Мекенине кайтып келген этникалык кыргыздын ата-журтунан алган таасирлери (видео)

Мекенине кайтып келген этникалык кыргыздын ата-журтунан алган таасирлери (видео)

Түрдүү тарыхый окуялардан улам дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчунда жашап, отурукташып калган кыргыздар миңдеп саналат. Алардын бири этникалык кыргыз Бүнямин Токер.

 

Анын ата-бабалары Кокон хандыгы маалында, тагыраак айтканда, мындан 160 жыл мурда кыргыз жергесинен көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Арадан бир жарым кылым өткөндөн кийин, ата-бабасынын керээзин аткарып, урпагы тарыхый ата журтуна кайтып келди.

 

Бүнямин Токер түбү кыргызстандык. Анын бабалары 1855-60-жылдар аралыгында Орус империясы Түштүк Кыргызстанды каратып алуу аракетин көрүп жаткан учурда Курманжан Датканын уулу Абдылдабектин жетекчилиги астында Ооганстанга качышат. Абдылдабектин урпактары 1979-жылга чейин Памирде жашап, Советтик армия Ооганстанга киргенде, Пакистанга жер которушат. Ошол кездеги памирлик кыргыздардын жетекчиси Рахманкул хандын сүйлөшүүлөрүнөн кийин он миңдей кыргыз, өзбек, түрмөндөр Түркиянын Ван облусуна көчүшөт. Ван аймагында кыргыздар азыр Улуу Памир айылында жашашат.

 

Дээрлик 160 жылдан кийин ата мекенине келген Бүнямин мырзанын ата журтунан алган таасирлери зор экенин айтат. Кыргызстанга буга чейин келбесе да тарыхын жакшы билип, өлкө тууралуу маалыматтарды окуп, бул жакка келип кеткендерден дайыма сурай берчүмүн дейт. Бир жумалык сапарында ал Бишкекте болуп, Ысык-Көлдү айланып чыккан.

 

Маданиятка, спортко жакын. Ушундай улам кыргызстандык спортчулар, маданият кызматкерлерин Түркияга чакырып, түрдүү фестивалдарга катышуусуна менеджерлик кылып келет. Этникалык кыргыз Кыргызстанга жөн гана келип кетпестен, туризм тармагынын өнүгүүсүнө салым кошсом дейт. Бүнямин алдыга койгон максатын ишке ашырып, келерки сапарында Ошко барып, ата-бабалары жашаган жерди басып, ичкен суусунан даам сызып, Курманжан датканын күмбөзүнө зыярат кылсам деген тилеги бар.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены