Туризмди өнүктүрүү стратегиясы

Туризмди өнүктүрүү стратегиясы

Урматтуу Мургаб районунун жашоочулары!

 

Баарыбызга белгилүү болгондой эле үстүбүздөгү 2018 жыл, Улут көсөму, Улуттук биримдиктин жана тынчтыктын негиздөөчүсү, Тажикстан Республикасынын Президенти урматтуу Эмомали Рахмон тарабыдан “Туризмди өнүктүрүү жана элдик кол өнөрчүлүк” жылы деп жарыяланып бул багытта бир канча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

 

Мургаб районунун төрагасынын 31-август 2018-ж. №263 токтому, ТБАОнун төрагасынын 17-август 2018-ж. №249 токтому, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1-август 2018-ж №372 “Тажикстан Республикасында 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүү жөнүндө Стратегиясы” Токтомуна ылайык бир ай мөөнөт убагында Мургаб районунда туризмди өнүктүрүү жөнүндө стратегия иштелип Тажикстан Республикасынын туризмди өнүктүрүү Комитетине бекитүүгө сунушталат.

 

Ошол себептен туризм тармагында иштеп жаткан субъектилер, мамлекеттик уюмдардын кызматчылары, туристтик фирмалар, мейманкана ээлери, айдоочулар, жалпы Мургаб районунун жашоочуларынын эсине, 2019-2022 жылдарына, 2022-2027 жылдарына, 2027- 2030 жылдарына ар бир төрт жылдык туризмди өнүктүрүү жөнүндө Стратегия иштелип чыгат.

 

Мургаб районунда туризм, элдик кол өнөрчүлүк, улуттук тамак аш, кийим кече, оюн-зооктор, маданият тармагы, кызмат көрсөтүү, жалпы эле инфраструтктураны өнүктүрүү боюнча сунуш ой пикириңиздерди Мургаб райондук мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын туризмди өнүктүрүү секторуна же

тел № +992 550153455,

ватсапп +992919483128 номерлерине,

gov.murgab.tour@mail.ru даректерине кайрылсаныздар болот.

 

"САРЫКОЛ" пресс

К.Колчокбаев,

Мургаб райондук турзимди

өнүктүрүү сектор башчысы