Тажикстан Мургаптагы “Ак-Жылга” күмүш кенин Кытайга берди

Тажикстан Мургаптагы “Ак-Жылга” күмүш кенин Кытайга берди

«Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча Тажикстандын парламенти Сары-Кол өрөөнүндө жайгашкан “Ак-Жылга” күмүш кенин кытайлык инвесторлорго берүүгө макулдук берди. Ошондой эле кытайлык компанияны жети жылга салыктан бошотту. Талдоочулар күмүш кенинен Тажикстандын бюджети эч кандай каражат албай калышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

 

Кытайлык компанияга берилген Ак-Жылга күмүш кени Тажикстандын Мургаб районунда, Чыгыш Памир тоолорунда деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жайгашкан. Бул өлкөдөгү эң бийик жерде орун алган кен.

 

-Инвестор кенди иштетүүгө 40 миллион доллар каражат салууга, калдык сактоочу жай курууга, электр зымын тартууга жана башка иштерди аткарууга милдеттүү. Инвестор өзүнө үч жыл аралыгында жумушчулардын 60% жергиликтүү элден боло турганына милдеттенме алып жатат. Андан кийин бул сан 80% чейин жетет. Жумушчулардын квалификациясын жогорулатууга инвестор жылына 50 миң доллар жумшашы керек, - деди инвестиция боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Фаррух Хамрализода.

 

Жыйында парламенттин төмөнкү палатасынын спикери андан «күмүш кенин кытай компаниясына берүүдөн Тажикстан кандай пайда табат?» деп сурады. Ага министр «пайда салык түрүндө болот» деп жооп кайтарды.

 

Бирок макулдашууда кытай компаниясы салык төлөөдөн жети жылга бошотулганы камтылган. Андан тышкары техникаларды жана жабдууларды алып кирүүдө төлөмдөр жокко чыгарылган.

 

Тажикстандык эксперттер бул келишимден өлкө кандайдыр бир пайда табарынан күмөн санап турат. Ал эми Тажикстандагы «Азия-плюс» өкмөттөгү булактарына таянып, күмүш кенинин кору 205 тоннаны түзө турганын жазды.