Тажикстандыктар кыргыз жарандыгын көп алып, лидерликте турат

Тажикстандыктар кыргыз жарандыгын көп алып, лидерликте турат

Акыркы беш жыл аралыгында Кыргызстандын атуулдугун Өзбекстандыктар көп алган. Алардын жалпы саны 12 миң 383 адамды түзөт. Ал эми 2019-жылдын акыркы он айында кыргыз жарандыгын алуу үчүн Тажикстандыктар көп кайрылган жана алар лидерликте турат. Айтсак, он ай ичинде 1219 тажик атуулу кыргыз жарандыгын алган. 5 жыл аралыгында болсо алардын саны 8 миң 285 адамды түзгөн.

 

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү боюнча буйрукка өлкө президенти кол коет. Акыркы жолу Сооробай Жээнбеков андай буйрукка 2019-жылдын 30-декабрында кол койгон. 2015-жылдан бери жалпысынан кыргыз жарандыгын 22 миң 356 адам алса алардын 80 пайызы этникалык кыргыздар. Акыркы бир жарым ай ичинде кыргыз атуулдугун 978 адам алса кыргыз жарандыгынан 493 киши чыгып кеткен.