Мургабчылар "Нооруз" майрамын Душанбеде белгиледи

Мургабчылар "Нооруз" майрамын Душанбеде белгиледи

Урматтуу жердештер өзүңүздөргө белгилүү кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин Жаңы жылын тосушкан. Ошого байланыштуу Нооруз майрамын биз да жалпы Мургабчылар Душанбе шаарында 21-март күнү Варзоб районунун эс алуу бороборунда өткөрдүк.

 

Душанбеде Мургабчылар 128 адам экенбиз мындан 12 үй бүлөсү менен калганы бой иштегендер менен студент жигиттер менен кыздар экен. Бул Душанбе шаарындагы жалпы Сары Кол кыргыздарынын экинчи жыйыны, биринчиси 2012 жылы Нооруз майрамында 132 адам чогулуп өткөрдүк эле азыркыда 128 болдук.

 

 

Андан тышкары коноктор да көп болушту. Нооруз майрамыбызга конок эсебинде Кыргызстандын Тажикстандагы өкүлчүлүгүнөн Кыргыз мамлекетинин Тажик мамлектиндеги консулу Сарыбаев Эрмек Адилбекович баш болгон Дүнүйөлүк банктын Тажикстандагы өкүлү кыргыз жигити Кубаныч, Кыргызстандын МВД сынын Тажикстандагы өкүлү, Кыргызстандын Коопсуздук органынын Тажикстандагы өкүлү жана Тажикстандагы кыргыз бизнесмендери бардыгы үй бүлөсү, жубайлары менен катышып сөз сүйлөштү.

 

1 2 3

 

Майрам өтө жогорку денгеелде, өтө шат оюн күлкү менен өттү; кыргыз Ордо оюну, көз таңмай, алтын шакек оюну, жоолук таштамай, билек менен күч сынашуу сыяктуу кыргыздын нукура оюндары уюштурулуп алдынкыларга приздер, баалу сыйлыктар берилди.

 

4 5 6

 

7 8

 

Акырында атып кетер элем Нооруз майрамынын өтүшүнө алгылыктуу аракет жасаган Нурлан, Исамидин, Кубатбек, Нияз, Жумабай жигитерибизге чоң ырызычылыгыбызды билдиребиз, ошондой эле башка уул кыздарыбыз да чоң салымдарын коштулар.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены