Кайрылмандарга маалымат жетишпейт (аудио/запись)

Кайрылмандарга маалымат жетишпейт (аудио/запись)

Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен Ооганстандан келген кыркка жакын адамдын жарымы "жайкы эс алууга барып келебиз" деп үйлөрүнө кеткен боюнча Кыргызстанга кайтып келишкен эмес.

 

Кыргыз тарап жетиштүү көңүл бура алган жокпу же ооган өкмөтү чек арадан чыгарбай жатабы? Кыргызстанда "Кайрылман" программасы кандай иштеп жатат?

 

"Арай көз чарай" талкуусуна өкмөткө караштуу Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева жана памирлик кыргыз Атилла Гувен, жергеталдык кыргыз Абдувахап Курбанов катышты.

 

"Азаттык": Самат мырза, 2017-жылы Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын жарымы жайкы каникулда үйлөрүнө кетишти эле, "кайра келишет" деген сөз болгон. Кайтып келиши кечеңдеп жатканынан улам коомчулукта ар кандай сөз чыгууда. Маселенин чоо-жайы эмнеде, алар келеби же келбейби?

 

Самат Токтоболотов: Мен быйыл июль айында экспедицияны баштап, Ооганстанга барчуларды жеткирип келгем. Биз туугандарга бул жактан жөнөп жатканда "Кыргызстанда мектепте окуу 1-сентябрда башталат, балдар окууга жетишпей калбасын, таштап эле кеткиле" деп айтканбыз. "Биз балдарыбызды таштап кете албайбыз, мал-жаныбыздан кабар алалы, туугандар менен учурашып келели" деп кетишкен. Өз ыктыяры менен кетишкен, өз каалоосу менен келишмек.

 

Биз кечээ жакында эле Улуу-Кичи Памирге гуманитардык жардам жеткирип келдик. Биздин мектептерде окуган балдар менен жолуктук, бир туугандарын көргөндөй аябай сүйүнүштү. "Жакында эле кышка даярдыкты бүтүрдүк, тоодон түштүк, эми Кыргызстанга кетүүгө даярбыз" дешти. Бирок Тажикстандан виза алууда бир аз маселе бар экенин айтышты.

 

Биз көп суроолор боюнча бизди коштоп жүргөн ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар "окууга бараткан балдарга жардам беребиз" деп калышты. Мына жакында эле маалымат алдык, виза ж.б. маселелер чечилип жатыптыр, 18 бала Кыргызстанга келет. Биз аларды тосуп алууга даярбыз. Өкмөт билим алууга умтулган балдарды окутууга басым коюп жатат. "Балдарды кармабай окууга жибергиле, Кыргызстан акысыз окутуп, таалим-тарбия берет" деп, акыркы жолу барганда туугандарга да айтып, түшүндүрүп келдик.

 

"Азаттык": Жаркын айым, Памирден келген кыргыздарды биринчи кабыл алган Нарын облусунун жергиликтүү бийлиги болду. Бирок коомчулукта "аларды кабыл алып, убактылуу жайларга жайгаштырып эле койгону болбосо ооган кыргыздарынын келечегинен үмүт арттыра турган аракеттер жасалган жок" деп сындагандар болду, буга эмне дейсиз?

 

Жаркын Ибраева: Ар кандай пикирлер болду, бирок көпчүлүк маалыматтар туура эмес айтылып жатат. Биз туугандарыбызды тосуп алып, жайгаштырып, көндүрүп, дагы көп жумуштарды жасаганга үч ай кетти. Андан кийин өздөрү "биз үч айлап отура албайбыз, иштесек болот эле" дешти. "Колуңардан эмне келет?" деп сурасак "мал бакканды жакшы билебиз" дешти. Ар бир райондон өкүлдөр келип, жумуштарды, башка жардамды сунуш кылышты. Үч тараптуу келишимдердин негизинде каалагандары жер-жерлерге барып иштеп келишти, маяналарын алышты. Балдары болсо окууларын улантып жатышты.

 

Жай келгенде "туугандарды сагындык, Памирге барып келели" дешти, уруксат бердик. Калган туугандардын баары Нарын шаарында жашап жатышат, Кочкордо эки үй-бүлө бар эле, алар да кайра Нарынга көчүп келип кошулушту. "Кочкордогу кошуналарымды сагындым" деп бир апабыз кайра-кайра айтып отурат. Балдары бала бакчага, мектепке киришти, ата-энелери жумушта иштеп жатышат, курулушта иштегендери бар. Албетте, бөтөн жерге көнүш кыйын, ага убакыт керек экен.

 

Бир топ мезгил өттү, азыр биз аларга, алар бизге көнүп калды. Аларга кошумча каражат каралган, ижара акысы төлөнүп жатат. Биз алардын каалоо-тилектерин, сунуш-пикирлерин дайыма угуп турабыз. "Өзүбүзчө айыл болсок, жерибиз болсо, мал бакканга шарт болсо" деген ойлорун айтышат. Биздин да оюбуз ушундай. Эгер өкмөт ушул маселелерди чечсе, алардын каалоосу болсо, биз жардам берүүгө даярбыз. Жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр тарабынан "жардам беребиз" дегендер көп.

 

"Азаттык": Абдувахап мырза, Кыргызстанда "Кайрылман" программасы бар экенин жакшы билесиз, анын үзүрүн четтеги кыргыздар, анын ичинде тажикстандык кыргыздар сезип жатабы?

 

Абдувахап Курбанов: "Кайрылман" программасынын үзүрү жок деп айта албайм, көп иштер болуп жатат. Четтен келген кыргыздарга эмне жетишпейт? Эң ириде маалымат жетишпейт. Кыргызстанда кайрылмандарга карата кабыл алынган чечимдер, эреже, мыйзамдар тууралуу маалыматтар элге жетпей жатат.

 

Кыргызстандагы бийликтин таянычы – айыл өкмөттөрү, маселелердин баары ошол жерде чечилет. Четтен келген кыргыздар жайгашкан айылдарда керектүү маалыматтар ошол жерде болсо деген тилек. Кыргызстанда ишке аша турган көп программалар кабыл алынат, "Кайрылман" программасы ошолордун катарында турса, алардын аткарылышы айыл өкмөттөрүнөн да суралса жакшы болот эле. Кээде майда эле маселелер айылдын деңгээлинде чечилбей жаткандан кийин биздин көп улутташтарыбыз кайда кайрыларын билбей жүрө беришет.

 

Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены