Мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен ыйык парзын аткарган эр жигиттер

Мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен ыйык парзын аткарган эр жигиттер

Баарыбызга белгилүү 4-апрель күнү райондун борбор аянтчасында өзгөчө шаңдуу, ыр-күү жаңырып, жаштардын бийлери менен коштолуп өткөрүлүп жаткан бул иш чара аскерге чакырылган эр жигиттерди аскер бөлүктөрүнө узатуу аземи болду. Районубуздун жамаатарынан Мекенди коргоого биринчи тайпада он алты жигит жоноп жатышты. Аскерге чакырылган эр жигиттердин да, аларды узатып келишкен ата-энелердин да, жана ушул иш чарага келишкендердин баарынын маанайлары жарык, көңүлдөрү куунак экендиги билинип турду...

 

Мургаб районунда 2019-жылдын аскерге чакыруунун жазгы кампаниясынын иш чарасынын башталышы бир топ кубанарлык,- деп билдирди Мургаб районунун төрагасынын биринчи орун басары И.Исрорзода. Анткени, мына жазгы чакырууда он алты аскерге чакырылуучу жаш уландарыбыздан, өз ыктыяры менен он үч бала жөнөштү. Белгилей кетүүчү жагдай быйылкы 2019-жылы жамаатардын жаштарынын арасында өз ыктыяры менен аскердик милдетин өтөөгө аттангандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

 

mekendi-korgoo-ch-n-z-yktyiary-menen-yiyk-parzyn 2

 

Алсак: Мургаб жамаатынан алты, Кызыл Рабат жамаатынан эки, Аличор жамаатынан эки, Г.Бердибаев жамаатынан бир, Каракөл жамаатынан эки улан Мекенди коргоого өз ыктыярлары менен жөнөштү. Бул иш чараны Мургаб району биринчилерден болуп ийгиликтүү аткарат деймин, себеби былтыркы жылдарга караганда быйылкы жылкы аскерге чакыруу жеңил болду анткени, өз ыктыяры менен аскерге жөнөгөндөр болгонуна байланыштуу жана жамааттардагы жаштарды аскердик учётко алуу кыз- маткерлери, да алгылыктуу иштерди алып барыштылар десем жаңылбайм.

 

Учурда аскерге жөнөшкөн ыктыярдуу бул жигиттерге, аларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине, терең ыраазычылык билдирем. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе мурунку аскерге барып келишкен жигиттерибиздин да таасирлери болууда. Анткени, алар менен байланышып, алардан жаштарыбыз таасир алышууда. Ошондой эле ата-энесинин макулдугу жана өз ыктыяры менен аскерге жөнөгөндөрү айгинеленип турат. Сөзүнүн акырында Мекенин коргоого, жөнөгөн эр жигиттерибиз тынч-аман барып жигиттик парздарын аткарып келишин тилеймин деп белгиледи.

 

Андан соң сөзгө райондук аскер комиссариатынын башчысы Карбаншоев Дөөлатбек, Мургаб райондук ТЭДП төрагасы Акжаров Жаркынбай, район- дун имам хатибтери Айдекеев Ыхбалбек, Якубов Якуб, райондук ардагерлер кеңешинин кызматчысы Лашкарбекова Бахтижамол, аскердик өз милдеттерин өтөп келген Исраилов С. Ырыскулов Ш. жана ата-энелердин атынан Токтосунов Абдижамил Турумтаевич сөзгө чыгышып аскерге жөнөгөн балдарга өз мекендерин коргоо милдеттерин аткарып кайра өз жерине, үй бүлөөсүнө тынч аман келишерин тилеп баталарын беришти.

 

Ошону менен катар аскерге жөнөп жаткан жигиттер менен маектешкен учурда, алардын маанайлары көтөрүңкү болуп “Биз өз ыктыярыбыз менен жөнөдүк. Биринчиден мекенибизди коргоп келип, ата-энебизге, эл-жерибизге кызмат кылсак деп ойлойбуз. Экинчиден, мамлекеттик тилди үй- рөнүп, эл аралап, Өлкөбүздүн шаарларын, борборун көрүп, мүмкүнчүлүк болсо андан ары Душанбе шаарында окуп алсакпы деген ойлор бар” -де- шет.

 

Албетте, Мекенин коргоо ар бир эр жигиттин милдети эмеспи. Биз аскердик кызмат-милдеттерин өтөөгө аттанган районубуздун бардык жигиттери менен сыймыктанып аларга ак жол тилейбиз, ылайым, максат-тилектери ишке ашып, бактылуу болуп, ата-энелерине, өз элине, жерине тынч-аман келишерин каалайбыз!

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены