Абдылдабек Алымбек Датка уулунун күмбөзү оңдоп-түзөөгө муктаж (сүрөт)

Абдылдабек Алымбек Датка уулунун күмбөзү оңдоп-түзөөгө муктаж (сүрөт)

Тажикстандын Мургаб аймагынын Баш-Гүмбөз айлында жайгашкан Алымбек Датка менен Курманжан Датканын уулу Абдылдабек баатырдын күмбөзү оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу Орозбек Муратов өз фейсбук баракчасына жазып чыкты.

 

Сары-Кол Чыгыш Памир сайтынын маалыматтына танясак, бул жердин аты Баш-Гүмбөз деп аталып калганы Абдылдабектин өмүрүнө байланыштуу. Бул жөнүндө төмөнкүдөй бир тарыхый окуя эл арасында айтылып жүрөт.

 

Абдылдабек орустардан качып Сарыкол аркылуу Ооганстанга өткөн, башкача айтканда Бадахшан аркылуу Кабул шаарына барат. Кабулда ал өзүнүн жигиттеринен жарадар болуп кайра жерине кайтат. Катуу жараланган Абдылдабек азыркы Башгүмбөз турган жерге келгенде оорууга чыдабай эс алып, өргүмөк болот. Анткени ал жер оттуу, суулуу, шиберлүү жер болгон. Ошондо ооруулуу Абдылдабек жанындагы коштоп келе жаткандарга кайрылып:

 

Элим Алай толбоду,

Эңкейсем канат болбоду

Калкым Алай толбоду,

Кайгырсам канат болбоду.

Кокон колго кирбеди

Жигитим кымкап кийбеди

 

деп арманын айтып көз жумат. Ошондо Абдылдабектин мүрзөсүн казышып ошол жерге беришип, анын үстүнө чоң күмбөз тургузушат. Ошондон улам бул жер Баш-Гүмбөз деп аталып калган. Айрым маалыматтарга таянсак анын жүрөгү туулуп-өскөн аймагына алынып келип көмүлгөн.

 

abdyldabek-alymbek-datka-uulunun 3 abdyldabek-alymbek-datka-uulunun 4

 

Эске салсак, Абдылдабек Алымбек датка уулу – кыргыздын баргы уруусунан чыккан. Ал айтылуу алайлык Алымбек датка менен анын жубайы Курманжан датканын тун уулу. Абдылдабек Ош шаарынын акими болгон. Кокон хандыгынын эгемендүүлүгү үчүн падышалык Орусиянын баскынчылыгына каршы баатырдык менен күрөшкөн.

 

1876-жылы январда Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүштө Пулат ханды (Молдо Исак Асан уулун) колдоп чыккан. Ал эми Кокон хандыгы биротоло мамлекет катары жоюлуп, анын аймагы Орусиянын карамагына өткөндөн кийин генерал М.Д. Скобелев жетектеген падышалык аскерлердин баскынчыл жортуулдарына каршы күрөшүп, бул салгылашууда көп колун жоготкон ал кошууну менен Ооганстанга ооп кеткен.

 

abdyldabek-alymbek-datka-uulunun 2

 

Сүрөттөр Сары-Кол Чыгыш Памир сайтынан алынды.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены