Мургаб жана Жерге-Тал жолу ачылды !

Мургаб жана Жерге-Тал жолу ачылды !

Баткендеги чырга шылтоолоп, биздеги алысты көрбөгөн шалаакы жетекчилер үч айдан бери Мургаб менен Жерге-Талда жашаган 50 миңге чукул кыргыздын жолун бөгөп, Кыргызстан менен байланышын үзүп коюшкан эле. Мамлекеттик маанидеги маселе чечилишин күтүп, кыйналганына карабай отурушту, чыдашты. Бирок, кыргызды, улутту ойлобогон кээ бир кыргыз жетекчилери буга кайдыгер карап, убакытты колунан келишинче созду. Ошондо чыркырап, борбордогу бир нече гезит-журналдардан, дүйнөлүк радио жана интернет түйїүндөрдөн көйгөйдү айтып чыктык. Үнүбүз угулуп, бир нече жетекчилер, депутаттар кабыл алып, маселенин тезинен чечилишине аракет көрдү.

 

Ошону менен бирге эле бизге каршы чыгып, мамлекетти ойлогон киши кейпин кийип, тескери сүйлөп, мени өкмөттүн далысына бычак сайган душманга да салыштырды. Моралдык жактан басым-кысым жасаганга аракеттенди. Бирок, биздин намысыбыз, абийирибиз бийиктигин көрсөтө алдык. Эч качан кыргыз эли мөгдүрөп, азап чекпеши керек. Кыргызга кыргыз душман болуп, бирине бири кыр көрсөтпөшү шарт. Албетте, муну эң алды Кыргыз мамлекетин башкарам деген эргулдар билиши зарыл.

 

Биз ушул жерден Мургаб менен Жерге-Талдагы кыргыздар үчүн күйүп-бышкан Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировго, вице-премьер министр Токон Мамытовго, журналист Жаңыл Жусупжанга, ошондой эле моралдык жактан колдогон Баяс Турал, Ибрагим Жунусов, Кыяз Молдокасымов, Бекен Назаралиев, Аликбек Жекшенкулов өңдүү коомдук ишмерлерге терең ыраазылык билдирип коюшубуз керек. Ошондой эле “Азаттык” радиосу, “Учур” гезити, “www.kyrgyztoday.kg”, “www.sary-kol.ru” сындуу маалымат каражаттарына дагы чоң рахматыбызды айтабыз. Сиздер бир эмес, миңдеген кыргыздын тагдыры үчүн күрөштүңүздөр. Ал эми мамлекеттик маанидеги деген атка жамынып, үрүп тургандарды абийирине койдук. Пенденин алдында миң актансын, кылган ишине Кудайым өзү тараза. Үч ай жолду бөгөп, мына нени чечти? Ак-Сайдагы жолдун курулушу дагы деле түйүлгөн бойдон калды.

 

Кыскасы, басым-кысымдын алдында күн кечирип жаткан Мургаб жана Жерге-Талдагы этникалык кыргыздарга саясат-паясатыңдын кереги жок. Тескерисинче, бизден жардам гана болушу керек. Айтор, мындан ары жолдун бөгөйбүз дегендер алдын ала ойлонуп, анан иш кылса дейбиз!

 

"Учур" гезити

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены