Алайдагы памир (ооган) кыргыздарынын айрымдары билим алуудан баш тартышты

Алайдагы памир (ооган) кыргыздарынын айрымдары билим алуудан баш тартышты

Ош облусунун Алай районуна Ооганстандан көчүп келген этникалык кыргыздар кыргыз тилин бир жумадан бери үйрөнүп жатышат. Бирок алардын айрымдары кат таануудан баш тартышууда.

 

Сары-Могол айылынын башчысы Рахматилла Саитов «Клоопко» эки мугалим 50 памирликтин 36сын окутуп жатканын билдирди.

 

«Эч кимиси кат тааныбагандыктан Алиппе китеби менен тамга таануудан башталды. Аялдардын арасында окуудан баш тарткандары да бар. Алар негизинен үй кожойкелери. Ыктыярына каршы окута албайбыз», — деди Саитов.

 

Анын айтымында, түшкө чейин эркектер, түштөн кийин аялдар менен балдар окуп жатышат. Алар үчүн Сары-Могол айылынын мектебинен класс берилген. Баары сабатсыз болгондуктан, жаш өзгөчөлүгүнө карап класстарга бөлүнгөн эмес.

 

Өткөн жылдын аягында Ооганстандан Алайга он үй-бүлө көчүп келген. Алар Сары-Могол айылынын эски мектебине убактылуу жайгаштырылган.

 

Этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга аталган райондун Талды-Суу айылынан 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрелинде башталмакчы.

 

Өкмөт тарабынан памирликтердин тамак-ашына акча каражаты бөлүнө элек. Аларга жергиликтүүлөр, жеке ишкерлер жардам беришүүдө.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены