Мугалимдин эсинде калган Бадахшан

mugalimdin-esinde-kalgan-badakhshan 1


Комсомолдун Мургаб райкомунун экинчи катчысы болуп иштеп жүргөн кезде жаштардын өздүк-көркөм чыгармачылык фестивалында Жаңыл Мырзанын ролун аткарган Жамал Жарылдаева жана партиянын райкомунун бөлүм башчысы, ысык-көлдүк Бугубай Ибраев. 1957-жыл.

 

Элүүнчү жылдардан кийин көптөгөн кыргызстандык мугалимдер Тажикстандагы кыргыздар жашаган Жерге-Тал, Тоолуу Бадахшан Автоном облусундагы климаты өтө катаал Мургаб райондоруна өз ыктыярлары менен барып, ал жактагы улутташтардын улан-кыздарына билим бере баштаганы - өзүнчө бир унутулгус тарых.

 

Тажикстандын бийик тоолуу бул аймагында жогорку билимдүү мугалимдер жок болгондуктан, кыргызстандык мугалимдер келгенден кийин мектептердин окуу-тарбия иштери абдан жанданган.

 

Ошол мугалимдердин бири – 1954-жылы Ысык-Көлдөн Мургаб районуна барып бир нече жыл иштеп келген 80 жаштагы Жамал Жарылдаеванын жакында жарык көргөн «Эсте калган Мургаб, Тоолуу Бадахшан» деп аталган китепчесин окугандан кийин, убагында ушундай баалуу иш кылган кыргызстандык башка мугалимдерди да урмат менен эскерип, окурмандардын назарына жеткирип коюуну ылайык көрдүм.

 

Түштүккө барып мугалим болуп иштөөнү чечкен жаш адис Жамал Жарылдаева 1954-жылы поездде келатып, бир тууган эжеси менен институтта чогуу окуган көлдүк Ишен Бегалиев жана жолдошу Салыйкан менен таанышып калат. Көрсө, сапарлаштары Памирдин Мургаб деген жеринде иштеп жүрүшкөн экен. Туулган жерге эс алууга келип, кайра ошол тарапка баратышыптыр. Жубайлар Жамалдын Фрунзе районуна барып мугалим болуп иштей турган максатын билгенден кийин: «Биз менен эле Тажикстанга жүргүн» дешет. Жамал ары ойлонуп, бери ойлонуп, Ошко жакындаганда: «Мейли, силер менен эле чогуу кетейин» дейт да, көрбөгөн-билбеген Памирди көздөй сапар алат.

 

«Мургаб райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген жаш жигит да бизге сапарлаш болуп калды, - деп жазат ал эскерүү китепчесинде. - Жолдо баратып ошол жигит Мургаб жөнүндө сонун нерселерди сүйлөп, бак-шактуу, гүлзарлуу жерди көз алдыма элестетип жатты. Мен анын айткандарына ишенип, ичимден кубанып келаттым. Жолдо мурдум канап, аба жетишпегендей башым айланат, демим кыстыгат. Эмнеге мындай десем, улам бийиктеген жолдо түтөк кармаган экен. Чыйырчык, Талдык, асман мелжиген Кызыл-Арт дабандарын аштык. Узак жол жүргөндөн кийин Мургабга жетип келдик. Ай жарык. Машинеден түшсөм, айлана бопбоз эле болуп көрүндү. Ага анча деле маани бербей, «биз түшкөн үй ушундай жерде болсо керек» деп ойлоп койдум.

 

Жанагы жаш жигит: «Көрүшкөнчө!» деген бойдон бизден бөлүнүп кетти. Таң атканда сыртка чыксам, баягы жигит айткандын бири да жок. Тегерете тоо кыркалары курчалган, шамал ышкырып боз топурак учуруп турган, бир да дарагы жок жылаңач жер экен. Көрсө, ал жигит мага тамашалап айткан экен, фантазияларын. Эртеси Ишен аба районго ээрчитип барып, балдар үйүнө тарбиячы, орто мектепке бир аз саат менен мугалим кылып, убактылуу орундаштырды.

 

Памирге баргандын экинчи жылы эле комсомолдун райкомунун экинчи катчылыгына шайландым. Биринчи катчы баягы биз менен чогуу келген жаш жигит Шаршенбай Садабаев, ал да көлдүк экен. Экинчи катчылык кызматымды жигердүүлүк менен аткарып жүрдүм. Иштермандыгымды жогору баалашып, чек арачылар отряды жайгашкан Эгиз-Кыштак деген жерден депутаттыкка да көрсөтүштү. Жазмыштан өмүр канча берилсе ошончо убакыт бою өзүмдүн туулган жеримдей болуп калган, топурагы тозуган Мургабдан, Тоолуу Бадахшандан кабар алып тургум келет…»

 

mugalimdin-esinde-kalgan-badakhshan 2

Райкеңештин депутаттары (солдон оңго карай) Жамал Жарылдаева, Мургаб райаткомунун төрагасынын орун басары жана райгезитинин редактору.

 

Мектептерде, кыз-келиндер педагогикалык институтунда ж.б. окуу жайларында үзүрлүү эмгектенген эл агартуунун мыктысы, 18 жашында Памирдин катаал шартында жашаган кыргыздардын балдарына бир нече жыл билим берип келген 80 жаштагы ардагер мугалим Жамал Жарылдаева Мургабда өткөргөн күндөрүн ушу кезге чейин унутпай жүргөнүн ушинтип эскериптир чыгарган китепчесинде. «Бир жолу туз татыган жерге миң жолу салам айт» деген ушул.

 

Ырас, Тажикстандын кыргыздар жашаган райондоруна барып мугалим эле эмес, башка кызматтарда да иштеп, кези келгенде өз мекендерине кайтып келишкени да, ошол жакта биротоло жашап калышканы да болгон.

 

Чүй районунда туулуп-өскөн Чоко Сасыкулов - Жерге-Талга 1940-жылы келип, кыргыз балдарынын сабатсыздыгын жоюуга өзгөчө салым кошкон инсандардын бири. Көп жылдар бою мугалим, мектеп директору болуп иштеген. Жергиликтүү элдин урмат-сыйына арзып жүрүп каза болгондон кийин сөөгү ошол жерге коюлган. Бир тууган иниси Касым Жумакеев да мугалим болгон. Анын кызы Сайрагүл Сасыкулова тажик жигитине баш кошуп, атасындай мугалимдик кылып, биротоло отурукташып калган.

 

Тажикстандын эл агартуусунун мыктысы, химия жана биология мугалими Эмил Сарыбаев Жерге-Талга жубайы менен 1957-жылы келип, 30 жылдан ашуун мугалимдик кылган. Аялы Каусар Сарыбаева болсо саясий жаңжал чыкканга чейин райондун аткаруу комитетинде бөлүм башчы кызматын аркалаган. Эмил Сарыбаев деле ошол жакта дүйнөдөн өтүп, сөөгү ошол жерге коюлган.

 

Кыргыз милициясынын генералы Тилек Асаналиевдин атасы да ошо элүүнчү жылдары Жерге-Талга үй-бүлөсү менен барып, улан-кыздарга таалим-тарбия берген. Генерал Тилек Асаналиев ошол жерде төрөлгөнү үчүн жергеталдыктар аны «биздин генерал уулубуз» деп сыймыктанып жүрүшөт.

 

Тажикстандык кыргыздардын уул-кыздарын Кыргызстанга алып келип жогорку билим берүү жаатында атактуу диалектолог, маркум Жээнбай Муканбаевдин салымы да баа жеткис. Ал 1951-жылы Каратегин өрөөнүнө барып, ошол аймактагы мектептерге мугалимдерди даярдоочу курстарды уюштуруучулардын бири болгон жана билим алууга жөндөмдүү жаштарды Кыргыз мамлекеттик университетинин филология ж.б.факультеттерине жеңилдетилген сыноо менен кабыл алдырып, аларга өзүнүн бир тууганындай кам көргөн. Кыргыздардын салт-санаасы, оозеки чыгармачылыгы, тилинин диалекттик өзгөчөлүктөрү тууралуу бир нече этнографиялык очерктерди, илимий-изилдөөлөрдүн топтомдорун жазып, жарыкка чыгарган.

 

Айтор, буга дагы көптөгөн мисалдарды келтирсе болот.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены