Этникалык кыргыздар окуу жайларда акысыз билим алса болот. Документтерди кабыл алуу башталды

Этникалык кыргыздар окуу жайларда акысыз билим алса болот. Документтерди кабыл алуу башталды

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн бюджеттик орундарга сынак башталганын маалымдайт. Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытайдын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырышы зарыл:

- Министрдин орун басарынын атына арыз

- Анкета

 

etnikalyk-kyrgyzdar-okuu-zhailarda 1 etnikalyk-kyrgyzdar-okuu-zhailarda 2

 

- Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлүп, орус же кыргыз тилине которулган).

- Алган билими тууралуу документинин (аттестаттын же дипломунун) көчүрмөсү орус же кыргыз тилине которулуп, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек.

- Билиминин деңгээли тууралуу маалым кат (Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинен алынат).

- Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалым кат.

- Академиялык тармакта жетишкендигин тастыктоочу сертификаттар, грамоталар, дипломдор.

- Орус же кыргыз тилинде жазылган мотивациялык эссе – Кыргызстандын аймагында турган этникалык кыргыздар үчүн гана.

 

etnikalyk-kyrgyzdar-okuu-zhailarda 3

 

- 086-у формасындагы медициналык маалым кат.

- ВИЧ/СПИДдин жоктугу тууралуу медициналык маалым кат.

- 3х4 см өлчөмдөгү 6 даана сүрөт.

Кыргызстандын аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.

Кыргызстанда турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздар үчүн каралган ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси: жогорку окуу жайлардын жана багыттардын тизмеси.

 

etnikalyk-kyrgyzdar-okuu-zhailarda 4

 

Документтер күн сайын саат 14:00дөн 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылат. Дареги: Бишкек шаарынын Касым Тыныстанов көчөсү №257, Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү, тел.: +996 312 621519. Ошондой эле документтерди электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: icipd.moes@gmail.com


Көңүл буруңуз: Толук эмес жана кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин жөнөтүлгөн документтер каралбайт.

Тажикистан, Өзбекстан жана Кытайдын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргызстандын элчиликтери жүргүзөт.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Документтер 2020-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат. Кабыл алуу убактысы – 14:00дөн 16:00гө чейин.

Кошумча маалымат үчүн: Ташкент ш., Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көч. 6-проезд, 30-үй. Тел.: +998 712374796, +998 909009214, электрондук дареги: kgprotocol.uz@gmail.com.


Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2020-жылдын 5-сентябрына чейин.

Кошумча маалымат үчүн: Душанбе ш., С.Носиров көч., 56 «А» үй. Тел.: +992 887782223, электрондук дареги: kg@kgembassy.tj.


Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги

Пекин ш., 10/11 King's Villas 18, Xiaoyun Road, 100016, тел.: +86 01064681297, электрондук дареги: kyrgyz.embassy.china@gmail.com.


Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги

Документтер 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабы алынат.

Кошумча маалымат үчүн: Анкара ш., Turan Gunes Bulvari, Galip Erdem caddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450. Тел.: +90 312 4913506, +90 3124913507, электрондук дареги: b.bakytbek@mfa.gov.kg.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены