Жердештер ооруканаларга жардам берүүдө (видео)

Жердештер ооруканаларга жардам берүүдө (видео)

Кыргыз элинин башына оор иш келип турганда Сары-Колдук жердештерим четте карап турбай колдорунан келишинче жардамдарын берип келишүүдө.

Бүгүн Мургаб районунан көчүп келген жердештер коптон бери кары жашы дебей иштешип, Кара-Балта шаарындагы оорукананын терапия бөлүмүнүн иштерин бекер бүткөрүп тапшырдылар.

Ушундай иштерде өз эмгегин аябай иштеген жердештерибиз Орозбек, Асамидин, Имаш, Бакыт, Алмаз, Алмаз уулу Адилет.

Баарына Алла ыраазы болсун !