ЫРЫС АЛДЫ ЫНТЫМАК

ЫРЫС АЛДЫ ЫНТЫМАК

Эшигин көрүп төрүнө өт, тазалык эң керек нерсе, тазалык болсо ден соолук болот-демекчи биздин Курбантай айылы районубуздун башында турат. Биздин айыл 9 жолдун тоому, жаз алды менен районубузга коноктор көп келет, айылыбыз жол жээгинде жайгашкан. Быйыл жаз алды менен айылыбыздын жашоочулары Нооруз майрамына карата 16- 17-март күндөрү ишембилик өткөзүштү.

 

Бул ишембиликте айылыбыздан өткөн дарыянын жээгин, жолдун жээктерин жана маркумдарды yrys-aldy-yntymak 2жашыруучу мазарыбыздын айланасын тазалашты. Элдер өздөрүнүн ынтымактуулугун көрсөтүшүп, биздин айыл эки улуттан тургандыктан, кыргыз-тажик дебей намызыбыз бир болуп, аксакалдар, балдар, аялдар баары жапа-тырмак иштешти. Ынтымак бар жерде ырыс бар-демекчи, айыл жашоочуларынан көптөгөн жакшы иштер болот деп ишенебиз.

 

Курбантай көчөсүнүн көчө комитети Джусупов Абилмажитт