Taжикстанда тургундар чек аранын жабылышынан жапа тартууда

Кыргызстан чек араны бир тараптуу жаап койгондон кийин, Мургаб, Жерге-Тал районунан студенттер Кыргызстанга окуусуна кайта албай, соода да солгундап кетти.

 

Бишкектин тургуну Нурмухамед Болотбеков "Азаттыкка" Мургабдагы туугандары менен кабарлашып, буларды билгендигин баяндады:

- Телефондон байланышсам, жол жабык, студенттер келе албай калды деп айтышты. Көмүр бир аз кымбаттаптыр, көмүрдү Мургабга Алайдан тартып келишет эмеспи. Машина, техниканын баарын өткөрбөй жатыптыр. Чек ара бекетинен адамдар гана жөө өтүп жатышыптыр.

 

Баткенден айырмаланып, Мургаб, Жерге-Тал райондорунда Кыргызстан менен бийик ашуулар аркылуу бирден гана катуу кайтарууда чек ара өткөөлдөрү бар. Атын атагысы келбеген жергеталдык ишкердин айтымында, чек аранын жабылышы менен, соода үзгүлтүккө учурап, эки тарап тең чыгымга дуушар болуп жатат.

 

Аталган аймактардын тургундары азык-түлүк, керек-жаракты негизинен Кыргызстандын түштүгүнөн сатып алышат.