Мургабдык кыргыздарды көчүрүп келген жетекчи

Мургабдык кыргыздарды көчүрүп келген жетекчи

Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы кадим замандардан бери кыргыздар байырлаган Мургаб району дүйнөнүн эӊ бийик жеринен орун алганы үчүн бул аймак «дүйнөнүн чокусу» деп аталып келет.


Климаттын, жашоо-шарттын катаалдыгына туруштук берген памирлик кыргыздар нечен кылымдардан бери эне тилин, салт-санаасын, маданиятын, улуттук өзгөчөлүктөрүн жоготкон эмес.


Бөтөн элде нукура кыргыз болуп жашап жүргөн бул чыдамкай, мээнеткеч кыргыздардын арасынан атагы алыска угулган эмгек баатырлары, парламент депутаттары, жооптуу кызматтарга чейин көтөрүлүп эл башкарган жетекчилер, акын-жазуучулар, илимпоздор өсүп чыккан.


Ошондой даражага жеткен кыргыздардын бири Камал Урустамов болгон.


Камал Урустамов негизинен найман, кыпчак, тейит уруулары жашаган Мургабдын Ак-Суу деген жеринде туулуп-өскөн. Даӊазасы далай жерге угулган Рахманкул хан деле ушул жердин кулуну болгон экен.


Дүйнөнүн эӊ бийик жериндеги кыргыз мектебинде мыкты окуган Камал Урустамов Кыргызстандагы Айыл чарба институтун ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Мургабдагы «Кара-Көл» совхозунда адегенде зоотехник, парткомдун катчысы, директор болуп эмгектенген.


Андан соӊ «Кызыл чек арачы» колхозунун төрагалыгына дайындалат. Чарбаны кыска мөөнөттүн ичинде ар тараптан өнүктүргөн ийгилиги жогору бааланып, республикада мыкты жетекчи катары тааныла баштайт.


Арадан көп өтпөй 35 жашында Мургаб районунун аткаруу комитетинин төрагалыгына дайындалып, бул жооптуу кызматта он жыл үзүрлүү иштеген. Облустук, райондук кеңештерге 20 жыл бою үзгүлтүксүз депутат да болуп, кыргыздар отурукташкан райондун экономикалык, социалдык, маданий ж.б. маселелеринин чечилишине бардык дараметин жумшап турган.


Айтор, жетекчилик ишмердигиндеги жаӊычыл ийгиликтери башкаларга өрнөк болуп, даӊазасы бүткүл республикага тарап турган кезде Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жалпы коммунисттердин атынан КПССтин XXVII сьездине делегат болуп барган.


Москвада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго жолугуп, төбөсү көккө жетип кубанган. Ошол учурашууда гуманист жазуучу да чет жерде жашаган кыргыз уулунун ушундай даражага жеткенине ары сыймыктанып, ары ыраазы болуп: «Бир кыргызды чоӊ съездге делегат кылып шайлаганы үчүн тажик туугандарга рахмат», - дептир, колун бекем кысып. Калемгер убакыттын тардыгына карабай Памирдеги кыргыздардын жашоо-турмушун, ал-абалын астейдил сурап, көпкө чейин сүйлөшүп турган экен.


murgabdyk-kyrgyzdardy-k-ch-r-p-kelgen-zhetekchi 2Тажикстанда саясий абал күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кезде Камал Урустамов 1992-жылы кыргыздардын биринчи дүйнөлүк курултайына делегат болуп келет. Дүйнөнүн булуң-бурчунан делегат болуп келген кыргыздардын ата мекен, Ала-Тоо жөнүндө толкунданып да, зарлап да сүйлөгөн сөздөрү ага катуу таасир этсе керек, Мургабга кайтып келгенден кийин макул боло турган кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп кетүү тууралуу ойлоно баштайт.


Бул максатты ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга кайра келип, Жогорку Кеңештин ошо кездеги белдүү депутаты Бегиш Ааматов, жазуучу депутат Төлөгөн Касымбековдор менен алдын-ала кеӊешкенден кийин вице-президент Феликс Куловго чогуу киришет.


Ал киши маселени уккан соӊ: «Келебиз деген оюңар болсо келгиле, жардам болот, биз кыргыздарды таштабайбыз», - деп айткан жылуу сөздөрү «дүйнөнүн чокусунан» чоӊ үмүт менен келген Камал Урустамовго канат байлаган.


Мургабдын аксакалдары, жаштары менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстанга көчүп кетүү маселесин ортого коёт. Ошо кезде ал совхоздун директору болчу.


Ошентип, макул болгон 30 үй-бүлө жүгүн таӊып, жолго чыгат. Кыргызстан аларды абдан жылуу кабыл алып, Жайыл районунун Кара-Дөбө айылына жайгаштырган. Чыныгы бир туугандык мамиле жасалганын Камал Урустамов маектеринин биринде минтип эскерген:


«Бардыгыбызга жаркыраган турак жай беришти, кийинчерээк ошол үйлөрдү менчиктештирип алдык. Айтор, бир тыйын коротпой үйлүү болдук. Анан ар бир жанга бир гектардан ашуун жер бөлүнүп, ал жерлер деле менчигибиз болуп калды».


Памирлик 30 үй-бүлөгө баш-көз болуп, тарыхый мекенине арзып жүрүп алып келген Камал Урустамов бул жерде деле үлгүлүү жашаган. Бир нече жылга созулган оорудан улам каза болуп, сөөгү Ала-Тоонун топурагына коюлган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены