Айдоочунун баяны: Айына 1 жолу Памирден Ошко каттаган соодагерлер же тойго келген Мургабдыктар

Айдоочунун баяны: Айына 1 жолу Памирден Ошко каттаган соодагерлер же тойго келген Мургабдыктар

Тажикстандын Мургаб районунун айрым тургундары азык-түлүктөрдү Ош шаарынан алып кетишет. Мургабдан Ош шаарына каттаган айдоочулар жолдогу кыйынчылыктар жөнүндө аймактык кабарчыга айтып беришти.

 

35 жаштагы Бактияр Жумабековдун айтымында, жолдо көп деле кыйынчылыктар боло бербейт. Бирок кар көп жааган учурда жол тосулуп, каттам токтоп калат.

 

«Мен Мургабдын Кызыл-Рабат айылынан болом. 10 жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташып киреше табам. Ош—Мургаб жолунан 4 ашууну ашып өткөндүктөн, жолдун узактыгы 9-10 саатка созулуп кетет. Кар көп жааганда каттам 10 күнгө чейин токтоп калат. Чек арадан кыйынчылыксыз өтөбүз. Алай районунун соңку айылы болгон Сары-Могол айылына чейин жолдор тегиз, жакшы каралган. Андан кийинки жолдор каралган эмес. Ашуу ашканда кыйынчылыктар жаралбайт. Жол кире мезгилге жараша өзгөрүп турат. Жаз-жай мезгилдеринде жол кире 1500 сом болот. Андан кийин суук түшүп, кыш келгенде 1700 сомдон башталат», - деди Бактияр Жумабеков.

 

Ал айына бир жолу Ош шаарына келип, азык-түлүк сатып алып кеткен тургундар бар экенин билдирди. Айдоочу Оштон Мургабга же Мургабдан Ошко каттаган жүргүнчүлөр аз болгондуктан, айына 4-5 жолу каттамга чыгат.

 

«Мен 10 жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташыйм. Ар кандай жүргүнчүлөр болот. Оштон айына бир жолу азык-түлүк алып кеткен жүргүнчүлөр унааны өздөрү жалдашат. Жүргүнчүлөрдүн ичинен Ошко туугандарынын тоюна келгендер көп болот», - деди айдоочу.

 

Учурда Ош—Мургаб каттамында 10дон ашык айдоочу иштейт. Бир айдоочунун унаасына жүргүнчүлөрдү толтуруу үчүн 2-3 күн күткөнгө туура келет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены