүү менен бирге рахмат айтты. Ошондой эле жамаат төрагасы көп эмгектенген ар- дагерлерди, мектепте ийгиликке жетип окуган окуучуларды, мамлекеттик иш чараларга активтүү катышкан жана жогорку окуу жайларды ийгиликтүү аяктаган Кызыл-Рабат жамаатынын тургундарын ардак грамоталар жана белектер менен сыйлашты. Ошондой эле бул майрамда атайын калыстар тобу түзүлүп, ар бир көчөнүн тазалыгына, боз үйлөрдүн жасалгасына, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүнө, конкурстук номерлердин аткарылышына көз жүгүртүп жалпы жыйынтыкта Жарбашы көчөсүнө 1 орунду берүү менен 350 сомони акчалай сыйлыкты ыйгарышты. Орто кыштак көчөсүнө 2 орунду берүү менен 250 сомони акчалай сыйлыкты ыйгарышты. Ошондой эле 3 орундун ээлери болгон Дүрбөөл, Жаны кыштак, Келечек көчөлөрүнө 150 сомони акчалай сыйлык берилди. 21-март күнү Токтомуш айылынын маданият үйүнүн жаштарынын күчү менен даярдалган концерт тартууланып, 22-март күнү Шаймак айылынын Тогуз-Булак көчөсүнүн Ыр кесе концерти коюлуп, кезекти Токтомуш айылынын Дүрбөөл көчөсүнө беришти. Ошондой эле майрам күндөрү жаштар жана айымдар арасында кызыктуу волебол оюуну болду. Жамаат төрагасы ушул эле майрамдын кезектеги аткарылышын 27-июнь күнү Шаймак айылында өтүүсүн айта кетти.

Кыдырова Алиса

 

nooruz-mairamy-zhamaattarda 2КАРА-КӨЛ ЖАМААТЫ

21-март Нооруз эл аралык майрамына карата Каракөл айылында кызыктуу салтанат болуп өттү. Алгач бул салтанатты ачып берүү үчүн жамаат төрагасы Жулаев Маматкабыл сөз сүйлөп, жергиликтүү жашоочуларга куттуктоо сөзүн айтуу менен биргеликте өлкөбүздүн жетишкендиктерине токтолуп өттү. Андан кийин Каракөл айылдык мекемелердин жетекчилери сөз сүйлөп, майрамдык куттуктоолорун айтышты. Ушул эле салтанатты ачуу менен биргеликте жамааттын төрагасы Жулаев М аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана ден соолугу чектелген жергиликтүү тургундарга акча- лай сыйлыктарды тапшырды. Бул салтанатта жаштар тарабынан даярдалган концерт элге жагымдуу маанай тартуулоо менен биргеликте, улуттук жана спорттук оюундар ойнолуп, жеңүүчүлөргө ар кандай сыйлыктар тартууланды. Ал эми 22-март күнү Каракөл айылдык жамааттын аппараты тарабынан, сүннөткө отургузулуучу балдарга кымбат баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле ушул балдарга жана ата-энелерге жеке ишкерлер тарабынан ак дасторкон жайылып, даамдуу тамактар берилди.

Жусупов Абдусалом

 

nooruz-mairamy-zhamaattarda 3ГОЖО БЕРДИБАЕВ ЖАМААТЫ

“Желин жарылып сүт чыкты, жер жарылып чөп чыкты” – деп эзелтеден Ата-Бабаларыбыз арча түтөтүп алас айтып, жакшы тилектер менен Нооруз майрамыны өткөрүп келишкен. Ошондой салттуу майрам биздин жамаатта да болуп өттү. Тактап айтсам 21-март күн айылдын эли майрамдык маанай менен жамааттын имаратынын алдына чогулду. Андан сырткары райондон жана Маданият өрөөнүнөн коноктор келишти. Майрамы Гожо Бердибаев атындагы кыштак жамаатынын төрагасы Аилчиев Улукбек ачып, элди Нооруз майрамы менен куттуктап, айылдагы төшөктө жаткан кээ бир аксакалдарга акчалай белек тапшырды. Ар жыл сайын салт катары өткөрүлүүчү конкурстардан Байге-Таш көчөсү “Мыкты көчө” номинациясы, Баш-Кыштак көчөсү “Таштандыларды чыгарууга активтүү катышкан көчө” номинациясынын жеңүүчүлөрү болду. Волейбол оюну боюнча Ак-Жол көчөсүнүн мырзалары, Жаңы-Кыштак көчөсүнүн айымдары биринчиликке жетишти. Ар бир көчөдөн бирден үй “Үлгүлүү үй” номинациясынын ээси болушту. Жогоруда белгиленген байгелүү орундарга да төрага баалуу белектерди тапшырды. Андан соң Мургаб районунун жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын дин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Байназаров Абузакир, Мургаб районунун каржы бөлүмүнүн башчысы Сатаров Эрназар элди майрамы менен куттуктап, кээ бир жетишбеген үй-бүлөөлөргө баалуу белектерди жана райондун төрагасынын ардак грамтоталарын тапшырды. Майрам алас айтуу менен башталып, ыр-бийлер коштоп, көчөлөр арасында велосипед жарыш, улуттук кийимдердин конкурсу, бакан түртмөй, ка- зан көөлөмөй, аркан тартыш, кол күрөш, ат жарыш, шахмат сыяктуу улуттук оюндар менен аяктады. Албетте, оюндардын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Майрамдын учуну уулай 23-март күнү Маданият өрөөнүнүн Чаар-Тон конушуна да майрам болуп өттү. Өрөөндүн тур- гундары чогулушуп, сүмөлөк кайнатып, улуттук оюндар менен ыр-күүлөр менен ноорузду узатышты. Элди Маданият өрөөнүнүн өкүлү Эргешов Ка- закбай жана жамааттын кызматчылары кызуу куттукташты.

Айтемиров Эртабылды,

Г.Бердибаев жамаатынын диш иштери боюнча адиси

 

nooruz-mairamy-zhamaattarda 4АЛИЧОР ЖАМААТЫ

Жаратылыштын жана жазгы тала жумуштарынын жаңылануусунан жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон, Нооруз майрамын Сарыкол жергебизде өзгөчө жана жогорку деңгээлде белгилеп келет эмеспи...? 15-март күнүнөн баштап эле мектепте жана бала бакчада иш чаралар башталды класстык саат, тарбиялык сааттар откорулду. Ошонун катарында Аличор айылында да Нооруз майрамын жогорку деңгээлде татыктуу тосушту. Иш чаранын башталышы 21-март күнү Мургаб райондук мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органы тарабынан Мургаб районун төрөгасынын орун басары Ражабова.Х жана аппарат кызматчылары Кодиров Б, Бошаева С, Айдармамадов М катышуусу менен айылдык Клубда майрам өткөрүлдү. Жамааттын төрагасы Назармамбетов Абдулазиз Аличор айылынын элдерин Нооруз майрамдары менен куттуктап тийиштүү жашоочуларга белектерин тапшырды. Ражабова Хусния куттуктоо сөз сүйлөп Мургаб районун төрөгасы Жоошбаев Мурзабай Аблакимовичтин атынан О Исманов атындагы №6 жалпы билим берүү мекемесинин мугалимдери Ватаншоев Олимшо жана Багдагул ардак грамотасы менен сыйланды. Аличор айылынын 7 көчөсү өз ара иш чараларды уюштуруп жогорку деңгээлде өткөрүштүлөр. Атап айтканда сүмөлөк кайнатуу жана өспүрүм балдарга спорттук оюндар уюштурулду. Андан сырткары жамаат тарабынан 21-март күнү кыз келиндер арасында 22-март күнү мырзалар арасында көчөлөр аралык Воллей бол, Шахмат, Кол курөш, Аркан тартыш жана Эстафета спорт оюндары уюштурулуп утуктары тапшырылды. Аличор жамаатынын жаштар жанан спорт коммитети Жунусов Ш тарабынан айылдык жаштар арасында Воллей бол оюну уюштурулуп, түшкү тамактанууга 1 койдун эти бышырылды. 20-март куну саат 19-00 Аличор айылдык корком онор мектеби тарабынан Нооруз майрамына карата даярдалган жана ошондой эле 21-март күнү 19- 00 айылдык Клуб тарабынан даярдалган концерт коюлду. 24-март күнү Аличор айылынын Эгемен көчөсү тарабынан даярдалган Нооруз майрамдык кыз жигит таймашы “Сармерден” концерти элге тартууланып, жыйынтыгында кыз келиндер тайпасы жеңишке ээ болуп, Суу башы кочосуно Ыр Кесе катарында тапшырылды. Аличор айылынын жашоочуларына терең ыраазычылык билдирүү менен бирге,жери- бизде ар дайым ушундай майрамдар боло берсин, элибиз ойноп кулуп журо берсин.

Аличор жамаатынын администрациясы

 

nooruz-mairamy-zhamaattarda 5БАШ-ГҮМБӨЗ АЙЫЛЫ

Жаратканга шүгүр мына быйыл ба жаз жыттанган, наз жыттанган жаз да келди. Жаз менен кошо келген Нооруз-жаңы күн жалпы элимдин маанайын ачып, көңүлдөрүн шаттыкка бөлүп турду. Башка коңушу айылдар сыяктуу эле Баш-Гүмбөз айылым да жапырт эл тосушту. Аял затынын колунан жаралган кол өнөрчүлүк, улуттук кийим, улуттук тамак аш, сүмөлөк жана башка менен Нооруз майрамына арналган салтанат башталды. Бул салтанатты уюштурган Баш-Гүмбөз айылынын аялдар кеңешмесинин төрайымы А. Жуниева өзүнүн куттуктоо сөзү менен баштап колдоп берген жалпы элге чоң ыразычылык билдирип, айыл аксакалдарына Нооруз күнүнө арналган даамдардан тартуулады жана оюн зоок, ыр күүлөр менен ко- штолду. Кыргыз элинин улуттук оюндары ойнолуп байгелер берилди. Майрамдык иш чарага арналган “Ырдайлы эски ырларды” аттуу айылдагы ай- ымдарын концерттик программаларын кечинде айылдык клубта беришип, элдин майрамдык маанайларын дагы көтөрүлүштү. Ошентип, Нооруз күнүнө арналган салтанат аякталды. Негизги Нооруз майрамынын мааниси элге биримдик, токчулук, ынтымак, амандыкты тилөө болгондуктан мен бардык элиме Алладан жакшылык тилейм.

Р.Маматжумаев, Баш-Гүмбөз айылы

 

nooruz-mairamy-zhamaattarda 6ЫРАҢ-КӨЛ ЖАМААТЫ

21-март күнү жалпы орто билим берүү мекемесинин алдында Ноорузга арналган салтанат өттү. Райондук жергиликтүү аткаруу бийлигинин төрагасы- нын биринчи орун басары И.Исрорзода жана райондук жол башкармалыгынын башчысы С.Назаршоев катышты. Салтанаттын башталышынын алдында Ак-Тилек балдар бакчасынын администрациясы жана бөбөктөр даярдаган сүмөлөктү Исрорзода баштаган топ айыл аксакалдары менен бирдикте ачып ооз тийген соң, балдар бакчасынын бөбөктөрүнүн кыргыз жана тажик тилинде даярдаган куттуктоо сөздөрүн угушуп, чакан майрамдагы номерлерди тамаша кылышты. Көчө комитеттер тарабынан уюштурулган элдик тамак аштарынын, кол өнөрчүлүк буюмдарынын көр- гөзмөсүн көрүп чыгышты. Ноорузга арналган салтанатты жамааттын төрагасы Курбанбай Раимжанов ачты. Куттуктоо сөзүн райондун төрагасынын биринчи орун басары Исрорзодага берди. Андан кийин жамааттын төрагасы Курбанбай Раимжанов, айыл аксакалдарынын атынан Садыбакас Аматовко жана мекеме жетекчилери куттуктоо сөзгө чыгышты. Райондун төрагасынын атынан райондук “дасторкон жасоо” конкурсуна катышкан байгелүү орунга ээ болгон Айдекеева Гүлдар жана Сулайманова Элмира, төө тректи уюштурууда кошкон салымы үчүн Орозбаев Абдирашүт, райондогу “Тожикистон” ГЭСинин курулушуна жигердүү катышкандыгы үчүн Дүйшө уулу Бактыбек, райондун маданият тармагын өнүктүрүүдө кошкон салымдары үчүн С.Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектебинин мугалимдер коллективи жана райондук конкурстун жеңүүчүсү облустан Новруз фестивалынын катышуучулары айылдык клубтун алдында уюшулган өздүк көркөм чыгармачылык тобу сыйланды. Андан кийин жамааттын төрагасы Турдукулов Турсунбайга, мектеп администарциясы Эсен уулу Ясынга, райондук салык инспекциясы тарабынан Бактыбек уулу Хажибарзакка акчалай сыйлык берилди. Андан тышкары Ыраң-Көл жамаатында ар жыл сайын Нооруз майрамында берилүүчү салтка айланган номинацияларга баалуу белектер берилди. Айтеков Исабекке айылдын эптүү жашоочусу. Халбаев Саламатка айылдагы эң көп май курут алган мыкты саанчы, Маманиязова Гаухарайга өлкө башчысын тосуп алууда элдин сүймөнчүлүгү, Урустамбекова Шалого козуулакты, жанындай жакшы көргөн Мээрман сахманчы, Ак-Тилек балдар бакчасынын тарбиячысы Пирманбетова Саадатка мыкты тарбиячы, орукана башчысы Мыйманбаева Насимге өмүр бою ооруканада жүрүп, өзү ооруканага бирда жолу жатпаган айылдын дени сак жашоочусу, эчким менен чатагы жок өз тиригилигин мыктай кылган момун мусулман номинациясына Гапаров Шаимкулга, өзүнө керектүү документтерге тыкан Турсунбаева Жамал ээ болушту. Майрамдык концерт болду, жолчулар менен Актилек балдар бакчасынын кызматчылары биригип чекара коргоочуларга майрамдык тамак аш уюштуруп беришти. Иш чара уланып 21-22-март күндөрү улан-кыздар арасында волейбол оюну болду.

Орозбаев Айткулу, Ыраң-Көл жамааты

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены