Мургабчылар Авиньон жылкы фестивалында

Мургабчылар Авиньон жылкы фестивалында

Бул күндөрү Тажикстандын тоолуу Мургаб өрөөнүнөн бир нече киши Францияда Жылкы фестивалына катышууда. Авиньон жарманкеси жылкы жандуу элдердин маданиятын даңазалоого арналган.

 

3500-5500 метр бийиктикте жайгашкан мургабдыктар алыскы Франциянын түштүгүндөгү Авиньон шаарында эл аралык жылкы жарманкесине катышууда. Бир нече саяпкер, өнөрпоз, кол өнөрчүлөр француздарга кыргыз жылкысын, кол өнөрчүлүгүн, музыкалык маданиятын көрсөтүшөт. Бул саякаттын мааниси тууралуу Бишкектеги "Кыргыз аты" корунун жетекчиси Жаклин Рипар "Азаттыкка" буларды билдирди:

 

- Авиньон кароосунда Чыгыш Памирди алар өз маданиятын, салттарын, кол өнөрчүлүгүн таанытырышат, концерт коюшат. Жылкы менен экотуризмди кантип өнүктүрүп жатышканын айтып беришет. Бул фестивалды тандаганымдын себеби, анда чет өлкөлүктөр көп болот. Бул жылкыга арналган эл аралык жарманке. Мен бул долбоорду ишке ашыра алганыма төбөм көккө жетип турат. Мургандыктар да Европадагы ушундай жерге баратканына кубанып жатышат.

 

Murgab fransia KurbanbaiАвиньон Жылкы жарманкеси Жер Ортолук деңизинин боюнда жайгашкан өлкөлөрдөгү, анын ичинде Түркиядагы жылкы жандуу элдердин маданиятын даңазалоого арналган.Жаклин Рипардын айтымында, бул жарманкени тургундар чыдамсыздык менен күтүшөт. Иш-чарада адаттагыдай эле салттуу ат оюндары, аламан байге, айтыш, концерт, көргөзмөлөр болот жана боз үй шаарчасы тургузулат.

3 жылдан бери Мургабда Ат чабыш фестивалы өтөт. Жумушсуздуктун деңгээли өтө жогору болгон Мургаб өрөөнү туризмдин өнүгүшүнө салым кошчу мындай иш-чараларга өзгөчө муктаж. Тилекке каршы өткөн жылдагы Тоолуу Бадахшан автоном областынын борбору Хорогдо куралдуу кагылыштардан кийин чек аралар жабылып калган эле. Андан берки абал тууралуу Мургабга барып келген Жаклин Рипар мындай дейт:

 

Murgab fransia 3- Тилекке жараша, Кыргызстан менен чек ара күн ысык маалда июль, августта бир айча жабык турду. 18ден 50 жашка чейинки жаштагы эркектер Кыргызстанга бара албай калышты. Бирок чет элдиктер үчүн чек ара октябрдын аягына чейин жабык болуп, интернет, телефон иштебей турду. Тышкы дүйнө менен байланыш такыр болгон жок. Мургабдыктар «эч деле кыйынчылык болгон жок, тынч эле жашап жаттык» деп айтышты. Бир гана туризм тармагында иштегендер үчүн кыйын болду. Жай качан келет, туристтер болоор бекен деп күткөндөрдүн тилеги таш капты. Алардын экономикалык абалы былтыркыдан начарлады, болбосо Хорог окуяларынан конкреттүү бир көйгөй болгон жок.

 

Эл аралык Ат чабыш фестивалы алгач Кыргызстандын Ысык-Көл, Алай өрөөндөрүндө өтчү. 2009-жылдан бери Тажикстандын аймагында өтүп келатат.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены