Мургаб райондук Өкмөттө: Жылдын тогуз айлык жыйынтыгы

Мургаб райондук Өкмөттө: Жылдын тогуз айлык жыйынтыгы

2016-жылдын 13-октябрында Мургаб райондук аткаруу органынын чоң жыйындар залында райондук эл чарбасынын тармактарындагы жылдын тогуз айлык жыйынтыгы чыгарылып жана бул жылды ийгиликтуу аяктоо боюнча райондун төрагасынын жыйынтыктоо жыйыны болуп өттү.

 

Мургаб районунун 2015-жылдагы тогуз айлык жыйынтыгы жүргүзгөн иштери боюнча докладды райондун төрагасы¬нын биринчи орун басары Э.К.Сатаров жасады.

 

Докладда райондогу жалпы жүргүзүлгөн иштер боюнча кеңири чагылдырылып, так фактылар менен коштолуп, көптөгөн ийгиликтер белгиленди. Ра¬йондун жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салыктын баш¬ка түрлөрү сапаттуу аткарылбай жаткандыгы, өзгөчө мамлекеттик салыктын кэз бир түрлөрү аткарылбай калгандыгы көрсөтүлдү.

 

Райондо бул убакытта бир катар курулуш иштери ийгиликтуу бүткөрүлгөндүгү, социалдык-маданий жайлар ишке берилгендиги, учурда дагы көптөгөн курулуш иштери улантылып жаткандыгы белгиленди. Маселен, ГЭСтеги курулуш иштери, юстиция имаратынын жана Мургаб жамаатынын жаңы имараты сыяктуу заманбап курулуштарды айтууга болот.

 

Ошондой ийгиликтерге карабастан кээ бир тармактарда жетишпегендиктер, көңул буруп, көзөмөлгө алынуучу иштер бар экендиги белгиленип өттү. Райондун терагасы докладдан соң ар бир мекеме-уюм жетекчилеринен толуктоолорду угуу менен, эмнеге көңүл буруулары керектигин так жана баса белгиледи.

 

Райондун төрагасы райондук мал чарбасынын жетекчиси У. Куттугалиевдин толуктоолорун угуп, районубуздун мал чарбасын өнүктүрүүдөгү, өзгөчө жайыттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, фермерлер арасында салык маселеси, мал чарба азьк-түлүктөрүн сатуу иштерин көзөмөлгө алуу менен бул тармакты заманбал өнүктүрүү боюнча милдеттерди койду.

 

Төрага ветеринардык кеңсенин жетекчиси Ы. Тилемишовго райондо малдарды эмдөө маселесине ветаптека, ветдарыларды сатуу ошондой эле малды карышкырлардан коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

 

Андан соң, төрага жерге жайгаштыруу комитетинин жетекчиси Ж.Кенжекуловго, райондук архитектор М.Абылкасымовдорго өз иштери бо¬юнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Автоунаа жол курулуш маселеси, борбордогу эл жүрүүчү жол, көпүрөлөр маселелери боюнча, кышка даярдыктардын жүрүшү боюнча тапшырмаларды берди. Медициналык уюмдардын жетекчиликтерине калкты медициналык жактан тейлөө маселеси, рентген, аптекалардагы дары сатуу ж.б. маселелерге көңүл бурууну тапшырды.

 

Жыл сайын жеткиликтүү чечилбей келаткан кароосуз тентиген иттер, малга карышкырлардын кол салуулары, таштанды маселеси жана калкты таза суу менен камсыздоо көйгөйлөрүнө, ошондой эле телефон байланышы, шаарчабыздын тазалыгына, көркүнө өзгөчө токтолду. Булар боюнча тиешелүү уюмдарга так милдеттер тагылды.

 

Райондун төрагасы райондук билим берүү, маданий бөлүмдөрүнө калкыбызга жыкшы кызмат кылып, өз иштерин жогорку деңгээлге көтөрүү милдетин койду. Районубуздун ар бир жамааттарындагы, жер-жерлердеги чечилбей жаткан маселелерди терең иликтеп, калктын социалдык-экономикалык жашоо деңгээлин көтөрүүнү жамаат башчыларына тапшырды.

 

Райондун төрагасы жыйынды аяктап жатып, райондун уюм-мекемелеринин жетекчилерин, активдерин өлкөдө тынчтыктын негиздөөчүсү Улут ажосу, урматтуу Президентибиздин, Тажикстан Өкмөтүнүн саясатын колдоо менен алдыда турган милдеттерди абийирдүүлүк, чоң жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

 

"САРЫКОЛ"-пресс.
ноябрь 2016
www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены