Мекенди коргоо: Эр жигиттин ыйык милдети

Мекенди коргоо: Эр жигиттин ыйык милдети

3-апрель. Мургаб. Бул күнү райондун борборундагы аянтча өзгөчө шаңдуу. Ыр-күү жаңырып, жаштардын бийлери менен коштолуп өткөрүлүп жаткан бул иш чара–аскерге чакырылган эр жигиттерди аскер бөлүктөрүнө узатуу аземи болду. Районубуздун жамаатарынан Мекенди коргоого биринчи тайпада он алты жигит жөнөп жатышты. Аскерге чакырылган эр жигиттердин да, аларды узатып келтишкен ата-энелердин да, дос-жарлардын да, айтор ушул иш чарага келишкендердин баарынын маанайлары жарык, көңүлдөрү куунак экендиги көргөн көздү кубандырат...

 

“Мургаб районунда 2018-жылдын аскерге чакыруунун жазгы иш чарасынын башталышы бир топ кубанарлык,- деп билдирди Мургаб районунун төрагасынын биринчи орун басары Исрор Исроров. Анткени, мына бүгүнкү күнү биринчи эле чакырууда он алты акерге чакырылуучу жаштарыбыз жөнөп калды. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай-быйылкы жылы жамаатарыбыздын жаштарынын арасында өз ыктыяры менен аскердик милдетин өтөөгө аттангандардын саны арбын. Маселен, Ыраң көл жамаатынан эле алты аскерге чакырылуучу жаштары өз ыктыяры менен Мекенди коргоого жөнөштү. Демек, бул жамааттын төрагасы К. Раимжанов, жамааттын аскердик учет көзөмөлү боюнча адиси Р. Шажанов ж. б. жамаат кызматчылары жаштарды аскерге даярдоодо алгылыктуу иш алып баргандыгы байкалат. Мындай демилгелүү жагдай башка жамаатарда да бар. Буйруса, районубуз дагы эле бул иш чараны биринчилерден болуп ийгиликтүү жыйынтыктайбыз деген үмүттөбүз.”

 

Мургаб районунун төрагасынын биринчи орун басары Исрор Исроровдун бул сөзүнөн улам Ыраң көл жамаатынын жетекчиси, адиси жана аскердик милдетин аткарууга аттанган жигиттер менен да бир аз сөз учугун улаганыбызда жамааттын төрагасы Раимжанов Курбанбай төмөнкүлөрдү билдирди: “Албетте, мен аскерге жөнөшкөн ыктыярдуу бул жигиттерге, аларды тарбиялап өстүргон ата-энелерине, калкыбызга терең ыраазычылык билдирем. Бир топ иш чаралар болуп тургандыгына карабастан, дагы белгилей кетүүчү нерсе - мурунку аскерге барып келишкен жана бул күндөрдө аскердик кызмат өтөп жүргөн жигиттерибиздин да ролу бар, бул жерде. Анткени, алар менен баарлашып, байланышып, алардан жаштарыбыз таасир алышууда. Мисалга алсак, Бакиров Алимидин Курбанбаевич деген жигитибиздин бир тууган агасы Бакиров Жумабай Курбанбаевич ушул күндө Душанбе шаарындагы 45045 аскер бөлүгүндө кызмат өтөөдө. Ага карабастан апасынын макулдугу жана өз ыктыяры менен аскерге жөнөп отурат. Эми жигиттерибиз тынч-аман барып жигиттик парздарын аткарып келишсин деп тилейбиз”-деп билдирсе, жамаатын аскердик учет боюнча адиси Рашид Шажанов: “Биз жаштарыбыздын бул ыктыярдуу чечимдерине ыраазыбыз жана булар менен сыймыктанабыз-дейт өз сөзүндө. Жигиттерибиздин арасындагы Камаров Осмонали Эргешбаев Кыргызстанда эмгек миграциясында жүргөн. Аскерге чакырылганын угуп, кечээки күнү келип, үйүндө бир күн гана ата-энеси менен болуп, мына бүгүн аскерге жөнөп отурат. Буларга ак жол каалаймын”.

 

Ошону менен катар жигиттердин өздөрү менен баарлашканыбызда, алар маанайлары көтөрүңкү, жаштык демдери ташкындап: “Биз өз ыктыярыбыз менен жөнөдүк. Балким, аскерге барып, эл-жер көрүп, Мекенибизди коргоп келип, ата-энебизге, эл-жерибизге кызмат кылсак жакшы болор деп ойлойбуз. Дагы бир маселе, мамлекеттик тилди үйрөнүп, мүмкүнчүлүк болсо андан ары окуп алсакпы деген ойлор бар”,-дешет.

 

Ооба, Мекенин коргоо, аскердик милдетин аткаруу-ар бир эр жигиттин ыйык милдети эмеспи. Ылайым, аскердик кызмат-милдеттерин өтөөгө аттанган районубуздун бардык эр жигиттерине ак жол каалайбыз, максат-тилектери ишке ашсын! Бактылуу болушсун!

 

"САРЫКОЛ" пресс.

Гожомберди Н.С.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены