ТУРКИЯ: Памир кыргыздары "Улуу Памирден-Кыргызстанга" жардам акциясын башташты

ТУРКИЯ: Памир кыргыздары "Улуу Памирден-Кыргызстанга" жардам акциясын башташты

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын тургундары жана Түркиянын ири шаарларында жашаган вандык кыргыздар Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү демилгесин колдоп, жардам акциясын башташканын кабарлашты.

 

"Улуу Памирден - Кыргызстанга" аттуу акциясында улуу памирликтер акчалай жардам топтоп, Түркиядан Кыргызстанга медициналык жабдык жөнөтүүнү максат кылышат. Айыл тургундарынын демилгесин мамлекеттик кызматта жана менчик ишканаларда иштеген вандык кыргыздар да колдоорун билдиришкен.

 

Улуу Памир айылында 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү - мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

 

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет.

 

Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн.