Алайга Памирден 9 үй-бүлө көчүп келди (видео)

Алайга Памирден 9 үй-бүлө көчүп келди (видео)

Ош облусунун Алай районуна памирлик 9 үй-бүлө көчүп келди. Бул маалыматты Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматилла Саитов тастыктады.

 

9 үй-бүлө кечээ, 23-декабрь күнү Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн Сары-Могол айылына көчүп келишкен. Алар Х.Алимсеитов орто мектебинин эски имаратына жайгаштырылды.

 

«Буга чейин биздин айылга памирлик 2 үй-бүлө көчүп келген. Кечээ дагы 49 адам көчүп келди. Учурда жыл аяктап калгандыктан аларга бюджеттен акча каралган эмес. Ар тараптан берилген жардам менен жашап турушат», - деди Р.Саитов.

 

alaiga-pamirden-9-i-b-l-k-ch-p-keldi 2 alaiga-pamirden-9-i-b-l-k-ch-p-keldi 3

Сүрөттөр Мирбек Үметалиевге таандык

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены