Асманга ок атып, алтын, акча кыстаруу жана миң доллар калың: Вандагы Памирлик кыргыздардын үйлөнүү тою

asmanga-ok-atyp-altyn-akcha-kystaruu-zhana-mi-dollar 1 8Түркиянын Измир шаарында докторлук иши менен алектенип жаткан кыргызстандык Дастан Разак уулу Ван провинциясындагы Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздардын үйлөнүү тоюна күбө болду. Ал вандык кыргыздар — 27 жаштагы Вели менен 23 жаштагы Нурселдин үйлөнүү тоюнда байкаган өзгөчөлүктөр, айырмачылыктар тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

 

Вандык кыргыздардын үйлөнүү тою

Ван кыргыздарынын үйлөнүү үлпөт тоюндагы салттар боюнча буга чейин күбө болгон адамдар материалдарды жарыялап жүрүшөт. Аларды окуп, угуп, тойду өзүм көргүм келип кызыкчумун. Быйыл Вандагы Улуу Памир айылына барып калып, үйлөнүү тойго да күбө болдум.

 

Памирлик кыргыздар Ала-Тоодогу кыргыздардан салт-санаасы жагынан көп айырмаланып турат эмеспи. Булар Памирден келгенине 36 жыл болсо да өз каада-салттарын сактап келе жатышат. Албетте, чөйрөнүн таасири менен түрктөрдүн да айрым салттарын колдоно башташкан. Үйлөнүү той боюнча мен өз көзүм менен көргөн, уккандарымды айтып берейин.

 

 

Ванда жаштар ар кандай шартта үйлөнүшөт. Мурда көбүнчө ата-энелер тарабынан кудалашуу менен да үйлөнүшсө, азыр жаштар өз ара табышып, анан ата-энелерине билдиришет экен. Мен күбө болгон тойдо жаштар да өз ара табышып, үйлөнүп жатышыптыр.

 

Бул жакта шарларды, тасмаларды унааларга байлап алып, үлпөт көйнөгүн, костюм-шым кийип, кооз жерлерге барып сүрөткө түшүү, кечинде тойканаларда той өткөрүү деген түшүнүк такыр жок. Тойго даярдык бир-эки күн мурда эле башталат. Өздөрүнө тиешелүү тамак-аш, мал союу, үрп-адаттарга даярдык көрүшөт. Ал эми тойдон бир күн мурда бата той болот экен. Мында айылдагы бүт кишилер чакырылып, тамак-аш жеп, эки жашка баталарын берип кетишет. Бата той эртең менен башталып, түшкө жетпей бүтөт. Бата той өткөндөн кийин, чыныгы той башталат экен.

 

Той негизинен кыздын үйүндө болуп, эртең менен эле башталат. Той болуп жаткан жерге барганыбызда мал союлуп, казандар асылып, тамактар бышырылып жатыптыр. Ал жерде кызмат кылган бир нече адамды жолуктурууга болот. Улуу памирлик кыргыздарда той болгон күнү аялдар башка, эркектер башка бөлмөдө отурушат экен. Кошуналар дагы тойго келгендерди үйлөрүнө алып кирип, сый тамак бергенине күбө болдум. Конок келе турган үйгө дасторкон жайып, боорсок, таттууларды ортого үйүп коюшуптур. Улам келген адамдар үйгө кирип, боорсок менен чай ичип чыгышты.

 

Аялдардын бөлмөсүндө да ошол эле көрүнүш. Чай ичип чыккандар тойдун жүрүшүнө күбө болсо болот. Ал эми жумушу барлар үйүнө кетип, иштерин уланта беришет. Бул арада той таттуу болсун, эки жаштын жашоосу жакшы болсун деген тилекте табакка толтура таттууларды салып, элге, аксакалдарга таратып жатышты. Мага да конок экенсиң деп аксакалдарга бергендей таттуулардан алып келип беришти. Чогулган элдин жанында конфеттерди чачканда жаш балдар талашып терип алышты.

 

Аш алды салты

Үйлөнүп жаткан жигит тараптан алынып келген таттуулар, тамактар менен аш алды деген салты жасалат экен. Тойдон бир күн мурда жигит тараптан кой союлуп, бүтүн боюнча бышырылып, ичеги-карындары өзүнчө, жиликтери өзүнчө капка, куржунга салыныптыр. Экөөнүн тең оозу аялдар тарабынан чеберчилик менен билинбей тургандай кылып тигилет экен. Жигит тараптан барган аялдар ошол куржундагы этти кыздын үйүнө алып кирип, эки тараптагы аялдардын катышуусунда этти кабыл алуу жараяны башталат. Кап менен куржундун оозун билдирбей тигүүнүн себеби да бар экен. Эгер кыз тарап каптын оозундагы тигилишти таба албай калса, алар кайра бир кой союп же чапан, кийим жаап, баалуу буюм бериши керек. Ал эми каптын оозун чечүү милдети кыз тараптагы сыйлуу аялга берилет. Каптын оозуна жип менен кошо билерик же шакек тигилет экен.

 

Бул айылдан кыргыз кызды келин кылып алган түрк аял да чогуу отурган эле. Шакектин бирин ал алса, экинчисин ошол жердегилердин бирөөсү алды. Аялдар каптын оозун чечишкенден кийин койдун жиликтерин, жөргөм, быжыны эсептеп алышты. Эгер жиликтерден бирөө эле кем болсо жигит тарап кайра бир кой соёт экен.

 

Каптан жиликтерди чыгарышып, бир бөлүгүн ошол жердегилерге таратып беришти. Экинчи бөлүгүн башка бөлмөгө киргизип коюшту. Аш алды жараяны бүткөндөн кийин да майда-чүйдө салттар болуп турат экен. Мен бул арада күйөө бала жана кыздан кабар алуу үчүн жөнөдүм.

 

Күйөө бала менен кыз тойдо бир жерде отурушпайт. Той күнү эки тарап тең эртең менен жолугуп, күйөө баланы даярдашат. Күйөө бала бул күнү кыздын үйүнө жакын үйдө өздөрүнүн улуттук кийимин кийип, жолдоштору менен отурду. Бул арада ал үйгө кыз тараптан ар кандай тамак-аштарды улам алып келип жатышты. Ал эми жолдоштору аны зериктирбөө үчүн көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышат экен.

 

Күйөө бала отурган үйгө мен да баш багып, таанышып, куттуктап чыктым. Ал эми кыз тойдун башынан аягына чейин жигит отурган жердеги жакын үйдө курбулары, жеңелери менен өздөрүнүн үлпөт көйнөктөрүн кийип, оюн-зоок куруп, ырдап, бийлеп жатышты. Негизинен кыздар кызгылт, кызыл түстөгү кийимдерди кийишет. Аларда кызыл түс кыздар турмушка чыга электигин билдирсе, турмушка чыккан келиндер ак түстө кийинишет экен.

 

Кыздар бийлеп жаткан үйгө эркектер кирүүгө болбойт. Ошентсе да бир көрүп, байкайын деп баш бактым. Алыстан эле дүңкүлдөгөн музыка угулуп жаткан. Кыздар түрк, кыргыз музыкаларына бийлеп жатышты. Мен киргенде кыз-келиндер уялып, бийлебей коюшту. Мен ал жердеги салт менен таанышып жүргөнүмдү айтып, өз салтыңарды уланта бергиле десем да тартынышты. Айла жок, турмушка чыгып жаткан кызга жолугуп, бакыт каалап, ал жерден чыктым.

 

Кийим кийгизүү салты

Той күнү түштөн кийин — саат 15:00 чамасында күйөө баланы үйдөн чыгарып, айылдын четиндеги мектептин короосуна алып келишти. Бул жерде күйөө балага кыз тараптан кийим кийгизүү салты болуп, анын жанында жолдоштору турушту. Бирок эмнегедир жолдоштору улуу кишилер эле. Кыз тарап берген кийимди жолдоштору алып, күйөө баланын байпак, шым, көйнөк, галстук, костюм, чапан, көз айнегинен бери алмаштырып, башына узун ак кездемеден селде орошту. Аны афганистандыктардын селделерине окшоштурдум.

 

Кыз тараптагы жеңелер, кыз-келиндер күйөө баланын чечилген кийимин алууга аракет кылып жатышты. Ал эми жолдоштору, туугандары аларды бекем катып, түйүнчөккө катып коюшту. Эгер кыз тарап чечилген кийимдерди алса, жигит тарап кайра акча төлөп кайтарып алышат экен.

 

Күйөө балага кийим кийгизүү салтын жашынан карысына чейин эркек-аял, кыз-келиндер, уландар жана жаш балдар да карап турушту. Ал эми күйөө баланы кийинтип бүткөндө жолдоштору да көк, кызыл түстөгү чепкендерди кийишти. Мындан кийин коңшу-колоң, дос-тууган, тааныштары күйөө баланы куттуктап, чепкендин жакасына акча кыстарышты. Айрымдар алтын беришет экен. Ал эми бул салт түрк элинин үйлөнүү тойдогу салты.

 

Андан кийин 4-5 жигит 100-200 метр алыстан асманга бир нече жолу ок атышты. Менин оюмча, бул да түрктөрдүн тоюндагы көрүнүштөрдөн болуп саналат.

 

Өлөң ыры

Кийим кийгизилип, асманга ок атылгандан кийин мектептин короосунан чыгышты. Күйөө баланы жанында улуу курактагы кишилер коштоп, колдорундагы кызыл чүпүрөктү булгалап ырдап баратышты. Муну өлөң деп коюшат экен. Улуу кишилер жолдош болуп, өлөң ырдаганынын себеби — жаштар өлөң айтууну, анын маанисин билишпейт экен.

 

Күйөө бала отурган үйгө чейин кайра жай темп менен басып ырдап барышты. Эмне тууралуу ырдап жатканын түшүнүү абдан кыйын, ал жердегилерден сурасам биз да түшүнбөйбүз дешти. Негизинен жакшы сөздөр менен ырдап жаткандай, бирок биздин кошокко окшоп угулат экен.

 

Күйөө бала мурда отурган үйгө кайра барып, түн кирип, колуктусу менен жолугушканга чейин кандай аба ырайы болсо дагы костюм, чепкен, селдесин чечпей отурат экен. Мындан кийин кыздын үйүнө айылдыктарды толук чакырып, тамак беришти. Жайылган дасторконго 4 чоң табакка салынган ашты коюп, артынан эт тартылды. Коноктор аш менен этти жеп, артынан чай, суу ичип, бата берип чыгышат экен.

 

Мындан кийин жилик талашуу жана чап улак деген салттары жасалат. Жилик талашуу салтын көп кылбай калышыптыр, мен катышкан үлпөттө да кылышкан жок. Дароо эле улак чабуу же көк бөрү оюнун күн батарга жакын башташты. Негизинен көк бөрү оюну ар тойдо айылдын четинде ойнолуп турат экен.

 

Нике жана кыз кыңшылатуу

Мен көк бөрү оюнун көрүүгө кеткен учурда нике кыюу жана кыз кыңшылатуу сыяктуу жөрөлгөлөр жасалып бүтүптүр. Айтып бергендерине караганда, эки жаштын никеси да өзүнчө даярдалган үйдө кыйылат. Ал үйгө келинди жеңелери үстүнө кызыл чүпүрөк жаап алып коштоп келишет. Ал жерде кыз туулган жерин таштап, башка бүлөгө кетип бара жаткан сезимдерин билдирип, үн чыгарып ыйлайт экен. Бул учурда жеңелер кызга жабылган кездеменин ичине кирип, кызыл жолуктун ордуна келиндер салынуучу ак жоолукту салышат. Үйгө киргенден кийин артынан күйөө баланы алып кирип, босогого тизелеп отуруп, жеңелери менен бирге нике кыя турган адамдарды күтөт. Нике кыйылып бүткөндөн кийин күйөө бала жолдоштору менен мурунку отурган үйгө кайтып, көңүл ачууну улантышат.

 

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көп салттар азыр аткарылбай, түрктөрдүн айрым салттары жасалып калды. Ал эми бул тойдо кызга бере турган калың мурдатан 1 миң доллар деп чечилиптир. Ашыкча эч нерсе берилбейт.

 

Дастандын айтымында, Вандагы кыргыздардын чоңдору кыргызча сүйлөшсө, балдары кыргыз жана түрк тилдерин аралаштырып сүйлөшөт.

 

-------------------------------

 

26 жаштагы Дастан Разак уулу 2016-жылы Түркиянын Измир шаарындагы Докуз Ейлүл университетине тарых боюнча докторантурада (PhD) билим алууга барган. Ал Ош облусунун Алай районунда өскөн.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены