Биздин ийгиликтер

Биздин ийгиликтер

2017-2018-окуу жылында №1 А.Ахмедшарипов атындагы жалпы орто билим берүүчү мекемесинин окуу жылынын 2-жарымында бир канча ийгиликтер болуп өттү.

 

Экология жана география сабагынан 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында класстан тышкары уюшулган “КВН-сабагы” билим таймашы, “Шайырлар жана тапкычтар клубу”, кыргыз тил-адабияттан 5-класстан 11-класска чейин “Манас таануу” интелектуалдык сабагы, математика сабагынан 5-9, 9-11 класстардын арасында 2-тайпада “Акыл ордо” уюшулуп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу бир аз да болсо артып, билимге болгон умтулуулары күчөдү. “Экология предметинин маданияты жана экология тарибия” боюнча этабын 2020-жылга чейин аткаруучу мамлекеттик программанын аткарылышы боюнча, атайын иш-план түзүлүп, үч жылдан бери илимий конференция, тегерек стол, диспут, адистер менен жолугушуу өткөрүлүп келүүдө. 5-май күнү 9-10-11-класстардын окуучуларынын катышуусу менен 5-конференция болуп өттү. Бул жолу 9-класстын окуучулары Т.Адылбеков, Ж.Таабалдиева, А.Жаманаңова, Ж.Тагаева, С.Тагаева, А.Абдикаримов, Г.Зулпидинова, “Тажикстандагы корук жайлар”, “Экологоияны коргоо кимдин милдети”, “Сары колдогу даары суулар” боюнча- илимий доклад окушту.

 

Экология пртедметинен окуучулар көптөгөн маалыматтарды алгандыгы жана ушул предметке кызыккандыгы маалым болду.

 

Ар бир доклаттан кийин катышкан окуучулар кызыгуу менен өз ой пикирлерин ортого салышып талкуулашты. Конференциянын акырында активдүү катышкан окуучулар граммота, дипломдор менен сыйланды.

 

Эмгектин үзүрү жерде калбай демекчи жогорку айтылган класстан тышкары кошумча оюн сабактарды уюштурган мугалимдерге ыраазычылык билдирем.

 

Сабактан кийин да класстан тышкары иштерди уюштуруп райондук, областтык, республикасынын кичи академияга окуучуларды даярдашып, мектеп ичинде азыркы замандын талабына шартыбыз дал келбесе да изденүү менен чымырканып, балдарга керектүү маалыматтарды берип, эмгектеништи.

 

Үзүрлүү эмгектин жыйынтыгы: 10-класстын окуучулары А.Максуталиева тарых сабагынан, Арзымамбетова химия-биология сабагынан, республиканын кичи академиянын чыныгы мүчөлөрү болуп өздөрүнүн күчү менен изилденген илимий иштеринин ийгилигине жетиштик. Учурдан пайдаланып Максуталиева Айпери менен Айтолкун Арзымамбетова өзгөчө ийгиликтерге жетишип, райондун сыймыктанган академиги болушуңарга тилектешмин. Изилдеген илимий ишиңердин үзүрүн көргүлө.

 

Ошондой эле жалпы Мургаб районунун жаш өспүрүп муундарына да кааларым, келечекте илимдүү-билимдүү жаштардан, профессор-академик болушуңарга тилектешмин.

 

"САРЫКОЛ" пресс

Атабаев Мухамедсадык,

№1 жалпы орто билим берүү

мекемесинин окуу бөлүмүнүн башчысы

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены