«Күйөөгө тийбей каламбы деп корком»: Нишанбүбү Орозова чатырдан кулап баспай калган (видео)

«Күйөөгө тийбей каламбы деп корком»: Нишанбүбү Орозова чатырдан кулап баспай калган (видео)

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынын 45 жаштагы тургуну Нишанбүбү Орозова Кантыевна кайрылмандардын бири. Тажикстандан көчүп келген.


22 жашында үйдүн чатырына чыгып, бели менен жерге кулап түшкөн. Ошондон кийин баспай калган Нишанбүбү турмушка чыккан эмес.


«Анда жаш кезим. Мындай кырсык болуп кетерин кайдан билдим. Ошондо чатырга чыкпаганда, жашоом, тагдырым башкача болмоктур. Ким билет...


Мургаб районунда жашап жүргөндө тамдын чатырына чыгып, мештин морун тазалайын дегем. Ошондо бутум тайып кетип, белим менен кулап түшкөм. Бир ай кыйналып жүрүп, андан соң бутум баспай калды. Ошондон бери ушундай жашоону өткөрүп келем. Мунун азабынан турмушка да чыккан жокмун.


Кээде отуруп ойлоном, мен дагы эл катары турмушка чыгып, балдарым болсо дейм. Өмүр бою күйөөгө тийбей, бала жытын жыттабай каламбы деп коркуп кетем. Мен азыр 45 жашка келдим. Болгон байлыгым бир туугандарым. Ошолордун жакшылыктарына күбө болсом дейм», - деди ал.


Нишанбүбү Орозова 1974-жылы Тажикстандын Мургаб районунда төрөлгөн.


«Мен Мургаб районунан келген этникалык кыргызмын. Кара-Балта шаарына 2004-2005-жылдары көчүп келгенбиз. Учурда Жайыл районунун Новониколаевка айылында оорулуу иним экөөбүз батирде күн өткөрүүдөбүз. Атам 7 жашымда каза болсо, апамдын каза болгонуна 4 жыл болду. Өзүм 5 бир тууганмын, 3 сиңдим бар. Алар турмушка чыгып, өз жашоосу менен.


Жөлөк пулубуздун жарымы батирдин акысына кетет. Инимди дайыма ооруканага көрсөтүп турушум керек. Өкмөттөн мен 4 миң сом алам, иним 1,5 сом жөлөк пул алат. Инимдин баш тамырлары кысылып, өзү менен өзү сүйлөшүп, башка адамдарга көңүл бурбайт. Оор жашоону баштан өткөрүүдөбүз. Бизге президентибиз турак үй жагынан жардам берсе деген үмүтүбүз менен кайрылдык. Мага окшошкон майыптарга кайдыгер карабаган адамдар бар деп ишенем», - деди ал.


Нишанбүбү Орозовага жардам берем дегендер 0779 11 53 69 номуруна чала алышат.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены