Кол өнөрчүлүк "Улуу Мурас" (сүрөт)

Кол өнөрчүлүк "Улуу Мурас" (сүрөт)

Кол өнөрчүлүк Сары-Кол кыргыздарынын ата-бабаларынан калган улуу мурас. Тээ илгертеден бери эле Сары-Колдук кыргыздар кол өнөрчүлүктү жогору баалап аздектеп келген. Тоо арасында жашаган кыргыздардын жашоо турмушу, мергенчилик , мал-чарбачылык, жана башкалар баардыгы кол-өнөрчүлүккө тыгыз байланышкан. Илгери Сары-Колдогу усталар ошол жердеги (Сейнөстөндөгү) күкүрттөн ок-дарыларды жасашкан экен. Тоо арасындагы колу чебер усталар мергенчиликке ылайыкташкан атайын мылтыктарды, капкан-тузактарды ат, өгүз, эшек, төө жана башка мине турган улоо жандыктар үчүн үзөңгү, артайыл, казык, того, нокто, жүгөн, ээр-токум, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдарды боз-үйлөрдү, келин-кыздар үчүн атайын асемделип кооздолгон шакек, жүздүк, билерик, кулак сырга (сөйкө) жана башка адам-баласы үчүн керек болгон буюм-тайымдарды баардыгын жасап чыгарышкан. Сары-Кол өрөөнүндө колунан көөрү төгүлгөн көптөгөн усталар жашап өткөн. Бул кол-өнөрчүлүк уста-зергерчилик , тоо арасындагы кыргыз элинин, өжөрлүгү, чеберлиги, жөндөмдүүлүгү экендигинен кабар берет.


Күмүш алтын жана башка баалуу металлдардан Сары-Колдук усталар ар-түрдүү буюмдарды жасашып, бул чебер усталардын колунан жаралган ар-турдүү буюм-тайымдар Кашкар, Индия, Мисир, Бухара, Кокон жана башка көптөгөн аймактарга чейин жеткирилип сатылып турган. Тарых тастыктап тургандай Сары-Кол жергеси кол-өнөрчүлөрдүн мекени. Сары-Кол өрөөнүндөгү жылга-жыбыттардагы, кокту-колоттордогу бүгүн күнгө чейин сакталып калган усталардын алтын, күмүш, коргошун, жез жана башка металлдарды ээритип устакана кылып иштеткен жерлери бул айтылгандарга тарыхый так далил.


Сары-Колдук кыргыздар бул ата-бабалардан калган улуу өнөрдү бүгүнкү күнгө чейин сактап, аздектеп муундан муунга өткөрүп жоготпой келе жатат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн бүгүнкү күндө да уучубуз куру эмес. Сары-Кол өрөөнүндө жаштардын арасынан чыккан колу-чебер жигиттерибиз ондоп саналат. Бул өнөр ээлери мүйүздөн аркар-кулжалардын айкел сөлөкөттөрүн, темир жана башка ар-турдүү материалдардан бычак, накчегер, печка, шакек жүздүк, билерик жана башка ар-кандай кооз заманбап сувенирлерди жасап жүрүшөт.


Мисалы катары айта кетсек, кол-өнөрчүлүктө өзүнүн чеберчилигин жөндөмдүүлүгүн өзгөчө көрсөтө алган, Сары-Колдук жердешибиз Кубанычбек Оторбаев. Бул киши шакек, жүздүк, билерик, кулак сырга (сөйкө), турмуш тиричиликке керектүү үй-буюмдарды печка, накчекер, най жана башка нерселердин баарын өзгөчө чеберчиликте жасай алган. Үй тиричиликке керектелүүчү электро техникалык буюмдардын баардык түрлөрүн оңдоп ремонттоп калыбына келтирген.


Оторбаев Кубанычбекке бул өнөр тага-журту тарабынан өткөн. Себеби таятасы тагалары өнөрлүү адамдар болушкан. Кубанычбек жердешибиз Сары-Колдогу кол өнөрчүлүк устачылык өнөрүн таштабай кийин Кара-Балтага көчүп келгенде да улантып эмгектенип жүрүп 2019-жылы кырк тогуз жашында мезгилсиз жарык дүйнөдөн өтүп кетти. Бул колу чебер устаны Мургаб эли жакшы билет. Бирок устачылык өнөрдүн ээси бул дүйнөдөн өтүп кетсе да, аркасында калган балдары ,ата-жолун улап бүгүнкү күнгө чейин кол өнөрчүлүк устачылык менен алектенип Кара- Балта шаарында үй тиричилигине керектелүүчү заманбап электр буюмдарын оңдоп ремонттоп калкка кызмат көрсөтүп талыкпай эмгектенип жатат. Демек адам өзү өлсө да өнөр эч качан өлбөйт !


Сары-Колдук кыргыздардын көөнөрбөс улуу өнөрү атадан-балага укумдан-тукумга өтүп, кылымдар бою сакталып кала бермекчи ! Улуу журттун өлбөс өнөрү "Кол-Өнөрчүлүк" түгөнбөс соолбос көөнөрбөс Ата – мурас !

 

 1  2  3
 4  5  6
 7  8  9

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены