Мургабдык кыргыздарды муунткандарга бөгөт коюлабы?

Мургабдык кыргыздарды муунткандарга бөгөт коюлабы?

Орустардын геосаясий кызыкчылыгынын негизинде тарыхый Ата-Мекенинде туруп Тажик өлкөсүндө калып кеткен кыргыздар бар. Алар учурда Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда күн кечирип жатышканы баарыбызга маалым. Этникалык кыргыздар аталып, бөтөн өлкөдө тиричилигин өткөргөн кандаштарыбызга кыргыз мамлекети тарабынан жасалган катаал мамиле революция болгонуна карабай өзгөрүүсүз калды.

 

Тескерисинче, Кыргызстан менен болгон келип-кетүү байланышында боордошторго жасалган ээн баштык "зөөкүрчүлүккө" чейин жетүүдө. Айласы алты кеткен мургабдыктар кыргыздын Бажы, Чек ара, МАИ кызматткерлери тарабынан жасалган кордукка чыдабай, азык-түлүк, кем-карчын миң чакырым алыстыктагы Душанбе шаарынан алууга өттү. Күнүнө эки-үчтөн ээрчишип, Ош шаарынан Мургабды көздөй жүк ташыган унаалар учурда эмнегедир көрүнбөйт. Азыр айына бир жолу кетсе кетет, кетпесе жок экен.

 

Кыргыз бийлиги этникалык кыргыздардын мектептерине китеп жөнөтпөгөнү аз келгенсип, акылга сыйбас мамиле жасаганы алакандай кыргызды жоготуп алуу коркунучун жараткан жокпу!? Душманга жасабаган мамилени көрсөтүп, өтүнүчүн өкмөткө айталбаган Мургабдык жана Жергеталдык кыргыздарды шорлотуп жаткан "Шооруктарды" жалпы кыргыздын ажосу катары кой-ай деп койгонго убактыңыз жетер бекен, Роза Исаковна!

 

Алиби гезити

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены