«Темир усталар» конкурсу

«Темир усталар» конкурсу

26 апрель күнү райондук Өкмөттө, Мургаб районунун төрагасынын орун басары Х. Ражабованын жана райондун төрагасынын чечими менен атайын түзүлгөн комиссиянын курамынын катышуусу менен “Темир уста” конкурсу өткөрүлдү.

 

Конкурстун алдында Тоолуу Бадахшан Автономиялуу Облусунун төрагасынын 04 февраль 2019 жыл №36 чечиминин, Таджикистан Республикасынын Президентинин 13 декабрь 2018 жыл №АП-1140 мыйзамынын, Мургаб районунун төрагасынын 23 февраль 2019жыл №58 Таджикистан Республикасынын 2019-2021 жылдарда “ Салт сана жана эл өнөрчүлүк” майрамынын Фестивалын өткөрүү боюнча чечиминин аткарылышы жөнүндө жана Таджикистан Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Саякатты өнүктүрүү комитетинин 02 01 19 жыл №51/1-30 Президентинин мыйзамын аткаруу негизинде Темир усталыгы менен эмгектенгендер боюнча “Темир уста” Фестивалын өткөрүү телеграммасы жөнүндө, Райондук туризмди өнүктүрүү секторунун башчысы Колчокбаев Өмүрбектин билдирүүсү угулуп, өтүлүүчү конкурстун негизги максаты боюнча кеңири түшүнүк берди.

 

Мында бир эле ширетүү иштеринен тышкары салтыбызда же илгери ата бабаларыбыз колдо кылган буюмдары сыяктуу эле азыркы усталардын колдо кылган буюмдары камтыларын белгиледи. Конкурска райондун жамааттарынын усталары катышты. Конкурска катышкан усталар өздөрүнүн колдо жасаган буюмдарын көрсөтмөсүн көрсөтүштү.

 

Андан соң комиссиянын курамы усталардын колдо кылган буюмдарын көрүшүп, усталардын ар биринин кылган буюмдарына, эмгектерине баа беришип, комиссиялар ыраазылыктарын айтышты.

 

Бул конкурстун жыйынтыгында биринчи орунду Г. Бердибаев жамаатынын тургуну К. Эминов, экинчи орунду Мургаб жамаатынын тургуну К. Атабеков, үчүнчү орунду Кызыл-рабат жамаатынын тургуну К. Шаимкулов ээ болуштулар.

 

«Сарыкол»-пресс.