Анатай Өмүрканов: "Памир" десе мага "Талас" дегендей эле угулат

Анатай Өмүрканов: "Памир" десе мага "Талас" дегендей эле угулат

Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүрканов менен кичүү кесиптеши, жазуучу Мирзохалим Каримовдун памирлик кыргыздар тууралуу маеги.

 

- Анатай аба, өмүр баяныӊызда "Эмгек жолун Тажикстандын Мургап районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган" деп жазылып жүрөт. Демек, Тоолуу Бадакшандагы кыргыздар жашаган Памирде иштеп келген экенсиз. Ал жерге кантип барып калдыӊыз?

 

- Тагдырымды туура жолго багыттаган бир үзүм өмүрүм тууралуу абдан жагымдуу суроо болду бул. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ. - Ред.) филология факультетин бүтүргөндөн кийин, бир нече жаш мугалим өзүбүзчө кеӊешип, Тажикстандын кыргыздар жашаган тоолуу Мургап районуна барабыз, улутташтардын уул-кыздарына сабак беребиз деп макулдашканбыз. Министрликтен атайын жолдомо да алган элек. Бирок шериктеримдин бардыгы Оштон ж.б. жерлерден жумуш таап, ал жакка барбай калышкан.

 

anatai-m-rkanov-pamir-dese-maga-talas-degendei-ele-ugulat 2Мен көздөгөн максаттан кайтпадым. Аялым экөөбүз кете бердик. Мына ошол тагдыр чечээр жолдон адашпаганыма азырга чейин кубанам. Ошентип, дүйнөнүн чокусундагы улутташтар бизди абдан жылуу тосуп алышты. Барган күнү эле эки бөлмөлүү үйгө жайгаштырышты.

 

Ошол бойдон элге аралашып кеттим. Орто мектепке мугалим болуп орноштум. Тажрыйбалуу мугалимдер менен иштей баштадым.

 

Кийин жөн эле иштеп жүрө бербей ошол жердеги кыргыздардын урматтуу адамы болуп калган атактуу тилчи-окумуштуу агайым Жээнбай Мукамбаевдин жардамы менен жергиликтүү улутташтардын бир нече улан-кыздарын КМУга кирип, окуусуна көмөктөштүм. Алар окууну бүтүп, ошол элдин билим берүү тармагында иштеп жүрүшөт азыр.

 

- Мургапта канча жыл иштедиӊиз?

 

- Беш жыл иштедим. Мургап деген өзүнчө бир касиеттүү жер. Башкалар эмне дейт билбейм, бирок мага абдан жаккан. Албетте, климаты өтө татаал. Бозоргон тоолор, какыраган талаалар. Дарак өспөйт, мөмө жемиш бышпайт. Тоолордо чийдей болгон ичке чөптөр, кийик оту, шыбак өсөт. Ал эми аркар, теке, илбирс деген ал жерде толтура. Кыскасы, өзүнчө бир сыйкырдуу дүйнөдөн өмүрүмдүн аягына чейин жете турган турмуштук да, чыгармачылык да чоӊ байлык же энергия алып келдим деп айта алам.

 

- Кыргызстанга келгенден кийин Мургапты сагынып жүргөндүрсүз?

 

- Ооба, келгенден кийин ал жердеги улутташтарды кадимкидей сагынып, көп жылдар бою кат аркылуу кабарлашып жүрдүм. Ал жерде көпкөк болуп турган Ыраӊ-Көл деген ажайып көл бар, Чырак-Таш деген сыйкырдуу таш бар, күнү-түнү күйүп турган. Бул ажайып сулуулуктар байкаган, билген адамды өзүнө тартат экен. Ошого азгырылат экенсиӊ.

 

Мына ошол сыйкырдуу табиятка жипсиз байланып, көп жылга чейин андан алыстай албадым. Аларды азырга чейин көз алдыма элестетем, эстейм, сагынам, кайра көргүм келет. Азыр ойлоп көрсөм, бул жер мага аябай катуу таасир эткен экен.

 

Ошол себептен "Памир" десе кулагыма "Талас" дегендей эле угулуп, жүрөгүм булкунуп алат. Өмүрүмдүн жарымы ошол касиеттүү бийик тоолордун арасында өтүп кеткендей сезиле берет. Мен бул элдин баарын бир тууганымдай көрүп калганмын. Алар мен үчүн баатыр эл!

 

- Сизден башка дагы кимдер барып иштеп келгенин билесизби?

 

- Мен барганда Мурза Гапаров келип, Токтомуш деген айылдагы мектепте иштеп кеткен деп айтышкан. Эрнис Турсунов эки жылдай иштеп кетиптир. Экөөн теӊ көргөн эмесмин, ал кезде. Акын Өмүрбек Тиллебаев кийинчерээк барып, бир жыл мугалим болуптур.

 

- Сиз иштеп жүргөн жылдары Мургапка кыргыз тилиндеги адабий китептер, окуу куралдары, гезит-журналдар Кыргызстандан үзгүлтүксүз жеткирилип турган. Советтер Биримдиги ыдырагандан кийин бул иш чоӊ көйгөйгө айланганын угуп жүрсөӊүз керек?

 

- Союз доорунда бардыгы жакшы болгон. Кыргызстан окуу куралдарын камсыздап турганын билем. Бирок система бузулгандан кийин алардын бардыгы токтогонун айтып жүрүшөт. Ошол жердеги бир ууч кыргыз окуучулардын окуу куралдарын Кыргызстан өзү каржылап жеткирип турса, абдан сооп иш болоор эле. Бул үчүн эки жумурияттын Билим берүү министрликтери астейдил кеӊешип, ырайымдуу чечим чыгарышы зарыл деп эсептейм.

 

- Белгилүү жазуучу Мурза Гапаров Мургапта иштеп жүрүп мыкты чыгармаларына пайдубал боло турган баа жеткис адабий байлык менен келгенин билесиз. А сизчи, сиз да ошондой байлык менен келдиӊизби? Мургап сиздин да чыгармачылыгыӊызга таасир эткен десек болобу?

 

- Ырас, Мурза Гапаров ошо касиеттүү жерде, ошо бийик тоолордун арасында жүрүп, абдан мыкты чыгармаларын жазган. Памир мага да таасир кылган, менин да чыгармачылык тагдырымдын каалгасын кенен ачкан деп айта алам.

 

1972-жылы жыйырма чакты ырым "Ала-Тоо" журналына жарыяланып, чыгармачылык чырагым жанды. Анан ошол эле жылы алгачкы жыйнагым да жарык көрдү. Жыйнакка да жакшы баа берилди. Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов сыяктуу чыгаан акындар ырларыма жылуу пикир жазып, чыгармачылыгыма ак жол каалашты. Памирден башталган адабий илхамым ого бетер оргуштаган. Ошондон бери Памирди эч унута албай келем.

 

Памир – менин кан-жанымда жүгүрүп турган ары сыйкырдуу, ары ыйык экинчи мекеним. Ошону үчүн "Памир десе Талас дегендей эле угулат мага" деп айтып жүрөм. Асман тиреген бийик тоолору, жайылып жүргөн топоздору азыр деле көз алдымда элестеп турат. Топоздору кандай жакшы, айраны коюу да, майлуу да. Кыз-келиндердин катуу суукта топоз саагандарын көргөнүмдө таӊ калганмын.

 

Эл ошондой катаал климатка, анча-мынча адам чыдай албаган татаал турмушка көнүп калыптыр. Мал багуу да оӊой эмес бул жерде. 6000 метр бийиктикте чөп-чар анчейин деле өспөйт.

 

Мал суюк өскөн кийик отун жеп, туздуу таштарды жалап коюп жүрө берет. Суюк өскөн ошол чөптөр малды абдан семиртет экен. Мургапта жалаӊ кой, эчки жана топоз гана багылат. Бийик тоолордо эчки, теке деген жайнайт.

 

Кыскасы, ушундай сыйкырдуу жерден чоӊ олжо менен кайтып келгенмин. Эгер Памирге барбаганымда, азыркы сыйлык-наамдарыма жете албасам керек деп ойлоп калам. Ошол бир ууч элдин батасы, ошол сыйкырдуу жердин шарапаты менен көп нерсеге жетиштим.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены