Урумкалиева: 10 миңден ашык кыргыз «кайрылман» макамын ала албай жүрөт

Урумкалиева: 10 миңден ашык кыргыз «кайрылман» макамын ала албай жүрөт

Кыргызстанда миграция саясаты аябай чаржайыт болуп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева билдирди.

 

Анын айтымында, миграциялык саясат каралбай калып, бул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн мекемелер бири-бирине шылтап, айып пул салуу жаатында гана кызмат көрсөтүп калган. «Чет мамлекеттен келген канча жаран бар?» — десе, эч ким билбей, бирин-бири карайт.

 

«Чет элдик жарандардын электрондук тизмеси УКМКга карайт» дешет. Бирок ал жакка беш орган кирет деп жатат. Мен бул маселе менен баарына кайрылып көрдүм, бири-бирине шылтайт. Эч ким миграция жөнүндө саясат жүргүзбөйт, анан айып пул салганга эле укмуш да. Айып пул салгандан мурда «мамлекетке келем, атуулдук алам» деп жаткан жарандарга шарт түзүп бериши керек эле», — деди Урумкалиева.

 

Ошондой эле ал коңшу мамлекеттерден келген кыргыздар жарандыкты, 10 миңден ашык этникалык кыргыз «кайрылман» макамын ала албай жүргөнүн кошумчалады.