Кыргыз-тажик чек арасы: көчүп келгендер көбөйдү

Кыргыз-тажик чек арасы: көчүп келгендер көбөйдү

Апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын катары калыңдады.


Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кабарлашынча, Баткен облусунда жөнөкөй тартипте жарандык алуу үчүн жалпысынан 123 арыз түшкөн. Июль айынан бери беш адамга Кыргызстандын атуулдугу берилди.


Коңшу мамлекеттен көчүп келген этникалык кыргыздардын жарандык алуу, документтерин даярдоо, иш кагаздарын ирээтке келтирүү өңдүү иштерин бүткөрүү үчүн Баткенде атайын убактылуу борбор да ачылган. Анда иштегендерге Бишкектен барган адистер жардам берүүдө.


Чек ара жабык болгону үчүн Тажикстанда калган үйлөрү менен мал-мүлкүнүн жагдайынын биле албай отургандар бар. Алардын бири жашы жетимиштен ашып калган Карим Нарматов.


Учурда Ак-Татыр айыл аймагында жашап жаткан Нарматов Тажикстандан чегерилген пенсиясын да ала албай жатканын айтты. Ал коңшу өлкөдө алар үчүн жашоо оорлоп, ары-бери каттоо кыйын болуп калгандыктан Кыргызстандын жарандыгын алууну чечкен экен.


"Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтерди даярдап жатам. Тажикстандан келгем. Ал жакта биз үчүн жашоо кыйын болуп калды. Каттоодон чыгып баса бердик".


Баткен районунун Ак-Татыр айылында Карим Нарматовго окшоп Тажикстандан көчүп чыккандардын саны элүүгө жакын. Жергиликтүү бийлик аларга документ топтоо, каттоого тургузуу өңдүү жардамдарды берип жатат.


Ак-Татыр айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Нурмаматовдун айтымында, этникалык кыргыздардан бир бөлүгү быйыл апрелде чыккан чырга чейин эле көчүп келген.


"Мурда көчүп келгендер да бар. Бирок көбү Тажикстандан пенсия алганына байланыштуу кыргыз жарандыгын алган эмес. Апрелдеги окуядан кийин буларга ал жакка барып, пенсиясын алуу да кыйын болуп калды. Азыр бизге кайрылып жатат. Керектүү справкаларды берип, районго жөнөтүп жатабыз".


Учурда Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын туугандарына каттамы токтоп, кат-кабар алышуу кыйындады.


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев бул маселе боюнча Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси менен жолукканын билдирди.


"Апрелдеги окуядан кийин Баткен облусуна келген этникалык кыргыздардын саны көбөйдү. Көбү Тажикстандын Согд облусунан келгендер. Алар бизге Тажикстанда калгандар сурак берип, кошумча кысымга, текшерүүгө кабылганын айтып жатышат. Бул боюнча биз Согд облусунун жетекчиси менен жолугушуу өткөргөнбүз. Маселени айтып, абалды жөнгө салуу боюнча Тажикстандын тиешелүү кызматтарына да билдиргенбиз. Атайын жолугушууда да бул маселе талкууланган", - деди Алимбаев.

 

kyrgyz-tazhik-chek-arasy-k-ch-p-kelgender 2
Баткен облусунун башчысы Абдыкерим Алимбаев менен Тажикстандын Согду облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Раджобий Ахмодзода, 27-октябрь, 2021-жыл.

 

Расмий маалыматта Баткен облусуна Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын жалпы саны 800дөн ашуун. Алардын 452си жарандык алуу үчүн арыз менен кайрылган, 38и Кыргызстандын жарандыгын алган.


Ушул жылдын 8-июлундагы президенттин жарлыгынан кийин "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндөгү" убактылуу жобо күчүнө кирген.


Ага ылайык, жарандык алуу, каттоо иштерин жеңилдетип, кеңеш берүү үчүн Баткенде атайын убактылуу борбор уюштурулган. Анда азыр Бишкектен барган адистер иштеп жатат.


Борбор ишке киргенден бери 200дөй этникалык кыргыздын документтерин даярдоого жардам көрсөтүлгөн.


Бишкек шаарынын Октябрь райондук калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Салима Туякова жогорудагы жобого ылайык, этникалык кыргыздар үчүн жарандык алуу кыйла жеңилдегенин айтты.


"Документтери так эмес же такыр эле документтери жок жарандар үчүн чыгарылган жобо жөнөкөйлөтүлгөн. Күбөлүгү же паспорту жок жарандардын дагы жарандыкка алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мурда арызды катталган жеринен гана тапшыра алчу. Азыр Кыргызстандын кайсы гана жери болбосун калкты тейлөө борборлоруна тапшырса болот. Баткен районунда этникалык кыргыздарды кабыл алуу максатында атайын пункт ачылган. Анда этникалык кыргыздар үчүн маалыматтык кеңеш берүү жана жарандыкка кабыл алуу боюнча иш жүргүзүлөт. Бул жерде бир гана Баткен районунун кызматкерлери эмес, Ош жана Жалал-Абад облусунун адистери да тажрыйба алмашуу максатында келип иштейт".


Эске сала кетчү жагдай, ошол эле маалда Кыргызстандан коңшу өлкөгө канча адам көчүп кеткени тууралуу маалымат жок.


Расмий маалыматка караганда, былтыр 1400гө жакын адам жарандык алган. Алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн.


Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыз бар экенин билдирген.


Апрелдеги чек ара жаңжалынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы жабылган. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн гана чек ара өткөрмө бекеттери аркылуу эки тараптын макулдашуусу менен октябрь айында гана ары-бери каттоого уруксат берилген. Кыргызстан кимдер өтө аларын көргөзгөн атайын тизмеде этникалык кыргыздар үчүн да пункт бар.


Акыркы эки-үч ай аралыгында эки тараптын күч кызматтары бири-биринин жарандарын чек арадан "мыйзамсыз кесип өттү" деген күнөө менен кармап, кайра алмашкан учурлар катталган.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу жаңжалдар бат-бат катталып турат. Акыркы жолу ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены