Эстелик туу менен сыйланган колхоздо

Эстелик туу менен сыйланган колхоздо

29-октябрда “Ленин-Жолу” колхозунда чоң салтанат болуп, музыка ойнолуп ыр ырдалды. Ал КПСС БКнын СССР Жогорку Советинин Президиумунун, СССР Министрлер Советинин жана ВЦСПСтин эстелик туусу, Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 5- жылдыгынын урматындагы социалисттик мелдеште жеңип чыккандыгы үчүн “Ленин-Жолу” колхозуна тапшырылып жаткандыгынын чоң салтанаты.

 

“Ленин-Жолу” колхозунун жалпы эмгекчилери колхоздордон, совхоздордон жана райондук мекемелерден барышкан өкүлдөр колхоздун клубуна чогулушту.

 

Президиумга СССР Жогорку Советинин депутаты, областтык партия комитетинин биринчи секретары М.Назаршоев, Тажик ССР Жогорку Советинин депутаты, Мургаб райондук партия комитетинин биринчи секретары Б.Додхудоев, райондук аткаруу комитетинин председатели О.Атабаев, райондук партия комитетинин бюро мүчөлөрү, колхоздордон, совхоздон ке- лишкен өкүлдөр жана “Ленин-Жолу” колхозунун жетекчилери, эмгек ветерандары келишкенде аларды залдагылар дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

 

estelik-tuu-menen-syilangan-kolkhozdo 2КПСС Борбордук Комитетинин, СССР Жогорку Советинин Президиумунун, СССР Министрлер Советинин жана ВЦСПСтин эстелик туусун “Ленин-Жолу” колхозуна тапшырууга арналган салтанаттуу чогулушту Мургаб райондук аткаруу комитетинин председатели О.Атабаев ачты. Салтанаттуу чогулушта ардактуу президиумга КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөлөрү жана мүчөлүгүнө кандидаттарды зор жогорулаш менен шайлашты.

 

Эстелик тууну эмгек ветерандары И.Акназаров, К.Ыбышов, К.Сатикулов, Ленин ордендүү Г.Абсатаров жана Жээнкуловдор клубка алып келишкенде бардыгы орундарынан турушуп кол чабуулар менен тосуп алышты.

 

КПСС БКнын СССР Жогорку Советинин Президиумунун, СССР Министрлер Советинин жана ВЦСПСтин эстелик туусун колхоз правлениясына тапшыруу үчүн сөз СССР Жогорку Советинин депутаты, областтык партия комитетинин биринчи секретары М.Назаршоевке берилди. Ал КПСС БКнын СССР Жогорку Советинин Президиумунун, СССР Министрлер Советинин жана ВЦСПСтин атынан, мына ошондой эле Толуу Бадахшан областтык партия комитетинин, областтык аткаруу комитетинин атынан “Ленин-Жолу” колхозунун колхозчу эр аялдарын жана бардык эмгекчилерди жогорку сыйлыкты алгандыгы үчүн куттуктады. Сөз “Ленин-Жолу” колхозунун алдыңкы чабаны “Тажик ССРинин мал чарбасынын мастери” Кабар Ыбышовго берилди. Ал мындай деди:

-Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы жана Совет өкмөтү биздин “Ленин-Жолу” колхозубуздун жалпы эмгекчилеринин эмгегин жогору баалап, жогорку сыйлыкты берип жатат. Партия менен өкмөтүбүздүн мындай камкордугуна мен чын жүрөктөн алкыш айтамын. Биз ушул жогорку сыйлыкка дагы баалуу эмгегибиз менен жооп беребиз.

 

Салтанаттуу чогулушка Киров атындагы сегиз жылдык мектебинин пионерлери келишип, куттукташты.

 

“Ленин-Жолу” колхозунун эмгекчилерин куттуктоо үчүн сөз Тажикстан КП Мургаб райондук комитетинин биринчи секретары Б.Додхудоевке берилди. Ал колхоздун жалпы эмгекчилерин кызуу куттуктоо менен колхоздун председатели жолдош А.Сатаркуловко Мургаб райондук партия комитетинин жана эмгекчилер депутаттарынын Мургаб райондук Сове- тинин аткаруу комитетинин куттуктоосун тапшырды.

 

Сөзгө чыккан “Булуң-Көл” совхозунун директору Н.Карабаев, Мургаб колхозундагы партия уюмуна секретары А.Абдалимов, Киров атындагы колхоздун председатели А.Шаиков жолдоштор куттуктоо сөздөрүн айтышты. “Ленин-Жолу” колхозуна келген куттуктоо телеграммаларын Киров атындагы мектептин директору Ы.Арзыбаев окуп берди.

 

Акыркы сөз колхоздун председатели А. Сатаркуловко берилди. Ал мындай деди:

-Совет бийлигинин даңктуу 50 жылдыгынын урматындагы Бүткүл Элдик мелдешке кошулган биздин колхоздун эмгекчилери быйыл мыкты эмгектеништи. Мына ошонун негизинде колхозубуз өкмөттүк сыйлыкка ээ болду.

 

Салтанаттуу чогулуштун катышуучулары КПСС БКга жана Совет өкмөтүнө куттуктоо катты кабыл алды.

 

Салтанаттуу чогулуштан кийин райондук маданий бөлүмүнүн өздүк көркөм чыгармачылыгынын чоң концерти болду.

 

«Мургаб коммунисти газетасы», №79 (1842),
3-ноябрь 1967-жыл, редактордун милдетин
убактылуу аткаруучу М.Султанбаев

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены