Элчи Өмүралиев Вандагы Памирлик кыргыздар менен жолугушууга барды (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Ван провинциясына иш сапары болуп ѳттү.

Үстүбүздѳгү жылдын 10-12 июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Ван облусуна иш сапары болуп ѳттү. 

Сапардын алкагында, Ван облусунун губернатору Мехмет Эмин Билмез менен жолугушуу болуп, Ван облусунун Эржиш районунун Улуу Памир (Улупамир)айылында жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселеси талкууланды.

 

elchi-m-raliev-vandagy-pamirlik-kyrgyzdar 1 elchi-m-raliev-vandagy-pamirlik-kyrgyzdar 2
elchi-m-raliev-vandagy-pamirlik-kyrgyzdar 3 elchi-m-raliev-vandagy-pamirlik-kyrgyzdar 4
elchi-m-raliev-vandagy-pamirlik-kyrgyzdar 5 elchi-m-raliev-vandagy-pamirlik-kyrgyzdar 6

 

Ван облусунун губернатору Мехмет Эмин Билмез менен болгон жолугушуу учурунда, элдин санынын ѳсүшүнѳ байланыштуу кошумча 200 турак жай куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү; айыл чарба муктаждыктарына кошумча жер тилкесин күрөөгө берүү маселесин чечүү, ар жылы ѳткѳрүлүүчү бирок акыркы 5 жыл ичинде ѳткѳрүлбѳгѳн маданият Фестивалын калыбына келтирүү, толук эмес орто билим берүү мектебинин ордуна толук орто билим берүү лицейин ачуу, ошондой эле «Ата Журт» этнокомплексинин иш-аракеттерин мындан ары да колдоо маселелери тууралуу макулдашылды.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Улупамир айылына барып, этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоодо болуп жаткан кѳйгѳйлѳрү жана жашоо шарттары менен да таанышты. Элчи айылдык жамаат менен болгон жолугушууда, Кыргызстандагы мекендештеринин атынан салам айтып, Кыргызстандын абалы тууралуу айтып берип, жашоочуларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Ал эми вандык Кыргыздар түзгөн Кыргыз түрктөрү маданият жана жардамдашуу коомунун Анкарадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Бүнямин Токер Элчи мырзаны коштоп баргандардын катарын толуктады.

Жолугушууда К.Өмүралиев Ван облусунун губернатору М.Билмез менен этникалык кыргыздарга колдоо кѳрсѳтүү тууралуу болуп ѳткѳн макулдашууларды билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстандан кыргыз тили жана музыка боюнча мугалимдерди жиберүү өтүнүчтѳрүнѳ, К.Өмүралиев аталган маселени чечүүгѳ Элчилик аракет кыла тургандыгын билдирди.

Ошондой эле, К.Өмүралиев Эржиш шаарына жакын Ван кѳлүнүн жээгинде 20 гектар аянтка жайгашкан, этникалык кыргыз Кенан Айтач түзгөн «Ата Журт» этнокомплексине барды. Этнокомплекс кыргыздардын маданиятын, каада-салттарын даӊазалайт. Этнокомплекстин аймагында боз үй, ат минүүчү жана жаа менен атууга атайын жер камсыздалган. Мындан сырткары бул жерде улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары да көргөзмөгө коюлуп турат..  

Маалымат катары: 1978-жылы Рахманкул хандын демилгеси менен памирдик кыргыздардын бир бѳлүгү  Ооганстандан көчүп кеткен. Кыргыздар биринчи Пакистанга көчүп келишкен, бирок, Памир тоолорунун катаал климатына кѳнүп калып, жаӊы ысык климаттык шарттарга отурукташа алышкан эмес. Рахманкул хандын БУУга жазган каты боюнча Аляскага кетмей болушат. Көп өтпөй эле Түркия мамлекети тарабынан жылуу кабар келип, памирдик кыргыздар Түркияга көрүп келишкен. 1983-жылы Түркиянын Ѳкмѳтү Улуу Памир айылын негиздеген, Түркиянын чыгышындагы Ван облусунун Эржиш районунан жер бѳлүп берген.

Учурда Улупамир айылында кыргыз тилин жана улуттук салттарын сактап келген үч миӊге жакын этникалык кыргыздар отурукташкан. «Вандык» кыргыздардын биразы Стамбул шаарына, акыркы жылдары Анкаранын Чубук районуна жана Түркиянын борбордук бѳлүгүнѳ (миӊге жакын)отурукташкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены