Жаш-кары дебей 1-класста окуп жаткан памирлик кыргыздардын карантиндеги билим алуусу

Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнө көчүп келген памирлик кыргыздар да аралыктан билим алып жатышат. Бул тууралуу Х.Алимсеитов атындагы орто мектебинин директору Орозбек Исмаилов билдирди.

 

Анын айтымында, Памирден көчүп келген 35 жаранга 2 мугалим аралыктан сабак өтүп жатышат.

 

zhash-kary-debei-1-klassta-okup-zhatkan-pamirlik-kyrgyzdardyn 1 zhash-kary-debei-1-klassta-okup-zhatkan-pamirlik-kyrgyzdardyn 2

 

«Жаш курагына карап, 2 класска бөлүнүшкөн. 8 жаштан 16 жашка чейинкилер өзүнчө, 17 жаштан 47 жашка чейинкилер өзүнчө окушат. Алар телефонду жакшы колдонушат. Мындан улам бардык программаларды тез өздөштүрүп алышты. Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрация тарабынан буга чейин сыналгылар берилген. Жетпей калгандарына мектептен бердик. Памирлик кыргыздар кызыгуу менен окуп жатышат. Сыналгыдан сабактарды көргөндөн кийин мугалимдер алар менен кайтарым байланышка чыгышат. Ошону менен катар биздин мектепте 1128 окуучу билим алат. Аларга да аралыктан билим берилип жатат», - деди О.Исмаилов.

 

Памирлик кыргыздардын бири Нийматилла Абдували уулунун айтымында, алар WhatsApp аркылуу окуп жатышат.

 

«Бизге тапшырмаларды беришет. Аларды аткарып, кайра жөнөтүп жатабыз. Карантинге байланыштуу үйдөн чыккан жокпуз», - деди Н.Абдували уулу.

 

Памирлик кыргыздардын баары 1-класстын программасы менен окуп жатышат. Памирден Сары-Могол айылына 11 үй-бүлө көчүп келген.