“Жаз периси” конкурсу

“Жаз периси” конкурсу

15-март күнү Назар Карабаев атындагы №12 жалпы билим берүү мекемесинде жаш эже- келер арасында “Жаз периси” конкурсу болуп өттү. Бул конкурстун негизги максаты жаш эжекелерди келечекте алдынкы мугалугалимдерден болушуна даярдап жана ага үндөө.

 

Аталган конкурска Мургаб райондук Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын аялдар жана үй-бүлө менен иштөө секторунун башчысы Сафаргул Мубаширова, Бегайым Камчыбекова жана мектептин мугалимдери катышты. Конкурска атайын калыстар тобу түзүлүп, “Жаз периси” конкурсуну мектептин аялдар кеңешинин төрайымы Эркингүл Ташматова алып барды. Конкурста жаш эжекелер кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүү менен бирге, даамдуу кыргыздын улуттук тамак аштарын, улуттук кийимдерин көршөтүштүү. Коңкурстун өтүшүндө ыр-күү жана бийлер коштоп, катышуучулардын көңүлдөрүн көтөрүштү.

 

Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан “Жаз периси” наамы биология мугалими Абдираимова Темирханга, “Мыкты кожойке” наамы ма- тематика мугалими Ахунбаева Жумагүлгө, “Ажарлуу айым” наамы кыргыз тили жана адабият мугалими Жапарова Гулкайырга, “Жез оймок” наамы информатика мугалими Садирбеква Зулфияга ыйгарылды.

 

Ал эми конкурстун соңунда катышуучу жаш мугалим эжекелерге мектептин агайлары тарабынан даярдалган белектерди жана акчалай сыйлыктарды Назар Карабаев атындагы мектебинин директору Алайчыбек Орозов тапшырды.