Боордошторго кайдигердик мамиле кылбайлык

Боордошторго кайдигердик мамиле кылбайлык

Саламатсыздарбы урматтуу Сарыкол элим өзүңуздөр билгендей Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл өкмөтүнө Чоң жана Кичи Памирден памирлик боордош кыргыздар көчүп келишкен. Ушул көчүп келген памирлик кыргыз боордошторубузду жергиликтүү эл аябай жылуу кабыл алып белектерини беришип, чоң колдон келген жардамдарыны берип жардам кылышты. Бир эле Сары-Могол тургундары эмес Алай жана коңшулаш Чоң-Алай районунун эли, райондордун өкмөттөрү да келишип ал акбалдарын сурашып, жакшы сөздөрүнү айтышып, жардамдарыны берип кетип жатышты.

 

Мен да элден калбайын деп боордошторго өзүмдүн үй бүлөөмдүн, Сарыкол элимдин атынан шартыма байланыштуу колдон келген жардамымды берип боордош эки баланы үйүмө чакырып тамак ашымды, кичине белектеримди берип, калпак кийгизип, чапан жаап жакшы сөздөрүмдү айтып койдум.

 

Мында мен өзүнчө өтө толкунданып капа болуп, көңүлүм чөгүп отуруп жердештерге эки ооз сөзүмдү айтып кетейин дедим эле туура кабыл алып койуңуздар.

 

boordoshtorgo-kaidigerdik-mamile-kylbailyk 2 boordoshtorgo-kaidigerdik-mamile-kylbailyk 3

 

Биз Сарыкол эли өтө улуу элбиз, биздин ата-бабаларыбыз кандай адамдар болгон. Айтарым бир дагын Сарыколдон, Кыргызтанда жашап жаткан жердештерден бири да келип боордоштордун ал акбалдарын сурап койбогондору өкүнүчтүү. Кудаага шүгүр жердештерибиздин жашоолору жакшы жана өтө байлары да көп, ажыга барып келген адамдарыбыз да аз эмес.

 

Бирок эмнегедир Сарыколдон, Кыргызстанда жашап жаткан жердештерден бир адам да басып койушбады боордошторго. Жок дегенде үч төрт аксакал болуп топтошуп, же Мургаб районунун өкмөтүнүн өкүлдөрү келишип боордоштордун акбалдарын сурашып, колдон келген жардамын берип койсо болбойт беле.

 

Сарыколдун чыгаан уулдары кайда, же биз ушунчалык майдаланып, патриоттук сезим жоголуп ушул абалда калганбызбы...

 

“Кара жаның кайда болсо багылат

Жеп ичериң эсеп жок табылат

Эң жаманы ачка калса жан дүйнөң

Адамдыгың арсыз болуп чабылат”

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены