Жээнбеков oоган президенти менен Памирдеги кыргыздар тууралуу сүйлөштү

Жээнбеков oоган президенти менен Памирдеги кыргыздар тууралуу сүйлөштү

26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин сайтты жазды.

 

Эки өлкө лидери региондогу коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кызматташууга даярдыгын билдиришти.

 

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылыгын айтты.

 

Ооганстанда саясий тирешүү ушул айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Анда азыркы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылган. Бирок анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла 10-мартта жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган. (TSh)