Нарындагы кичи памирлик Парвийнанын улуу максатка жетелеген аруу тилектери (видео, сүрөт)

Нарындагы кичи памирлик Парвийнанын улуу максатка жетелеген аруу тилектери (видео, сүрөт)

Кичи памирлик Парвийна Нарынга келгенден бери көп нерселерди үйрөнгөн. Мамлекеттик гимнди мыкты аткарган каарман менен аймактык кабарчы таанышты.

 

Нурлан кызы Парвийна быйыл 9 жашка чыгат. Ал Кичи Памирде төрөлгөн. Нарынга келгенден бери кыргыз тилинде жазганды, окуганды өздөштүрүп жатат. Мектепке чейинки даярдык классынан өткөн Парвийна күзүндө мектеп босогосун аттайт.

 

«Нарында окуган, жазган жана шаардын мектеби, паркы жакты. Бизде мындайлар жок болчу. Азыр мен мектепке барганга даярданып жатам. Жакында мектепке барып, билим алам. Апамдын аты Гүлниса, ал өрмөктү жакшы согот. Мен апамдын бул өнөрүн үйрөнө алган жокмун. Парвийна аймактык кабарчынын айрым суроолоруна мындайча жооп берди.

 

naryndagy-kichi-pamirlik-parviinanyn 2 naryndagy-kichi-pamirlik-parviinanyn 3

 

«Акча деген акча да. Ага сүт, айран сатып алат. Сүттү 20 сомго сатып алабыз. Кичи Памирде биз топоздун жана койдун сүтүнөн уютулган айранды ичебиз. Нарынга келип уйдун сүтүн ичип калдык. Памирде каттама, чабаты, боорсок деген тамактар бар болчу. Бул жакта тамактын түрү бар экен, мисалы манты, оромо, самсы, күрүч жана башкалар.

 

Келечекте мугалим болгум келет, анткени ал жазганды жана окуганды үйрөтөт. Мага жаз мезгили жагат, себеби анда ысык болот», - деди ал.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены