Фермерлердин биринчи слётун ACTED уюму колдойт

Фермерлердин биринчи слётун ACTED уюму колдойт

Союздан кийин мал чарбачылыгы, дегеле мал чарбасын өстүрүү аксап тургандыгы-чындык. Ал эми азыр, Жаратканга шүгүр, демекчи эгемендүүлүктүн берекелүү жылдарында мал чарбасын өнүктүрүү, өстүрүү, анын азык-түлүктөрүн пайдаланууга Тажикстан Өкмөтүнөн тартып Райондук Өкмөткө чейин өзгөчө көңүл бурулууда. Бул боюнча жайыттарды туура пайдалануу, коргоо боюнча Тажикстан Өкмөтүнөн атайын токтом кабыл алып, чет элдик инвесторлорду тартып, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө зор көңүл бурууда. Мал башын өстүрүү, чарбаларды өнүктүрүү боюнча гранттарды, насыяларды берип учурда колдоолор өтө эле көбөйүүдө. Алардын катарында Сүйүнтбек Таджидинов жетектеген АСТЕD уюмунун эл үчүн, жер үчүн, келечек үчүн кошкон салымын айтпай коюуга болбойт. Өзгөчө жайыттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча иштеп жаткан долбоордун башталышы менен фермердик чарбалардын ишинин жылышы ачык-айкын байкалууда.

 

Бул уюм жергиликтүү мамлекеттик уюмдар менен бирдикте, аны менен катар коңшулаш Кыргызстан менен биргеликте фермерлерге болгон колдоолорун, жардамдарын айтпай коюуга болбос. Кыргызстандын жети дубанынын фермерлеринин алдыңкы иш тажрыйбалары менен тааныштырып, бир нече жолу көчмө семинар кеңешмелерди уюштуруп, фермерлерди кыдыртып тааныштырып да келди. Натыйжада, мына ушул жылы Ыраң-Көл жамаатындагы өтүлүүчү фермерлердин, мал чарбачылыгынын слётунун , тегерек столунун өтүлүүсү да ушуга түздөн-түз байланыштуу.

 

Мургаб районунун Өкмөтүнүн төрагасы М.Жоошбаевдин тапшыруусу менен бул иш чараны өткөрүү иши Ыраң-Көл жамаатына тапшырылып, иш чараны АСТЕD уюмунун жетекчилиги колдоого алган. Өз кезегинде АСТЕD уюму долбоорлоду демөөрчүлөргө сунуштап, маселенин чоо-жайын толук түшүндүрүп, мына эми колдоп олтурат. Аталган иш чара-малчылардын слёту Союз таркагандан кийин дареги чыкпай калганы баарына маалым эмеспи. Мына эми Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн жылдарындагы фермерлердин, малчылардын биринчи слёту болуп районубуздун тарыхында кала берет. Бул иш чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп Тажикстан Өкмөтүнүн, Улут ажосу урматтуу Президент Э. Рахмондун саясатын колдоп, бул иш чараны баштап отурган райондун төрагасы М. А. Жоошбаевке, жергиликтүү Өкмөттүн бул демилгесин колдоого алып, долбоорлорду иштеп чыккан АСТЕD уюмуна, анын жетекчиси С. Таджидиновго жана донорлорго, аны өткөоүүнү мойнуна алган Ыраң-Көл жамаатынын төрагасы К. Раимжановко жана жамааттын жашоочуларына да фермерлерибиз да, малчыларыбыз да жана жалпы жашоочуларыбыз да ыраазы экендигин айта кетүүгө тийишпиз.

 

Аталган долбоорлордун алкагында “Коомдо, жайыттарды жана жаратылыш ресурстарын башкарууда аялдардын ролу боюнча агартуу маалыматтык иш-чарасы” кичи долбоору боюнча канчалаган чоң программадагы ыр-күү коштогон иш-чаралар өтүлдү. Бул долбоорлор Евросоюз тарабынан каржыланып, жер-жерлердеги фермердик чарбалык асоссацияларга кол- доолор көрсөтүлүп, иш столдору, китеп коюучу шкафтар, документ сактоочу сейфтер, компьютерлер ж.б. жардамдар берилгендиги мезгилдүү басма сөз каражаттары аркылуу элге кабарланып тургандыгы баарына белгилүү. Мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыттарды пайдалануудагы аялдардын эбегейсиз чоң ролу, райондун мал чарбасын өнүктүрүүдөгү белгилүү адамдар, алардын эмгектери, ошондой эле үлгүлүү иштердин негизинде жаштарды өрнөктүү өмүрлөрдөн таалим-тарбия алууга үндөгөн бул маанилүү иш чаралар, районубуздагы эл аралык ACTED уюму тарабынан “Жайыттарды туура пайдалануу жана туруктуу башкаруу” боюнча долбоорунун арымы жемиштүү улана берсин!

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены