Мургаб районундагы “Ак-Жылга” күмүш кенин иштетүүдөгү айрым шарттар белгилүү болду

Мургаб районундагы “Ак-Жылга” күмүш кенин иштетүүдөгү айрым шарттар белгилүү болду

Тажик бийлиги Мургаб районундагы «Ак-Жылга» күмүш кенин кытайлыктарга иштетүү үчүн берип, бирок келишимдин шарттарын толук айткан эмес. Бул арада «Азаттыктын» тажик кызматына кол коюлган келишимдин көчүрмөсү тийди.

 

Документке ылайык, кытайлык «Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент» компаниясы 2037-жылга (18 жыл) чейин күмүш казууга уруксат алган. Буга чейин тажик өкмөтү парламент жыйынында 7 жылдык мөөнөт жөнүндө гана сөз кылган.

 

2019-жылы 1-октябрда тажик парламентинин төмөнкү палатасы күмүш кенин кытай инвесторлоруна берүүгө макул болгон.

 

«Ак-Жылга» кениндеги күмүштүн кору боюнча ар түрдүү маалымат бар. Парламенттик талкууда кендин запасы 113 тонна деп бааланса, айрым басылмалар Геология башкармалагына таянуу менен 205 тонна күмүш бар экенин жазып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик болсо «Ак-Жылга» 414 тонна күмүш бар деп эсептейт. Келишимде болсо бул тууралуу маалымат жок.

 

Келишим боюнча инвестор алгачкы үч жылда жумуш орундарынын 40% тажикстандыктар, 60% чет өлкөлүк адистер менен толуктайт. Үч жылдан кийин жергиликтүү персоналдар 80% чет өлкөлүктөр 20% пайызын түзүшү керек. Учурда кенде 106 киши иштөөдө, алардын ичинен 70и Кытай, 36сы Тажикстан жараны.

 

Буга чейин кытайлык компания жумушчулардын орточо айлык акысы 260 доллардан ашарын маалымдаган. Бирок айрым булактар бул убактылуу жумуш экенин, кен өтө бийик жерде жайгашкандыктан, кыш мезгилинде иштөө мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.

 

Тажикстанда алтын кендеринин 80 пайызын тажик-кытай биргелешкен компаниялары иштетет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены