Мамкызматта иштеген Ван (памир) кыргыздары көбөйүүдө. Кандаштарга жасалган экспедиция

Мамкызматта иштеген Ван (памир) кыргыздары көбөйүүдө. Кандаштарга жасалган экспедиция

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Түркиянын Ван аймагына илимий экспедиция уюштурган. Окумуштуулар кандаштардын үрп-адаты, кийими, тамак-ашы, маданияты тууралуу материал чогултуп келишти.


Кыргызстан редакциясында конокто тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкы адиси Атыркүл Сейизова, тарых илимдеринин кандидаты Назира Момунбаева жана тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев болду.

 

 1 2
Түркиянын Ван провинциясына уюштурулган илимий экспедиция 1-июлда башталып, 10 күнгө созулду © Фото / пресс-служба Минкультуры КР

 

— Экспедицияны уюштуруунун максаты эмнеде?


Назира Момунбаева: — Беш жыл мурун ушул идея келип, аны долбоор кылып жазып койгом. Вандык кыргыздардын материалдык, руханий байлыктары жазылбай, аны билген улуу муун өтүп кетеби деген коркунуч бар. Учурда улуу наркка басым жасалып жаткандыктан министрликке сунуштап, колдоо таптык.

 

 2 2
Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Назира Момунбаева

 

Атыркүл Сейизова: — Президенттин "Улуттук нарк жөнүндөгү" жарлыгынын негизинде министрликтин 2023-жылдагы планына ылайык ишке ашырылды. Азыр көчмөндөрдүн көөнө тарыхы маанилүү экени баарыбызга белгилүү. Ванга барган окумуштуулар көп маалыматтарды алып келишти.

 

 2 3
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкы адиси Атыркүл Сейизова

 

— Кимдер барарын кантип чечтиңиздер?


А.С.: — Алгач илимий сапарга Сулайман Кайыповду коштук, себеби ошол жакта жашап, он жылдай Ван кыргыздарын изилдеген. Көп маалыматтарды билет жана жергиликтүү элдин психологиясын өздөштүргөн. Экинчиден, элдик кол өнөрчүлүк, ат жабдыктарын изилдөөгө окумуштуу Октябрь Капалбаевди алдык. Ал эми кийимдерин изилдөө тарых илимдеринин кандидаты Назира Момунбаевага жүктөлдү. Жумушчу топко кол өнөрчү Асел Калканова да кошулду.


Барганда бизди абдан жакшы тосуп алышты. Үйлөрүнө алып барып ата-энесинен калган салттуу кийимдерин, териден жасаган буюмдарын көрсөтүштү. Элечекти каляк дешет. Аны энеден кызга мурас катары сакташат экен. Ысырапкорчулук, тойго белек алып баруу жок, бата берүү үчүн барышат.

 

 1 3
Фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист, котормочу, журнaлист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов

 

— Агай, сапар кыйын болгон жокпу? Кандай жаңылык менен келдиңиздер?


Сулайман Кайыпов: — Буга чейин мындай саамалык болгон эмес. Мамлекет өзү колго алып, Ван кыргыздарынын маданиятын биздин бир бөлүгүбүз катары караганы абдан жакшы. Башка өлкөдөгү кыргыздардын маданиятын изилдөө жеке кишилердин демилгеси менен гана жасалып келген. Мен алгач 1997-жылы барып, 2007-жылга чейин Вандагы университетте профессор болуп иштедим. Кыргыз айылы мен турган жерден 136 чакырым алыс турчу. Ал кезде террор күчөп тургандыктан жөнөкөй эл түшкөн унаа менен бара албайсың. Ошол себептен университеттин ректору машина бөлүп берген. Мамлекеттик номердеги унааны жолдон полиция токтотпогондуктан алып барып таштап, ишим бүткөндөн кийин кайра алып кетчү. Ошентип жеке каалоом менен он жыл изилдедим. Буга да каражат керек. Мамлекеттин көзөмөлүндө болбогондон кийин шарт өтө кыйын болду.


Өнүккөн өлкөлөр өз диаспораларын чет элде атайылап түзүп жатышат. Улуттук саясатыбызда Түркия, Афганстан, Өзбекстан, Монголия, Япония, Кытай жана Россиядагы кыргыздар диаспора катары өз ордун табышы керек.

 

 1 4
Сулайман Кайыпов: мындан 40 жыл мурункуга караганда Ван кыргыздарынын баары сабаттуу болуп, мамлекеттик кызматта иштегендердин саны 10 пайызды түзүп калыптыр

 

Экспедицияга барарда мурдагы изилдөөлөрүмдүн жыйындысы менен Памир кыргыздарынын этноменталдык сөздүгү, фольклору, тамак-ашы, кийими өңдүү өзүнчө программа даяр болуп калган. Фольклордук чыгармалары да ар түрдүү. 1997-жылдан бери салт-санаасы, укуктук маселелеринен көп нерсе өзгөрсө керек. Кайра тактаганда улам жаңы нерселер чыгат. Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты боюнча докторлук диссертация коргогом. Азыр мурдагы салттык тамактары унутулуп, түрк тамактарына оошкон, ошентсе да түпкү азыктарын сакташкан.


Мындан 40 жыл мурункуга караганда баары сабаттуу болуп, мамлекеттик кызматта иштегендердин саны 10 пайызды түзүп калыптыр. Мисалы, бир прокурор, 16 мугалим, төрт окумуштуу, төрт доктор, 33 медайым, бир банкир, 12 офицер, 56 сержант, 194 сакчы, 15 милиция, 3 комиссар, райондук 20 кызматкер бар экен. 4000-5000 кишилик айылдан ушунча киши кызмат кылып жатканы аз эмес. Элдин саны да өсүүдө. Анкарада да кыргыздар бар. Вандагы кыргыздар өз жерин сагынып, эңсеп айылын "Улуу Памир" деп атап коюшкан. Түркиянын башка жактарына тарап кеткен кыргыздар той-топурда Улуу Памирде чогулуп турат. Мурда үйлөнүү маселесин коом тандаса, азыр өздөрү тандайт. Кыздары башка улуттарга турмушка чыгып, жигиттер бөлөк улутка үйлөнүп баштаптыр. Кыргызстандан келин болуп барган 40 кыз бар. Ал жакта түрктөшүп кетүү саясаты жүрүп жатат. Анткени Түркиянын ар бир жараны түрк болуп эсептелинет.

 

 1 5
Кайыпов: вандык кыргыздар памирлик кыргыздардан бөлүнүп чыккан. Азыр тили, каада-салты жагынан памирликтерден да айырмаланат. Турак жайы, ашканасы башка

 

— Вандык кыргыздардан бизде унутулуп бараткан кандай улуттук кааданы ала алабыз?


С.К.: — Вандык кыргыздар памирлик кыргыздардан бөлүнүп чыккан. Азыр тили, каада-салты жагынан памирликтерден да айырмаланат. Турак жайы, ашканасы башка. Тамак-ашы боюнча изилдөөм эле Кытайдан үч том болуп чыкты. Алар тоо башында болсо да эттен, сүттөн жана дан эгинден укмуш тамактарды жасашкан. Кызыгы, көбүн унутуп калышыптыр. Каттаманын тогуз түрү, умачтын 25 түрү болгон. Ооруганда умач жасап сакайып кеткен. Кытайда XIII кылымда "Султандар жана падышалар муну сөзсүз жеши керек" деген китеп чыккан. Ага кыргыздардын умач жана буламач (буламык) деген эки тамагы кирген. Азыркыга чейин бузулбай турган нандарды жасашат. Ошонун баарын жеген адамдын ден соолугу мыкты болгон. Колго жасалып, колдун энергиясы өткөн тамактар даамдуу келет. Буларда 100 жаштан ашкандар көп. Афганстандагы кыргыздар андай эмес. Аларды изилдеп жүргөн америкалык окумуштуудан памирликтердин ханына "ширене" деген тамакты берип жиберүүсүн сурап кат жазгам. Алар эжигей жасап жиберишиптир, демек, унутуп калган. Ширенени ичкен адамдын организми тазаланып, иммунитети көтөрүлүп, кышында үшүбөйт, жайында ысыбайт. Аны быштактын сары суусунан жасайт. Ушунун баарын сурамжыладык.


Акыркы технология менен ушул азыктарды чыгарып дүйнөгө бренд катары жарыяласа болот. Кыздардын тагынган жасалгаларынан, кийиминен бери эстетикадан тышкары ден соолукка пайдасы чоң. Алып келген материалдарыбызды бир системага келтирип туруп, китеп кылып жарыялап, даректүү фильм даярдоого болот.

 

 1 6
Назира Момунбаева: кызды кичинекейинен эле тарбиялап, аялзатынын буюмдарын, маржандарын энелери кыздарына өткөрүп берет экен

 

— Тилдик өзгөчөлүктөрү кандай экен?


— Памир кыргыздарынын тили түштүк кыргыздарына окшоштугу менен айырмаланып турат. Этноменталдык, диалектологиялык сөздүктү түзүп жатып "динкүрөл" деген сөздү байкап калдык. Көрсө, биздин Ат-Башы, Алайда деле ушул сөз бар экен. Тоолуктардын сөзү. Сөздөрдүн да жаратылышына, климатына жараша катмары болот. Мисалы, ойрума деген сөз бар. Биз ойрума жерлерди французча серпантин (серпан — жылан дегенди билдирет) деп атап жатабыз. Анан да сонун макал-лакаптары бар.


"Кой ашыгы коногоч болсо сака тут, өзүңдөн кичүү билегеч болсо аке тут" дейт. "Коногоч, билегеч" деген сөздөргө көңүл бурсаңыз. "Ээр токумдун басыгын ээси билбейт ат билет, эр жигиттин жакшысын эли билбейт жат билет" деген макалды көп пайдаланышат.

 

 1 7
Атыркүл Сейизова: элечекти каляк дешет. Аны энеден кызга мурас катары сакташат экен. Ысырапкорчулук, тойго белек алып баруу жок, бата берүү үчүн барышат

 

— Элдик оозеки чыгармачылыгычы?


— Памир кыргыздарынын оозеки чыгармачылыгында алкактар кенен. Ашым Адыгузел деген 100 жаштан ашык жашаган акынына барып учурашсам ооруп жаткан, кетерде да коштоштук. Барсак, "Көроглу" дастанын айтып жатыптыр. Кызыгы "Манас" эпосу башка түрк элдеринде жок, бирок аларда "Көроглу", "Коркут ата" дастаны бар. Ал бизде жок, кыргыздарда ошол киши гана айтчу. Бирок түркмөн, өзбек тили аралашкан буруу тилде. Муну изилдеш керек. Мамлекет ушул экспедицияны дагы улантса болот эле. Изилдей турган иштер көп, миңдеген темалар жатат. Мени Түркиянын белгилүү агенттиги "бир айылдан 20 том китеп жазган киши" деп жазып чыккан. Азыр ал изилдөөлөр 20дан ашты. Менин колум жетпеген дагы ондогон китептер турганын көрүп турам.

 

 1 8
Октябрь Капалбаев: уруулук, аксакалдык каада-салтка болгон басым өтө чоң. Улууну абдан сыйлашат. Бирок "20 жылдан кийин сиңип кетебиз го" деген коркунуч бар

 

Октябрь Капалбаев: — Буга чейин жогорку окуу жайлары өз эсебинен окумуштууларын Алтайга, Тажикстанга, Өзбекстанга жиберип келген. Түркия — чоң цивилизация. Ошого туруштук берип, өз иденттүүлүгүн сактап келе жаткан вандык кыргыздарга рахмат. 1978-жылы Пакистанга көчүп барып, 1982-жылы Түркияга Рахманкул хан көчүп барарда түрк бийлигинен тоолуу, кар көп түшкөн, чек арага жакын жер сураптыр. Памирдеги 4500-5000 метрден түшкөн эл ошондой жашоого көнгөн. Улуу Памир тоонун этегинде жайгашкан айыл.


Биздикинен тери буюмдарында айырма бар экен. Биз барганда 118ге чыккан аксакал каза болду. Узак жашашат экен. 80-90 жаштагы ата-апалар чуркап жүрөт. Курсактуу кишини көрбөйсүң. Арыкчырай, чапчаң болушат. Маасыларды колго жасап кийип жүрүшөт. Тирүү кезинде эле өлүмтүк кийимдерин даярдап коюшат экен. Бизден алып кеткен ээрлери көп экен. Мурун ээрди Кашкардан алдырышчу экен. себеби Памирде бак өспөйт да.

 

 1 9
Октябрь Капалбаев: узак жашашат экен. 80-90 жаштагы ата-апалар чуркап жүрөт. Курсактуу кишини көрбөйсүң. Арыкчырай, чапчаң болушат. Маасыларды колго жасап кийип жүрүшөт

 

— Жашоо-шарты кандай экен?


Н.М.: — Үйлөрүндө бардык шарт бар. Түркия өкмөтү бизнес жасоого, чарба иштерине, окутуучулук жакты өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзүп, кайтарымсыз насыяларды берет экен. Үйлөрүндө жергиликтүү сонун эмеректер турат, бирок бир үйүн атайын кыргыз үй жасап, буюмдарын коюшат экен. Саймага басым жасашат. 17-18-кылымдарга таандык саймаларды көрдүк. Таң калычтуусу, Түркияда кийимдин түрү болсо да ушу кезге чейин материал сатып келип эски бычма үлгү менен көйнөк тигип кийишет. Кызды кичинекейинен эле тарбиялап, аялзатынын буюмдарын, маржандарын кыздарына өткөрүп берет экен.

 

 2 1
Ван кыргыздарына жасалган экспедициянын жыйынтыгы менен китеп чыгып, даректүү тасма даярдалат

 

О.К.: — Азыр айылда 2000дей киши жашайт. 1982-жылы 500 адам көчүп барса, азыр 5000ге жетип калган. Уруулук, аксакалдык каада-салтка болгон басым өтө чоң. Улууну абдан сыйлашат. Бирок "20 жылдан кийин сиңип кетебиз го" деген коркунуч бар. 20 уруу жашайбыз дешет, бирок он уруунун (кыпчак, найман, тейит) өкүлдөрүн жолуктурдук. Өздөрүнчө жаштар уюму бар экен. Алар көп иштерди аткаруу менен жаштарды окутуп, стипендиясын төлөп берүүчү деңгээлге жетиптир. Бизден кыргыз тилчи мугалим, анан комузчу сурашты. Улуу муундагы аксакалдар арабча, фарсыча, түркчө да эркин сүйлөшөт экен. Афганстанда, Пакистанда, Кытайда жашап келишкен да. Тамак-ашы, устукандардын улуулугу боюнча иерархиялык айырмачылыктар бар. Памирден келген ырларын билгендер гана күйөө жолдош боло алат экен. Арасында Рахманкул ханды ээрчип келген пактар, афган, тажиктер бар. Аларды "атабыздын керээзи" деп эч бөлбөй, "булар да кыргыз тууганыбыз" деп коюшат. Ички саясаты күчтүү. Үлгү ала турган жагы өтө көп. "Кыргызстанда тополоң болгон сайын жүрөгүбүз ооруйт. Таянарыбыз силерсиңер" дешти. Аларда да чек ара маселелери бар. Кош жарандуулук алсак дешет. Биздеги жаңылыктарды жакшы билет. Кадимкидей көз салып, угуп-билип турушат экен.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены