Башкы максатыбыз элге кызмат кылуу

Башкы максатыбыз элге кызмат кылуу

«Жовид» эл аралык кайрымдуулук уюму 2002-жылы августта уюштурулуп Тажикистан республикасынын юстиция министрлигинде 989-номер менен катталган. Кийин, 2007-жылы жана 2014-жылдары (№282-Б) кайрадан катталган.

 

Анын негизги иш аракеттери болуп, республикабыздын райондорунун айыл-кыштактарында калктын турмуш шартын түрдүү программалардын жана кеңештик кызматтар менен жаңы технологияны киргизүү жана өнүктүрүү аркылуу көтөрүү болуп саналат. Бул долбоор "Евросоюз" тарабынан каржыланат.

 

Ал эми долбоордун негизги максаттары болуп:

 

-Тажикистан республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу, өнүккөн технологияны жайылтуу жана көмөк көрсөтүү, фермерлерге кеңеш берүү кызматтары жана семинар тренингдерди өткөрүү ж.б. эсептелет.

 

"Жовид" уюмунун негизги иш-аракеттери Ишкашим жана Мургаб райондорунда ишке ашырылып бул күндө иштер кызуу жүрүүдө. Долбоордун ишине уруксат берген райондук өкмөткө анын төрагасы М.А.Жоошбаевке өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

 

Бул күнгө чейин, Мургабтагы райондук жаштар уюмунун кеңсеси ремонттон өткөрүлүп, түрдүү инвентарлар алынып берилди.

Райондогу СПТУ окуу жайына стол, стул, компьютер, ширетүүчү аппарат, кийим тигүүчү машиналар, телевизор ж.б. берилди.

Райондун №1, №14 жана №6 билим берүү мекемелерине спорттук инвентарлар алынды.

Аличор жамаатында жашоочу калкка уруктар алынып таркатылды.

 

Баарына белгилүү болгондой, мектеп окуучуларынын арасында түрдүү конкурстар өткерүлүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Бул иштери үчүн коомдук уюмубуздун дарегине элдин алкыштары айтылууда.

 

Жакында ишкерлер менен, билим берүү тармагынын кызматчылары менен семинар-тренингдер өткерүлдү. Буйруса, келечекте дал ушул семинарларда сөз болгон кичи ишкердүүлүк аракеттеринин негизинде кыска убакыттык курстар уюштурулуп, андан кийин демилгелүү ишкерлер менен алгылыктуу иштер боло бермекчи. Бир сөз менен айтканда "Жовид" коомдук уюмубуз сиздердин кызматьңыздарда.

 

Орозбеков Г.Д, “Жовид" уюмунун уюштуруучусу.
"САРЫКОЛ" гезити
сентябрь 2016
www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены